«КАНТ-СҮТ» КЫРГЫЗСТАНДЫКТАРДЫ ОРОЗО АЙТ МАЙРАМЫ МЕНЕН КУТТУКТАЙТ

№815 15-июнь -21-июнь, 2018-ж.

Урматтуу мекендештер! “Кант-Сүт” компаниясы Орозо айт майрамыңыздар менен бардыгыңыздарды чын ниеттен куттуктайт! Сиздерге каалаарыбыз – үйүңүздөрдө тынчтык, ден соолук, бакубатчылык болсун! Алла Тааланын ыраазычылыгы үчүн кылган ибадаттарыбыз, туткан орозобуз жана бардык жакшылыктарыбыз кабыл болсун! Айтыңыздар маарек болсун!

► Учурдан пайдаланып, “Кант-Сүт” компаниясы 1998-жылдан тартып бүгүнкүгө чейин сүт жана андан жасалган сүт-азыктарын даярдап, өлкө ичинде жана республикадан сырткары башка да мамлекеттерге экспорттоо иштери менен алектенип келерин маалымдай кетмекчибиз.

► Негизги багыттарыбыз: пастерленген сүт, каймак, кам каймак, айран, биокефир, йогурт, сыр, быштактар, аларды түрдүү ассортиментте өндүрүү. Андан сырткары кургак сүт, каймак май (сливочное масло) да өндүрүп, чет мамлекеттерге экспорттоп келебиз.

Биз чыгарган ата мекендик сүт азыктардын бардыгы нукура табигый болгондуктан, алардын сактоо мөөнөттөрү өтө кыска, сапаттуу жана пайдалуу болушуна биз ар дайым бардык аракеттерди көрөбүз.
 
► Санитардык-гигиеналык жана ветеринардык эрежелердин сакталышы өндүрүштө дайыма көзөмөлдө болот. Сүт азыктарынын сапаты эң биринчиден сүт өндүрүүчүлөрдүн бизге тапшырган чийки сүтүнүн сапатына түздөн-түз байланыштуу болгондугунан биз бул тармакта тынымсыз көптөгөн иш-чараларды жасап келебиз. Өндүрүшкө дайыма өнүккөн жана новатордук технологияларды изилдеп жана колдонобуз. Өнөр жайда жогорку квалификациялуу, өзүнүн ишин мыкты билген адистер, кызматкерлер эмгектенишет жана, албетте, алар үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.

► Сиздердин ден соолугуңуздарга, ошондой эле ата мекендик продукциянын туруктуу сапатына, коопсуздугуна кам көрүү үчүн 2016-жылы өнөр жайга эл аралык “Тамак-аш азыктарынын коопсуздугун башкаруу системасы “ISO 22000:2005” сдандарты киргизилген, бул өндүрүштө жаралчу кокустуктардын алдын алат. Өнөр жайда 3 лаборатория ишке киргизилип, учурда ийгиликтүү иш алып барууда: “Кирүүдөгү көзөмөл лабораториясы” – келген чийки заттарды көзөмөлдөйт. “Өндүрүштүк лаборатория” – өндүрүүдөгү бардык процесстерди көзөмөлгө алат. “Микробиологиялык лаборатория” – өндүрүлгөн сүт-азыктардын бардыгын кылдат текшерүүдөн өткөрүп турат.

Мындан сырткары компания 2017-жылы Халал индустриясын өнүктүрүү борборунда “Халал” сертификациясынан өткөн.


► Биздин азыктар бул тармактагы дүйнөлүк лидерлерден сатып алынган коопсуз, сапаттуу кутуларга таңгакталат. Биз чыгарган азыктардын көп түрдүүлүгү менен өлкөнүн бардык облустарынан жана борбор шаарыбыздын бардык супермаркеттеринен көрүп, тааныша аласыздар.

► “Белая река” соода маркасы менен белгилүү “Кант-Сүт” ЖЧКсы мындан ары да Кыргызстандын эли үчүн сапаттуу, экологиялык жактан таза, байытылган витаминдүү, пайдалуу адал сүт азыктарын чыгаруу үчүн талыкпай эмгектенип, жыл сайын өндүрүштү кеңейтүү менен кошумча жумуш орундарын камсыз кылуудабыз.

Дагы бир жолу бардыгыңыздарды Орозо айт майрамыңыздар менен куттуктайбыз, урматтуу кыргызстандыктар! Айтыңыздар маарек болсун! Кийинки Рамазан айына чейин сак-саламатта болуңуздар!


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(1)
21.06.2018. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мына, биздикилер деле аракет кылса соонун эле жасайт, чет жактан ташыбай баарын
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо