№815 15-июнь -21-июнь, 2018-ж.
– Негизи мен ишкер адаммын, кеңседе жашап көнгөм. Турмушка чыга электе, 2000-жылдын ортосунда тил үйрөтүүчү курстарды биздин өлкөдөн сырткары Казактандын, Орусиянын бир нече шаарларында ачкам. Ишим илгерилеп, ата-энемди айылдан шаарга көчүрүп келип, машина, үйлөрдү алып, жакшы эле бутума тургам. Чет жакка чыкканда өзүмдүн кеңселеримде эле жашачумун. “Үйдөн чыгып жумушка барам” деп ойлонбойсуң, бардык шарты бар дегендей.
Курстарды ачып, итим чөп жеп жаткан учурда ата-энем “сен турмушка чыгышың керек, бизди неберелүү кылышың керек” деп мажбурлаган. Тууган-урук чогулуп алып “сен кыйын кыз экенсиң, кана эми бирөөнүн этегин кармап турмушка чык” дешти. Чынында артымдан чуркаган жигиттер толтура болчу. Бирок мен сүйүшүм керек дедим. Отуруп алып "кимди сүйдүм эле?" деп ойлондум. Биринчи махабатым айылда болгон. Анын да “турмушу болбой жатыптыр” деп угуп, телефон чалдым. Бүттү ошондон мамиле уланды. Анын ойлору, максаттары меникиндей эмес экенин көрүп, “жашай алабызбы-албайбызбы?” деп апам менен кеңештим. Апама айтсам, “турмушка чыгасың, Гүлзат” деп ой-боюма койгон жок. Ошентип үйлөндүк. Боюмда барына карабай Казакстан, Орусияда чуркап жүрүп, борборго кабаттуу чоң үй курдук. Күйөөм үйдү балдарына арнап, “балдарым жашасын” деп жакшы көрүп салды. Мени “үйдө отур, бала тарбияла” дей бергендиктен ачкан кеңселеримдин баарын жаптым. Жолдошум өтө жакшы адам, сыйлайм. Бирок максаттарыбыз, оюбуз эки башка экен. Ошентип 2016-жылы ажырашып кеттик. Балдарыма арналып салынган үйдү жолдошумдан талашкым келген жок. 2 балам атасы менен калды, мен 6 айлык кызымды көтөрүп алып тааныш эжемдикине бардым. Ата-энем мени жолотпосун, ажырашканыма каршы болушарын билем. Ойлонсом өзүмдүн кеңсем бар экен. Ошол жерде жашап, 6 айлык баламды чакага киринтип, башымды раковинага жууп алчумун. Өзүмдү ошондо эркин куш сездим. “Максаттарыма жетем, мени азыр ата-энем да, жолдошум да токтотпойт, эч ким урушпайт” деп ойлондум. “Ушуну бекер кылдың, туура эмес кылыпсың” деп айта турган тууган-урук менен катташпай койдум. Мени түшүнгөн, “давай, максаттарыңа жет” деген адамдар менен гана катыштым. Кариб деңизинде кемеде лидерлик жана компетенттүүлүк жөнүндө бекер окуу чыгып калды. Карыздап жол кире таптым да, кетип калдым. Мен ошол окуудан кийин канатымды кең жайып, бийикке сапар алдым. Азыр 3 балам атасы менен. Мен кеңседе жашайм. Мага ыңгайлуу, ушул жерде иштейм, уктайм. Балдарым ишемби, жекшемби күндөрү келип турушат.
Айрым аялзаты “күйөөм менен ажырашсам каякка барам, кайда жашайм, кантип күн көрөм?” деп уруп, токмоктоп жатса деле чыдап жашай берет. Менин оюмча, сенин баркыңа, кадырыңа жетпеген, баалабаган, ур-токмокко алган адам менен жашоо туура эмес. Кайда барба күн өтө берет, алдыга бийик максаттарды коюп, кыялданып жашоо керек.
Cүйүн Кулматова
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Токтобонуз, Кыргыздын деми!
Бул кыздын деми кучтуу экен...