Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

“КЫЗЫМА ДОНОР БОЛОЛУ ДЕСЕК БААРЫБЫЗ ООРУЛУУ БОЛУП ЧЫКТЫК”. Жолдошу кургак учук, баласы боор, кызы бөйрөк, өзү жүрөк оорулуу болгон келиндин арманы

№815 15-июнь -21-июнь, 2018-ж.

Редакциябызга оор турмушун айтып, жардам сурап келгендердин саны көп. Бул ирет өз ден соолугун экинчи орунга жылдырып, балдарынын ден соолугу, келечеги үчүн жан үрөп келе жаткан Назгүл Садыкованын баянына орун бермекчибиз. “Адамдардын баарына каалаарым чың ден соолук. Ден соолук болбосо жашоонун кызыгы болбойт экен. Үй-бүлөбүз менен оорулуу болуп, баарыбыз жашоо үчүн күрөшүп келебиз. Чукул арада кызымдын бөйрөгүн алмаштырыш керек”,- дейт каарманым.

Таң эрте турган Назгүл Садыкова кызы Бегайымды ооруканага алып барганга даярданып жатты. Саат 7де ооруканада болуп калышы керек. Ага чейин үйдөгү балдарына чай даярдап, дарылары барбы же жокпу деп бир сыйра көз жүгүртөт. Бегайымды гемодиализ аппаратына жаткырып коюп, өзү Бишкектеги борбордук мечитти көздөй шашып жөнөдү. Эненин көзүндөгү арман, айласыздык жана коробкага түшкөн тыйындын үнү...


- Жашоого келгени эле кыйынчылык, жоготуу менен күрөшүп келем. 11 жашымда апамдан, 16 жашымда атамдан айрылгам. 9 бир тууган элек, улуу эжем 26 жашында сасык тумоо менен ооруп эле, каза болуп калды. Анын аркасынан 21 жаштагы иним да о дүйнөгө кете берди. Баарыбыз жаш элек, айыл элинин жардамы менен күнүбүз өтүп жатты. Мен 18 жашка толгондо таежем өкүл энесинин баласына ала качып берип койду. Менин артымдан ким бармак эле, кимге арызданмак элем? Ошентип Кочкордун Теңдик айылына келин болдум, өзүбүз Ат-Башы районунан болобуз.
Үй-бүлө түйшүгү эрте моюнума илинди, 19 жашымда, 2000-жылы эне болдум. Кызыбыздын атын Бегайым койдук. Кийинки жылы удаа төрөп, уулдуу болдук. Жолдошум башынан эле ичкиликке жакын болчу. Жашоо деген мындай болот, күйөө деген мындай болушу керек деген нерсени билбейм да. Кайнене-кайнатамдар жакшы адамдар, алардын колдоосуна, жаштыгыма салып эле жолдошумду кечирип жашай бердим. Айылда элдин жууркан-төшөгүн каптап, конок чакыргандардын идишин жууп, эмне жумуш чыкса тандабай кете берчүмүн. 2008-жылы экинчи уулдуу болдук. Бул мезгилде жолдошум менен жашоо такыр эле болбой турганын сезип, ажырашып, Ат-Башыга кетип калдым.


Улуу эжеси каза болгондон кийин Назгүл айым анын уулу Нурсултанды өз балдарына кошуп багып алган. “Ажырашып, 4 балам менен жалгыз калганда да айыл өкмөт "биздин кыз" деп балдарыма жөлөк пул чыгартып берип, колдоо көрсөтүп жатты”,- дейт.

-Айылда жашоо баары бир оор да, балдарымды алып Бишкекке келип, кафелерде идиш жуугуч болуп иштедим. Кызым көнүп калган мектебин, курбу-досторун таштай албай, “мектепти ушул жерден эле бүтөйүнчү” деп Кочкордон кеткиси келбей койду. Кичүү балам да 1-класска бармак. Ошентип балдар үчүн жолдошум менен жарашууга туура келди. Жолдошумдун ичкенин көрүп капа болуп жатып, кайра ооруп калдым. 2017-жылдын февраль айы болчу, Кочкордун дарыгерлери эмнем ооруганын билбей койгонунан, Бишкекке келип дарылана баштадым. Бегайым 10-класста окуп жаткан эле, ооруп калганынан суук тийди деп ойлоп, эч кимге айтпай үйдө жата берип шишип кетиптир. Ичип жүргөн атасы байкабайт да. Кызымдын уюлдук телефону да иштебей калыптыр. Мен ичимден кыжалат болуп, жамандыкты сезгендей кыйнала бердим. Анан кошуна келинге телефон чалдым “үйгө барып карап койчу, баары жакшы бекен?” деп. Ал мага дароо эле телефон чалып “келбесең болбойт, Бегайым ооруп шишип кетиптир” деди.

Мен барып, “Тез жардам” чакыртсак, кан басымы 200гө чейин көтөрүлүп кетиптир. Кочкордун ооруканасында орун жок, Нарынга бардык. Ал жактан кызымдын каны түшүп кеткенин айтып, Бишкекке багыттама жазып беришти. Бишкектеги Жал кичи районунда жайгашкан ооруканага баргандан кийин гана врачтар “эки бөйрөгү тең иштебейт, дароо гемодиализ аппаратына жатышы керек” дешти.

Ошол күндөн баштап Бегайым жумасына 3 ирет гемодиализ аппаратынан канын тазалатып келе жатат. Анын ата-энеси жардам сурап мүмкүн болгон бардык кабинеттин эшигин каккылашкан. Түркиядагы ооруканага барып бекер дарыланууга квота алып, бирок кошумча 1 миллион сом (тамак-ашы, жатакана, жол кире жана башка) каражатты чогулта албай кезегин өткөрүп жиберип, эми кайра башынан кезекке туруп жатканын айтат Назгүл айым.

- Врачтар “кызыңыздын эки бөйрөгү тең 70 пайыздан иштебейт, алмаштыруу керек” дегенден кийин бир топто өзүмө келдим. Ооруканада туура 4 ай жылбай жатты байкуш кызым. Азыр үйгө чыгарып келгенбиз, жумасына 3 жолу гемодиализ алып турат.
Атасы экөөбүз донор болобуз дегенбиз, мени биринчи текшерип “жүрөгүңүз калыптагыдан чоң экен, дарыланганда деле бөйрөгүңүздү алганга болбойт” деп жаратпай коюшту. Жолдошумду текшергенде “өпкөсү жарабайт, кургак учук плеврити” деген диагноз коюлду. Кайнагам текшерилсе анын да өпкөсүндө кара так бар деп жарабай калды. Өзүмдүн инимдикин текшертсек, аныкы 2-топ экен, кызыма 1-топтогу бөйрөк керек. Буларды укканда чындап айлам түгөнүп отуруп калдым. Бир күнү ыйлап отурсам баягы эжемдин баласы Нурсултаным келип “апа, мен берем бөйрөгүмдү” дейт. Балама абдан ыраазы болдум. Аны ооруканага алып келсем, боордун гепатит С дартына чалдыгыптыр. "Создуктурбай дарылагыла" дешти. Эми балам да дарыланып баштады, ага айына 15 миң сомдук дары-дармек кетет экен. Бегайымдан кийинки 9-класста окуп жаткан уулумдун да сол бөйрөгү ооруйт экен. Бир дарттан арыла албай отурсак, минтип бир заматта баарыбыз оорулуу болуп чыга келдик.

Улуулар ооруга каршы күрөшүүнүн айласын издеп жүргөндө, Назгүл Садыкованын мектеп жашындагы балдары жол киреге акча таппай, каралбай калышкан. 9-классты бүтүргөн баласы учурда окуудан чыгып, бир заводго ишке орношуунун айласын издеп жүрөт.

- Азыр кайыр сурап эле жашап калдык. Бир туугандар ар кимиси өзүнүн жашоосун эптеп курап жүрөт. Жолдошум кызы ооруп, өзү кургак учук менен ооруурун билгенден бери арак иче элек. Акыркы айда Бегайымдын кан басымы 220га чейин көтөрүлүп, эки күндүн биринде “Тез жардам” чакыртып жатабыз. Дайыма бирөөнүн көзөмөлү керек. Күндөн-күнгө абалы оорлоп баратканын көрүп жүрөгүм түшөт. Кайрымдуулар жок деп айтпайм, бизге каражат чогултууга мүмкүн деп үмүт берген да элим болду.

Кызым жаңы ооруганда улуу баламды “болгон туугандарга барып эшигин кагып акча сура” деп айылга жибергем. Балам ыйлаган бойдон кеткен. Ал жактан кызымдын Айкөл деген классташы бөйрөгүн алмаштырган экен. Айкөл “бөйрөктү алмаштырбаса кыйнала берет” деп, менин балама кошулуп Калыгул Бай уулу атындагы мектепке кайрымдуулук концертин уюштурушуптур. Ар ишемби сайын мал базар болот да, айыл элинин баары чогулат ошол жерге. Кызымдын, баламдын классташтары баары чогулуп коробка көтөрүп алып элди аралап кайыр сурашкан экен. Баш-аягы 140 миң сомдой акча чогултушуптур. Дароо кызыма банктан эсеп ачып которуп койдук. Өздөрү кичине, жүрөгү тоо ошол балдарга рахмат айтам. Жаш бала деп шагын сындырбай, оорулуу кызым үчүн колдон келген жардамын коробкага салган элге рахмат. Элден жардам күтсө болот экен деген үмүт, кызымды аман алып калам деген ишенич пайда болду менде. Жума сайын эртең менен мен борбордук мечитке, жолдошум дагы башка чоң мечиттерге барып кайыр сурайбыз. Түштөн кийин келип балдардын тамагын жасайм, оорулуу адамдарга бапестеп тамак бериш керек да. Орозодо ооз ачарга жакын кафелерди кыдырып идиш-аягын жууп берип, түнкү 12-1лерде кайра үйгө кайтам. Эки-үч күндөн бери өзүм да ооруп, жанымды бекем тиштеп алып жүрөм. Мен балдарым үчүн оорубашым керек...

«Бегайым жумасына 3 жолу гемодиализ алат. Кызымдын абалы күндөн-күнгө оорлоп баратат».


Асыл Орозбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(22)
19.06.2018. 09:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Маараке саараке деп миллиондогон акчаны асманга чачпай ушул кызга берсе болбойбу??
19.06.2018. 09:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Назгүл Садыкованын номери: 0700 587277, Элсом номери: 0700 745879
19.06.2018. 09:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Миллиардер Ат Башылык Аскар Салымбековко кайрылып корунуздор жардам Берип калаар.
ady-88 түзөттү 2018-06-19 09:45:10
19.06.2018. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Ушул макала боюнча Нурлан мн Аселге кайрылаар элем "кичине" жардам берип койсонор соопко калмаксынар деп
19.06.2018. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Окуп алып ийладим. Аллахым шыпаасын берсин. Жаш экен келечеги алдыда. Коп кейибениз эжеке. Баары жакшы болот. Балдарыныз чоноюп калышыптыр
19.06.2018. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Байкуштар ай. Колдон келсе гана жардам беруу. Биз карапайым калк гана айтабыз мынча акчам болсо,бай болсом жардам берер элем деп. Аткени жашоону адамкерчилик тарабынан карайбыз. Ал эми акчасы коптор антип ойлошпойт. Ошол адамкерчиликти таштап салып,акча,байлык жыйнашкан да анткени. Кудай жардам берип,айыгып кетишсин бечералар.
19.06.2018. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
19.06.2018. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
120-жепжуттаттарыбыз 600$кычкачтын,9000с кочоттун,акчаларын топтоп беришсе-операцияга жетмек экен.
19.06.2018. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Анжеликанын туулган кундогу алган гулдору соолугандыр,канча акча кетирип алган, туулган кунго 100000 сомдой кетиптир эсептесем кичине ушуга окшогондордон сооп алса кыйла женилдей тушмок.
20.06.2018. 01:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен да гемодиализ алам..
20.06.2018. 03:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Аллахым шыпаасын берсин.Аябай аянычтуу тагдыр козумдон эмес журогумдон жаш чыккандай болду.Бул кундор да отот эже сабыр кылыныз.Аллах мееримдуу ал баарыбызга жардам беруучу
20.06.2018. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Көзүмө жаш келип кетти(((
20.06.2018. 23:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Депутатьар ооз ачар кылышып 1500 адамды чогултуп жылкыларды союп не за что акчасын чачат ушундайларга бербейби андан кору
21.06.2018. 19:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Саламатсыздарбы супер инфо! Каап эртереек билгенде,Назгул эже, эми квотага кезегиниз келгенде даароо жол кирелеринизди таап эле келе бериниз, биз да колдон келген жардамыбызды беребиз аябайбыз. Биз жолдошум эки балам м.н Стамбулда турабыз. Мен азырынча балдарым м.н уйдомун, биздин батирибизге келип жашап, тамак аш м.н камсыздап, дарыланганы келгендер атайын котормочу да жалдашат экен, котормосунда да которушуп турсак 1млн кетпесе керек
22.06.2018. 21:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Bayanova,Алла ыраазы болсун!!!
24.06.2018. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bayanova,Кандайсынар бул эюе 2019 келсе керек эми 2018 квота буткон устудо номери бар экен млн сом акча кетпейт биз азыр операцияга келгенбиз болницада жатасын тамак ашы баары бекер кийин квартирага чыкканда кичине акча кетет котормочуга кетет анан омур бою ичетурган даарылар бар ага канча кетет билиш керек 25 миндей дешкен
01.07.2018. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kg-bala87,Жакшы, рахмат. Ошо эже айтыптыр го 1млн керек деп, ошого тан калгам, млн кетпесе керек деп, квота эмнеге берилет, анын ичине эмнелер кирет экен деп ойлонуп жургом. Операциядан башка да платный лечениеси барбы, же больницада палата, тамак-аш платныйбы деп
21.06.2018. 19:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Супер инфо, ватсап номериме жазсын эже +996779330065
22.06.2018. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Чырактай балдары бар экен. Журогум ооруду. Озумдун да бойрогум ооруйт. Ушундай макала окусамле корко берем. 2 жолу кармады бойрогум. Буюрса жардам берем ушундай муктаж адамдарга... айыгып кетсин байкуш кыз.
23.06.2018. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сиздер берген элсомго кетпей жатат
25.06.2018. 03:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага чалып корунуз. Бойрогумду белек кылууга даярмын эгер закон жооп берсе. Группа крови 1+. ХХХХХ ватс апп
Модератор admin_media түзөттү 2018-06-25 09:30:44
25.06.2018. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
LD9R,nanana, саламатсыздарбы! Апасы Назгүл Садыкова менен сүйлөшсөңүздөр болот. Байланыш номери: 0700 587277
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо