ҮЧ ООЗ СӨЗ...

№815 15-июнь -21-июнь, 2018-ж.

Бул сөздөр бизге чейин да айтылган, бизден кийин да айтылат. "Мен сени сүйөм!" Жөнөкөй сөз. Экөөбүз үчүн бул сөз "жакшы кал", "кутман таң" дегендей эле кеп. Бирок көп айтылып жүрүп сөздүн баштапкы маанисин жоготуп алдыкпы дейм. Үч сөздүн арасына мендеги бүтүндөй сезимди батыра албадым. Эмне кылайын? Андыктан сага деген, жок, бизге деген кайрылуум узун боло тургандай. Мындай нерсени окугуң келбейт, билем, бирок сабыр менен окуп чык.

Башында мен сени сүйгөн эмесмин. Бир муктаждыктан, жакшы жигит экен, колдон чыгарбаш керек деген эсеп-кысаптан улам сунушуңа макул болгом. Жигиттер, силерди бирөө "такыр эсеп-кысабы жок сүйдү" десе ишенбегиле. Анткени ар бир кыз жок дегенде элүү пайыз акылга таянат. Аны сен да сезгенсиң. Үйлөнөргө аз калганда ата-эне, дос-туугандын баары билгенде мени нес кылган кабарды айттың. Кадимки иш күнү болчу, мага чалдың.

– Мени кечирип кой, бирок мен чын эле шашып кетиптирмин. Сага үйлөнбөйм деп чечтим.

– Ыя?

– Чын, шашпайлы, ээ.

– Х-мм...- сөз таба албай калдым. Биринчи жолу.

– Эми ушундай болуп калды. Менин атымдан кечирим сурап коёсуң да уккан элден.

– Болуптур,- дедим да, телефонду ыргытып жибердим.

Жакын арада тою боло турган кыздар мени түшүнөт болуш керек. Абалдан чыгуу үчүн колумду сурап жүргөн жигиттерди акылымдан өткөрө баштадым. “Русланбы, жок, анын майдалыгынан өлүп калышым мүмкүн. Айбекчи? Хм, ал вариантты ойлонуп көрсө болот. Нурланчы, ал жакшы бала, бирок айылда жашоого туура келет”. Мониторду тиктеп ойлонуп жаттым. Кечинде жумуштан чыктым. Машинанын фарасын күйгүзүп алдымды карасам, эзилип жылмайып сен тиктеп турасың.

– Тур жолумдан.

– Ээ-й, чындап жиниң келип алган го.

– Башында эле "мага күчүң жетсе колуңду соз, болбосо аракет кылба" дегем.

– Сени сынадым. Так мага жубай боло турган кыз экенсиң. Сенин ордуңда башка бирөө болгондо "эмнеге, тиги-бу" деп бери дегенде бетимди тытмак. А сен “болуптур” деп койдуң да, башыңдагы башка варианттарды карай баштадың. Балким, кай бирине чалып да жибергендирсиң, ээ?

– Ооба,- дедим моюнума алып. Үн катпай мени кучактадың да, "Эч кимге бербейм. Тигилерге чалып эми "отмена" деп кой" дедиң.

– Жинди,- аргасыз күлдүм.

Муну менен эмнени айткым келди, эмнеге эстедим? Сен мени так өзүмдөй кабыл алганыңды, кооздобой, идеалдаштырбай, жаман жактарымды билип туруп кол кармашканыңды айткым келди. Сен мени китеп сымал окуп коёсуң. Жок, так рентген сымал ичимден эмне сызылып чыкты билип турасың.

Сүйүү мага кийин келди. Тоюбуз болгон күнү. Турмушумда биринчи жолу ишенимдүү канаттардын алдында экенимди сездим. Бул жолу чын дилимден сага ашык болдум.

Мен сени сүйөм дегеним – көп маанини туюндурат. Мисалы, ар дайым, кандай маанай болсо да, сени менен болгум келет дегенди. Бир жашоону экөөбүзгө бөлөлү, ачуусун-таттуусун, таарынычын, ызасын бирге таталык дегенди...

Сени сүйөм дегеним – сени толук бойдон кабыл алдым дегеним. Сенин оюнкараактыгыңды, ыйлай турган ишке күлүп койгонуңду, кайра чарт этип тез жиниң келип, кайра күн сымал ачылып кеткениңди, айтор, баарын кабыл алдым.

Сенин тереңде катылган тазалыгың жагат. Тамашакөйлүгүң жагат. Оор абалдан да ар дайым тамашалап чыгып кетесиң, бирок ошол учурда сага канчалык оор экенин сезем. Күлкүңдүн аркасында катылган коркууларыңды сезем. Ошондой учурда сага кошулуп калп эле күлгөндү үйрөндүм. Анткени сен эч качан менин алдымда алсыз болууну каалабайсың. Эл катары иштеп, тытынып тиричилик, балдар менен алек болуп жатып, биз өзгөчө сезимдерибизди жоготуп албайлык деп корком. Үч ооз сөз алгач баналдуулукка айланып, кийин такыр тиричиликке басылып кетишин каалабайм.

P.S. МСС. Мен сени сүйөм

Диана


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(10)
19.06.2018. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Сонун создор!
19.06.2018. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Эх жашоо,жаны турмуш курган кундор кандай соонун.бири бирин суйуп турмуш кургандан кийин эч нерсеге карабай суйууну бага билиш керек.тиричилик,бала Чака деп журуп озубузду унутуп коет экенбиз.
20.06.2018. 00:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Айназиктин мамалагы бул жакта журот го)))
20.06.2018. 03:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жашоодо шуруга тизгендей бактылуу кундор жок, бактылуу коз ирмемдер бар.
20.06.2018. 09:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ооба кыздар чын эле 50 процент есеп китепти ойлонуп корот окшойбуз.мен деле ошентип эле турмушка чыккан элем.Бирок азыр жонокой уйдо жашасак дагы бактылуу жашап жатабыз Кудайга шугур.Эн негизгиси куйоомду суйом.суйлошуп жургондо оюм озгоруп башкаларды дагы вариантка алып кое берчум.
20.06.2018. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ушундай окуяларды кимге жиберсек, чыгара алат,
20.06.2018. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Нике ысык болот дегенге ишене бергиле. Мен жолдошумду жек корчумун бойдок кезде. Азыр аны жакшы кором,алыс кетсе сагынамын.
21.06.2018. 18:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Allahtyn yraazychylygy uchun turmush kurup, kiyin kancha araket kylyp da suio albai koisok emne kyluu kerek?
23.06.2018. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Girl1996,Ыраазычылык учун жасаган ишти артка алган болбос. Екоонор тен намаз окуп бири биринерге жакшы мамиле жасап конулдуу жашасанар Аллах силерге суйуу берет иншалла
23.06.2018. 03:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахтын ыраазычылыгы учун эмес 1-озундун жана жакындарындын ыраазычылыгы учун турмуш кур. А то копчулук ошентип бактысыз болуп тилинди тиштеп калып жатасынар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо