Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ПИКНИККЕ ЖӨНӨДҮК. ТҮРЛӨП ДАСТОРКОН ЖАЙЫҢЫЗ

№814 8-июнь -14-июнь, 2018-ж.

Шишкебек пикниктин салттуу даамы экени баарыбызга маалым. Бирок жаратылыш коюнунда андан да даамдуу тамак-аштарды, ал тургай десерттерди жасоого болот. Бул рецепттер сизге кереги тиет деген ойдобуз.

«КУШ УЯСЫ» БУТЕРБРОДУ

Керектелүүчү азыктар:

Тегерек же сүйрү булочка
– 10 даана

Жумуртка – 10 даана

Каймак май – 50 грамм

Колбаса – 100 грамм

Сыр – 100 грамм

Даярдоо ыкмасы:

1. Булочканын үстү жагын кесебиз. Бул биз жасап жаткан даамдын «капкагы» болмокчу. Булочканын жумшак жерин ныгыра басып, ичине каймак майдан сүйкөйбүз.

2. Колбасаны майда туурап, сырды сүргүчтөн өткөрөбүз.

3. Булочканын ичине колбасадан салып, үстүнө бир жумуртканы чагабыз. Андан соң үстүнө сүргүчтөн өткөрүлгөн сырдан себелеп, «капкагы» жабылат.

4. Булочканы фольгага ороп, мангал-грилде 10-15 мүнөт кактап бышырабыз. Дасторконго коёрдо бетине майда тууралган көк чөптөрдөн себелеп коёбуз.


ВИТАМИНДҮҮ ЧАЛАП

Керектелүүчү азыктар:

Айран – 0,5 литр

Алма – 3 даана

Суу – 1 литр

Райкан же жалбыз – 2 талча

Туз – 0,25 чай кашык

Даярдоо ыкмасы:

1. Айранга тузду жана бир аз суу кошуп жакшылап аралаштырабыз.

2. Алмаларды жууп, данектерин тазалап, жука кыйгачынан туурап, айранга кошобуз. Алманын ордуна бадыраңды пайдалансаңыз да болот.

3. Эми айранга жалбыз же райкандын жалбырагын кол менен үзүп-үзүп салып аралаштырабыз.

4. Калган сууну айранга куюп аралаштырып, 1 саатка муздак жерге коё турабыз. Бул аралыкта чалапка алманын, жалбыздын даамы чыгып, ичкенге жарактуу болот.


ШИШТЕГИ КАРТОШКА

Керектелүүчү азыктар:

Картошка – 1 килограмм

Койдун куйругу – 100 грамм

Маринад үчүн:

Зайтун майы

Лимон ширеси

Горчица

Сарымсак

Калемпир

Орегано

Петрушка

Даярдоо ыкмасы:

1. Үйдөн эле картошканы жууп, тоголок бойдон кайнатып чала бышырып алыңыз. Эң негизгиси ал эзилип кетпеши керек.

2. Койдун куйругун жука кылып 4-5 сантиметр өлчөмүндө кесип алабыз.

3. Бир идишке маринадга керектелүүчү азык, татымалдардан (өлчөмүн табитиңизге жараша колдонуңуз) салып, аралаштырып, картошка менен койдун куйругунун үстүнө куюп, 1-2 саатка тыныктырып коёбуз. Андан соң картошка менен куйрукту шишке кезектештирип тизип, мангалдагы чокко кактап бышырып алабыз. Шишкебектин бул түрүнө табитке жараша баклажан, болгар калемпирин, помидор, пияз кошсоңуз да болот.

4. Бышкан картошка шишкебегибизди жашылча салаттары менен берсек болот.


ШАБДАЛЫ ДЕСЕРТИ

Керектелүүчү азыктар:

Шабдалы – 500 грамм

Кумшекер – 3 аш кашык

Корица – 0,5 чай кашык

Печенье – 100 грамм

Каймак май – 10 грамм

Йогурт – 1 стакан

Даярдоо ыкмасы:

1. Шабдалынын данегин алып, жука кыйгачынан туурайбыз. 6-7 бөлүккө бөлсөңүз болот. Эми анын үстүнө корицаны, кумшекерди жана майдаланган печеньенин жарымын кошуп аралаштырабыз.

2. Фольганы каймак май менен майлап, конверт сыяктуу кылып бүктөйбүз да, ичине шабдалыны салып, оозун бекитебиз.

3. Конверттин эки бетин грилге 8-10 мүнөттөй кактайбыз. Десерт даяр! Шабдалынын кесимдерин тарелкага салып, үстүнө майдаланган печеньеден себелеп, йогурттан куюп, жалбыз жалбырагы менен кооздоп дасторконго койсоңуз болот.

Сууга бышырылган картошканын тең ортосунан жара тилип, ичине колбаса, сыр, жашылчалардан салып, фольгага ороп чокко бышырууга да болот.

Жүгөрү (дүмбүл) – пикник үчүн эң мыкты даам боло алат. Аны чокко кактап бышырып, үстүнө калемпир, туз аралашмасынан себелеп, каймактан куюп жесеңиз, даамы таңдайыңызда калары бышык.


Дамира Арстанова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(6)
12.06.2018. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Соонун кеңештер Жасап көрүш керек экен.
12.06.2018. 12:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ушуларды коруп жасагым келет расса бирок мен кылгандале окшобой калат
12.06.2018. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
шиштеги картошка жакты
12.06.2018. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мага бутерброд жакты)))
12.06.2018. 23:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Соонун рецептерго,оной , жонокой.Рахмат супер инфо.
16.06.2018. 08:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Guzel
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо