ИЙГИЛИКТҮҮ МЫРЗА, КАЯКТАСЫҢ?..

№814 8-июнь -14-июнь, 2018-ж.

Канчалык талаш-тартыш болгону менен, жигиттер кыздардын сулуулугуна азгырылышса, кыздар жигиттердин ийгиликтүүсүн карашат. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. А бирок ошол ийгиликтин кушун кармаган мырзаны көбүнчө кай жактан жолуктурууга болот? Кызыктуу суроого кызыктуу жооп издейбиз.

ИЙГИЛИКТҮҮ МЫРЗА ДЕГЕН КИМ?
Ийгиликтүү, демек, акчалуу. Акчалуу, демек, олуттуу жумушу же бизнеси бар. Ийгиликтүүсү ошол бизнестин эбин билип, андан кантип киреше табарына көзү жеткен, жашоодон ордун тапкан адам. Мындай адам кимге гана жакпайт? Анын үстүнө азыркы заманда. Чөнтөгү калың – чымыр денелүүдөн артык. Экөө тең бир эле адам болсо артыңызды бир кылчайып көрсөңүз болот. Павел Дуровду жолуктуруп алган жоксузбу?.. Ал эмес болсо шашпай туруңуз. Ийгиликтүү мырзанын артынан сая түшөлү. Ал каякта болушу мүмкүн?

РЕСТОРАН, КӨРГӨЗМӨЛӨР
Светтик кечелерден баштайлы. Себеби мындай кечелерде алар өзүнө керектүү адамдар менен жолугуу, кези келсе бири-бирине мактанып алуу, же албетте, сулуу бийкечти жолуктуруу үчүн барат. Көрүнгөн эле кафе эмес, даамдуу менюсу бар ресторан. Түнкү клуб үчүн курак башка, ал жакка караганда ар кандай тематикалык көргөзмөлөр, же болбосо салтанаттуу ачылыштарда жолуктурууга мүмкүнчүлүк жогору.

КОФЕЙНЯ
– Шекерсиз капучино.
Ийгиликтүү мырзанын таң алды дареги – кофейня. Тасмалардагы ийгиликтүү мырзалардын кофе ичип жатканын көрсөңүз керек. Чынында эле ошондой. Жаңы күн жагымдуу кофе менен башталат. Кофе бул адат, демек, бир күнү кайсы кофейняга келген болсо, эртеси да ошол жакка баруусу ажеп эмес.

ЖУМУШ
Ийгиликтүү адам иш аркылуу ийгиликке жетет. Демек, ал көп байырлаган жер – анын жумуш орду. Анын көпчүлүк убактысы көп кабаттуу бизнес-борборунда же кеңседе өтөрү турган иш. Албетте, мындай адамдардын жумушу кеңсе менен эле чектелип калбайт. Ар түрдүү конференциялар, жумуш боюнча сүйлөшүүлөр, иш-чаралар жана башка ушул сыяктуу учурлар кездешүүсү ыктымал. Кеңселердин биринде иштегендер үчүн ийгиликтүү мырзаны жолуктуруу мүмкүнчүлүгү жогору.

ТРЕНИНГ
Акылдуу адам ар дайым мыкты болууга далалат кылат. Андыктан ийгиликти көксөгөн адам ар түрдүү тренинг же курстарга барууга убакыт бөлөт. Мындай жерлер ийгилик издегендер үчүн өзүнүн жетишкендигин баалоо менен башкалардын ийгилигин баамдап көрө алчу жай. Тренингдерде интеллектуалдуу, ар кыл темада сүйлөшө билген кызыктуу адамдар чогулары белгилүү эмеспи.


ТИЛ КУРСТАРЫ
Бизнес-тренингдерден ылайыктуусу көзгө учурабаса, анда ийгиликтүү мырза чет тилин үйрөнүп жатат. Ал ишин илгерилетип, чет өлкөлүк инвесторлор менен сүйлөшүү үчүн, албетте, чет тилди үйрөнүүнү көздөйт. Андыктан тил үйрөнүүгө убакыт табат. Бул жалпы тил курстары гана эмес, өз алдынча окутулган курстар да болуусу мүмкүн.



ФИРМАЛЫК ДҮКӨНДӨР
Үлгүлүү жигит – үлгүлүү кыздардай эле. Окшош табитте жана окшош жерлерге барышат. Куп жарашкан костюм үчүн фирмалык дүкөн же бутиктерден кийинет. Беделдүү фирмалардын кийимдери ийгиликтүү мырзалар үчүн. Жарашыктуу кийим өзүнө болгон ишенимдин жарымын түзөт. Андыктан «Gucci», «Armani» же «Ermenegildo Zegna» анын табитинде. Бул тизмеге фирмалык автосалондорду да кошсо болот.



ФИТНЕС-КЛУБ, СПОРТ ЗАЛДАР
Ийгилик коштогон адам өзүн караганды унутпайт. Ал спортко көңүл кош карабайт. Ашыкча салмактын ордуна ичтеги пресс түбөлүк модада экендигин түшүнөт. Жумасына жок дегенде бир жолу болсо дагы фитнес-клуб же спорт залга барууну адатка айлантат. Өзүн калыпка келтирген ийгиликтүү мырза өзүнө ылайыгын карайт эмеспи. Чогуу машыгып калуудан корксоңуз, анда чогуу сууда сүзүңүз. Бир гана фитнес-борбор менен чектелбей, бассейн да көңүл чордонунда. Мындан тышкары гольф ойноочу жай, теннис корттор, боулинг жана башка спорт борборлоруна көңүл бурса болот.

САЯКАТ
– I am traveling around the world.
Бул сүйлөм өөн учурабашы керек. Иш чачтан көп болсо, демек, эс алуу дагы ойдогудай болуусу керек. Ойдогудай эс алуу – бул чет өлкөгө болгон саякат. Бекет, аэропорттордун бизнес-класс, VIP орундары, виза берилүүчү жайлар бул адамдар үчүн.
Ийгилик көбүнчө аны сая кууп издегендерге эмес, издөөгө убакыт таппагандарга келет. Банктык эсептеги миллиондор башкы максат эмес. «Ийгиликтүү мырзанын жашоосунда болуубул «кыялы чорт» унаада кетип бараткандай» деп айтылат. Анткени мындай унаа сөзсүз жаңы ачылыштар жана укмуштуу окуялар менен коштолот. Айланаңызга жакшылап көз чаптырыңыз, балким, сиздин ийгиликтүү мырзаңыз жаныңызда эле жүрбөсүн. Аны карап билүү үчүн сизден да аракет керектигин унутпаңыз. Ошондой эле эң башкы кеңеш – мырза кандай болбосун аны ийгиликке жеткирүү аялдын колунда. Сиз ийгиликтүү мырзанын эң мыкты инвестициясы боло аласыз!


Эркин Сексенбаев
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -3 
Комментарийлер(24)
12.06.2018. 09:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+57
Ийгиликтуу мырзаларга турмушка чыкпай эле, жонокой мырзага баш кошуп, чогуу ийгиликке жетели. Бышкан ашка жулунбай. Супер инфо андан коро кантип ийгиликтуу адам болуу керек деген темада жазсанар пайдалуураак болмок.
12.06.2018. 09:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+28
Элестет мужской бутикте костюм коруп журсон кайсы кыз ал жака кирет
12.06.2018. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
Жөнөкөй эле мырза болгон жакшы кетменди желкеге койюп талаага барып пахта чапкан сонун фитнес болсо керек.ийгилике жетүү үчүн кофе ичип күндө кофейняда жүрө бербей чарба менен алектенип жетсе да болчудай)).
12.06.2018. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
койччууай
12.06.2018. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
кызыктай эле маалымат экен.уялып кеттим,акчалуунун артынан чуркаган кыздар үчүн...
12.06.2018. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Жаман жийиркентет го ийгиликттү мырза эмес жөнөкөй карапайым мырзалар жөнүндө жазсанар боло.Кыздарды жаман үндөбөй ийгиликтүү мырзалар кыздарды да ийгиликтүк кылып алмаштыраарын эстеринен чыгарышпаса болду
12.06.2018. 23:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
jamakeev2015,
тууууура айтаасыыыын++++++++++++
12.06.2018. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Шаардык кыздар барышы мумкун. Менин бир тааныш кызым синдисин байга тийсин деп, атайын кымбат кийим кийгизип ресторандарга, ар кандай иш чараларга жиберет. "Состоятельный кандидатттар"ошол жерде коп болот. Байга тийгенге шансы кобуроок деп. Мен тангалгам. Эми буюрганын корот да депчи.
12.06.2018. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Админ эмнеге жазганым коменттарийге чыкпай атат
12.06.2018. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Бирок азыркы жашоо ушуну талап кылып калбадыбы? Турмушка чыгып куйоосу м.н Россияга барып мигрант болуп иштеп үй салып кыйналып жүрүшөт го.Ошондой болгусу келбегендер ийгиликтүү мырза издейт да
12.06.2018. 21:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Азыр ийгиликтуу уйлоном деген эркектин баары Москвада,тема деп эле кайдагыны жаза бербей ойлонуш керек да э бир аз.
13.06.2018. 00:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Чындап айтайынбы, азыр "эркек"терди табуу кыйын. Баары эле майдаланып бараткандай. Ал гана эмес менин байкашымча соц.тармакка, ушак-кепке комментарий берген эркектер көбөйдү. Чын ай... Менин оюмда эркек деген майда баратка көңүл бурбаган, соц.тармакты тиктегенче телевизордо футбол көоүшсө жакшы болмок
18.06.2018. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Brejneva, туура айтасыз, мен эле ушинтип ойлоймунбу десем, коп кыздардын азыркы замандын мырзаларына болгон коз карашы ушундай экен. Мен учун байлык эч кандай роль ойнобойт Болгону адамгерчиликтуу, тын эле болсо болду.
13.06.2018. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Орустардын статясын которуп алганго. Бул кыргыздын менталитетине туура келбейт
13.06.2018. 19:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кызыктай эле жеңил желпи макала экен.
13.06.2018. 20:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Нееет.нормальная тема.норм статья
13.06.2018. 21:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Ийгиликтуу мырзалар, жай намаздын устундо тушунгонго!
14.06.2018. 17:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Maero,Созуно кошуламын
15.06.2018. 03:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Maero,Маерого кошулбай болобу))) Сөзүңүздү кош колдоп, колдойбуз))))
14.06.2018. 19:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атканада
16.06.2018. 05:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Илгери эркектер эркекпиз деп огуз которушсо, азыркы эркектер соз которо албайт. ( баары эмес албетте) ийгиликтуу мырзаны издеп тан азандан кофейняны, анан кенселерди, магазиндерди, фитнести андыйбызбы. Кудай насип кылса тоонун
17.06.2018. 19:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ийгиликтуу мырзамды эрте менен уйдон жумушка узатам)).Озу тапкан мени)
18.06.2018. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Фитнес клубданбы же китепканаданбы, же болбосо башка бир жерденби баары бир буюрганы да )))

19.06.2018. 03:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин "Ийгиликтүү мырзам" одноклассникиден табылган, ха-хаааа)))))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо