«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал)

№814 8-июнь -14-июнь, 2018-ж.

(Башталышы өткөн сандарда)

– Чарчадыңбы?- деди Диана жанына келип.

– Жок, балдар эмнеге чарчатсын? Торт жеп алып короодо ойноп турушсун, анан ар бирин үйүнө өзүм жеткирем.

Сыртынан караган адамга Алибек эң бактылуу адам эле. Жубайы менен талашып-тартышып мен-сен деп көрбөгөн, көз карашынан түшүнүшкөн адамдар эле. Бирок көңүлүндө бир жара турганы турган. Эч издебегенге, эстебегенге аракет кылса болбогон бир нерседен улам эсине түшөт. Бул көңүл жарасына ал көнүп да калды. Болгону анын оордугу жанын кейитчү. Ал анын ажырагыс бир бөлүгү эле.


ххх


Арадан 6 жыл өттү.

Тапырап чуркап келген кызы Керемди колунан тарта берди.

– Ата, сен мага эмне убада кылдың, эсиңдеби?

– Эсимде жок.

– Айла, атаңды жайына кой. Бүгүн эс алчу күнү.

– Эне, бирок ал мага бактын башына чыкканды үйрөтөм деди.

– Уфф, кызым, бир жолу атаң эс алсын. Башка жолу...

– Атам экөөбүздүн өз ишибиз бар, эне, сен бизге киришпе.

Эки колун бөйрөгүнө алып тирмийип турган кызын көрүп Керем аргасыз күлүп жиберди.

– Кимдин кызы?

– Атасынын,- деди кыз моюнунан кучактай. Айла өтө шок, эрке кыз болуп чоңойду. Керемди бармагынын учунда ойнотчу. Атасы Айла кааласа Айды да алып бергенге даяр эле. Мына бул жолу да бакка чыгам деп өжөрлүгү кармады эле, жок дей албады. Улам өйдөлөй берди.

– Айла, жетет, кызым, болду, ошол жерге токто.

– Жок, ата, бир аз дагы өйдө чыгам.

– Кызым, токтот, жыгылып түшүп энеңден экөөбүз тил угабыз...

Керемдин айласы кетип калды. Аркасынан чыкса ого бетер арылачудай.

– Токто дейм,- атасынын коркуп кеткен үнүн угары менен кыз кылчайып карай берди. Коңгуроодой күлкүсү тыйыла калып сестейе түштү.

– Ата-а...- бутун алсыз бир бутакка койгондо ал карс сынып кетип, кызы бийик жерден учуп кетти.

– Айла!

Бакырып жиберген Керем кызынын жанына чуркап барды, ал эсин жоготуп койгон экен.


ххх


– Башынан жарака кеткен. Көбүрөөк кан жоготуп койду. Тез арада кан керек,- деди доктор чыга калып.

– Менден алгыла, мен атасымын!

Жамиля эч нерсени ойлоно албады. Жүрөгү кабынан чыгып бара жаткандай согуп бара жатты.


ххх


– Тилекке каршы, сиздин каныңыз туура келбеди.

– Эмне-е?

– Кызыңызга каныңыз туура келбеди. Энеси кана?

– Эмне деп жатасың сен? Кантип? Ал менин кызым!

– Ишибизге тоскоол болбоңуз!- жанынан доктор шашыла өтүп кетти.

Керем эч нерсени түшүнө албай коридордо турду. Денесин майда калтырак басып, азыр уккан сөзүн акылына сиңире албай турду. Бул эмне деп жатат? Айла? Шектенүү пайда болду. Аптыгып кетти. Дубалды койгулап жиберди.

– Жок, мүмкүн эмес!

Жамиля ичинен «баары бүттү» деди. Болгону кызына тийбесе болду, өзүн бышырып жесин. Сырткы бөлмөгө чыкты. Керем аны тиктеп турганын сезди. Өйдө карай албады. Мына баарынан оору ушул эле. Жүрөгү мыкчыла түштү. Күйөөсү анын ар бир кыймылынан көзү өтүп турганын сезсе да башын көтөрө албады. Керем жакын келди. Ээгинен өйдө көтөрүп көзүнө тике карады.

– Айла менин кызымбы?

– ...

– Айт деп жатам! Ал менин кызымбы?

Жамиля башын чайкады. Эки тамчы жаш анын колуна тамып кетти. Керем анын көздөрүнө тиктеп туруп суроосуна жооп алды.


ххх


Караңгы бурчта темселеп кетип бара жатты. Кайда барарын, эмне кыларын да билбеди. Үнсүз, жоопсуз суроолор жүрөгүн тилип бара жатты. «Демек, мени сүйбөдү. Бул жолу да мени сүйбөдү, менин аялым болгонго аргасыз болду. Анын көздөрүчү? Ушунчалык сүйүү, мээрим менен тиктеп туруп жамандык кылганга болобу? Кызы жанымдын жарымы болуп бара жатканын билип туруп айтпады. Бул эмне деген дүнүйө? Мен тазаландым, сенин көздөрүңдөн тазаландым дегем. Ал мага жылмайып жооп берчү. Кантип? Керем, сен эми эмне кыласың? Сен мындан ары эмне кыласың? Айла... Ох, Айла!»

Тизелеп жыгылды. Аркасынан келе жаткан Эге колтуктай калды.

– Мырза, жакшы элесизби?

– Жалгыз калтыр мени. Ооруканада бол.

Ал басып кетти. Эге эч нерсени түшүнбөй ийинин куушуруп кала берди.


Ххх


– Керем кайда?

– Жалгыз калгысы келди.

– Мени ага алып бар. Эмрени үйгө алып бар дагы, анын жанында бол.

– Мырзам эч кимди алып келбе деди жанына.

– Анда машиненин ачкычын бер.

– Керем мырза...

– Бер дедим ачкычты!

Анын жаалы күчтүү эле. Эге аргасыз Жамилянын колуна ачкычты карматты.

Жамиля өзүнө же кызына зыян келтире электе таап, аны менен сүйлөшүүсү керек эле. Бирок таба албады. Чарчап үйүнө кайтып келди. Кызынын бөлмөсүнө баш бакты. Керем ошол жерде отурган экен.

– Келдиңби? Мени көпкө издедиң го.

– Керем, мен...

– Сен мени эч бир жерден таба албайсың. Анткени мен жокмун. Өлдүм! Көмүлдүм.

Жамиля анын муздак чыккан үнүнөн коркуп кетти. Кетенчиктей берип бөлмөдөн чыкканга аракет кылды.

– Токто!

Аял токтоп калды.

– Кел бул жакка!

– ...

– Кел деп жатам!- деп айкырды.

Жамиля жанына жакын келди. Көзүнө тике карады. Эгерде азыр бүжүрөп жан соогалап турса Керем чын эле бир нерсе кылмак болсо керек. Аялынын көзүндөгү жан кечтиликти окуй калды.

– Кимдин кызы?

– Сенин эмес, башкасын айтпайм.

– Акмак катын, акылсыз катын. Сен айтпай койсоң эле баары бүтүп калабы?

– Мени өлтүрсөң өлтүр. Кызыма тийбе. Мени баары бир өлтүрөсүң, билем. Кана, узартпа!

Аялын таң кала тиктеп алды. Анын жаалы, өжөрлүгү, өлүмдүн оозунда туруп да кайрат кылышы тан берип турду.

– Сен кимсиң да, мен киммин?! Сени өлтүрүп койсом артыңдан издеп келе турганың да жок, түшүндүңбү?!

– Билем, өлтүрүп, сөөгүмдү ыргытып ийсең да, эч ким сенден эч нерсе сурабайт. Сенин даражаңды билем.

Керем алкымдан алып муунтуп кирди. Анын кекиртегине жабышкан колдорун чыгара албай алсыраган Жамиля өлүп бара жатканын сезди.

Колунда деми буулуп өлүп бара жатат. Бир саамга кармап турса эле өмүрү түгөнчүдөй.

– Эне?- деп бөлмөлөрдөн апасын издеп келген Эмренин үнү аны реалдуулукка алып келди.

Колун бошото берди. Жамиляны керебеттин үстүнө ыргытты.

– Эмне болду, уулум?- деди ал эшикти толук ачпай туруп.

– Энем кайда билесиңби?

– Ооруканада болчу, азыр келдик. Бир аз эс алып алсын...

Эмре аны тиктеп турду. Ишенбегендей, бир нерсени сезгендей бир топко карады.

– Сага эмне болду?

– Жүзүң купкуу болуп кетиптир.

Керем алдында турган уулун кучактай калып ыйлап жибергиси келди. Өзүн араң кармады да, далысынан таптай берди.

– Сен жат, уулум. Мен Айланын жанына барайын. Билесиң, ал жалгыз.

Машинесине отурду да, ооруканага жөнөдү. Кызынын палатасына кирип жүзүн тиктеп көпкө отурду. «Меники эмес» деп жатты акылы. «Жок, ал сеники, сенден башка атасы болушу мүмкүн эмес анын. Мейли каны башканыкы болсун, анын сага күлө караганы, сүйүп тиктегени, алакандагы жылуулугу сеники. Аны эч ким, дүйнөдөгү эч бир ДНК тести сенден ала албайт. Анын сага болгон сүйүүсүн жокко чыгара албайт. Айла сеники!» деп жатты жүрөгү.

Телефонун алып чыкты, аны менен түшкөн 1000ден ашуун сүрөтү бар болчу. Ар бир сүрөттөн ал Алибектин жүзүн көрүп жатты. Мурун байкабаган майда-чүйдө нерселердин баары жанын сыздатып жатты. «Акмакмын, көз алдымда эмне болуп жатканын байкабаган акмакмын. Кантип эле мени көрөргө көзү жок Жамиля өз эрки менен келди? Демек, тигиниси боюнда кылып туруп албай койгон же үй-бүлөсүн таштай алган эмес. Анан мени тузакка түшүргөн».

Айла ушул кезде эсине келген эле.

– Ата-а...- деп кызынын шыбыраган үнүн укту. Тик багып карай албады.

– Мени кечирип кой, ата.Экинчи тентектик кылбайм. Сен коркпо, мен тез эле айыгам. Экөөбүз бирге деңизге чыгабыз. Бирок сен сөз бердиң, экөөбүз эле. Макулбу?

Керем башын шарт көтөрдү.

– Жок, Айла, мындан ары экөөбүз бирге эч нерсе кылбайбыз...

(Уландысы кийинки санда)


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Башка сандарда:
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 764-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 765-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 766-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры) 767-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 768-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 769-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры) 770-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 771-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 772-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 773-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 774-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 775-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 776-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 777-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 778-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 779-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 780-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 781-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 782-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 783-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 784-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 785-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 786-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 787-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 788-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 789-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 790-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 791-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 792-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 793-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 794-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 795-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 796-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 797-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 798-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 799-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 800-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 801-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 802-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 803-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 804-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 805-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 806-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 807-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 808-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 809-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 810-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 811-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 812-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 813-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 815-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 816-сан
Комментарийлер(16)
12.06.2018. 09:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
эми эмне болот
12.06.2018. 09:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
МММ дааа
12.06.2018. 09:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Журок оорулу болуп буткону калдыкго бул сериал буткончо. Эми гана жакшы болуп баштаганда дагы баары олду.
12.06.2018. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Kyngyr ish kyrk jylda bilinet
12.06.2018. 10:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Чала болот негизи, Керем оз кезегинде зордуктап боюнда кылып, инисине уйлондуруп акырында айбандык максатына жеткен. Эми келме кезек бумеранг деген ушул. Бул чыгарманын башында Керем озу казган корго бир убакта тушоорун сезген эмес делген. Акыры тушту корго, бирок уй булоосун сактап калгандан башка арга жок.
12.06.2018. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ким биринчи)))
12.06.2018. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ким биринчи))
12.06.2018. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
жами не болду ошондо ээх ...
12.06.2018. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Буторуно аз калды окшойт
12.06.2018. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эми кантти Керем
12.06.2018. 20:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Керемге чала болот, ушуну кормок акмак...
Жамиля эми баарын озун чечип, Керемден алыска кет!!!
12.06.2018. 20:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жамиля Алибек менен жаткандан эртеси Диана торогон беде адашпасам. Анан кантип эле Жамиля менен Диана экоонун кыздарынын туулган кундору бир болуп калсын. Жаииля 9ай эле которуп торогон болуш керек...
13.06.2018. 09:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aszyma,жылы башкада бирок,а туулган кундору бир кундо
13.06.2018. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mart19, жоок. Диана торогон. Ошол маалда Жамилянын боюда болгон.Диананын кызы 9айлык болгондо Жамиля торойтко. Туулган куну бир кундо болбойт. Ошондо.
13.06.2018. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сериал 180°ка озгоруп кеттигоо
15.06.2018. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Emi ne bolup butor eken dep ele tyn4yzdanuudamyn admin ai9bai kutturosunor da kino korup jatkansyp koz aldymda elestetip alyp uwundai beruuluu mn okup jatsam janymdagylardy da baikabastan bat ele buturup salastar suranych erterek ai9gyna chygarynyzdarchy a to kuto berip ooruluu bolmoi bolduk go
Djka түзөттү 2018-06-15 17:40:53
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо