МАС АБАЛЫНДАГЫ АТА-БАЛАНЫН УРУШУ БЫЧАКТАШУУ МЕНЕН АЯКТАДЫ

№815 15-июнь -21-июнь, 2018-ж.

Ош шаарында ата-баланын ортосунда чыр чыгып, мас абалдагы уулу атасынын моюнун бычак менен кесип жиберген окуя катталды.

ОКУЯ ТУУРАЛУУ
Ош ШИИБинин басма сөз кызматкери Замир Сыдыков бул кылмыш тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди:

– 2018-жылдын 3-июнунда саат 16:30 чамасында Ош шаарынын Ак-Буура милиция бөлүмүнө шаардын Ленинград көчөсүндө ата-баланын ортосунда чыр чыкканы тууралуу маалымат түшкөн. Окуяны тактоо үчүн аймактык инспектор жөнөтүлгөн. Аймактык инспектор барган учурда үй ээсинин 1986-жылы туулган О.Б. аттуу уулу кан болгон кийимдери менен эшикке чыгып бара жаткан. Милиция кызматкери үй ээсинин уулун кармап, аны менен кошо үйгө киргенде, 1961-жылы туулган М.Б. аттуу үй ээси бөлмөдө кансырап жаткан. Милиция кызматкери “Тез жардам” кызматын жана кесиптештерин чакырып, жабырлануучуга алгачкы жардамдар көрсөтүлгөн. Өз атасынын өмүрүнө кол салганга шектелип кармалган жарандын үстүнөн Ош ШИИБинин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 28-97-беренеси (адам өлтүрүүгө аракет кылуу) менен кылмыш иши козголгон. Ал эми 5-июнда Ош шаардык соту кылмышка шектүүнүн баш коргоо чарасын карап, аны 2 айга СИЗОдо камакта калтыруу боюнча чечим чыгарган.

“ИЧПЕЧИ, БАЛАМ, ИЧПЕЧИ...”

– Тергөө иштеринин алгачкы жыйынтыктарына караганда, атасы 32 жаштагы уулун “ичпечи” дегенинен улам кылмыш болгон. Ошол күнү 57 жаштагы үй ээси өз үйүндө бир таанышы менен спирт ичимдиктерин ичип отурган. Уулу да өз бөлмөсүндө арак менен сыра ичкен экен. Атасынын берген көрсөтмөсүнө караганда, ал көп ичип жүргөн баласын «ичпечи, балам, жок дегенде ыйык орозо айында арак ичпе» деп урушкан. Айтымында, ошондо уулу ашкана бычагын алып артынан келип моюнунан кесип жиберген. Бычактын мокок болгону анын өмүрүн сактап калган.

Ал эми кылмышка шектүүнүн берген көрсөтмөсүнө караганда, ошол убакта өзү да, атасы да мас болгон. Айтымында, атасы аны "эмне үчүн Орусияга барып иштеп келбейсиң?" деп урушуп, бир нече жолу уруп жиберген. Анан столдо турган бычакты алганда, уулу бычакты талашып жатып кесилип кеткен. Ошондуктан тактоочу жагдайлар көп, жабырлануучу айыккан соң тергөө иштери улантылат.

“ЧАЛЫМ БАЛАМДЫ КАТУУ САБАП САЛЫПТЫР”

32 жаштагы кылмышка шектүү буга чейин 3 жолу үйлөнүп, учурда үчүнчү аялы менен жашап жүргөн. Ортодо балдары жок. Ал мурда көп жылдар Орусияда иштеген, мекенине келгенден кийин устачылык кылып иштеп жүргөн. Ал эми жабырлануучу мурда оор жүк ташуучу унаа айдап иштеген, учурда эч жерде иштебейт. Жабырлануучунун аялы, кылмышка шектүүнүн апасы Саадат айым ошол күнү жумушта болгонун айтат:

– Мен ошол күнү үйдө эмес элем, жумушта болчумун. Экөө тең мас болгон экен. Чалым баламды өтө катуу сабап салыптыр. Негизи балам дайыма эле иче бербейт, кээде ошентип 3-4 күн ичип жүрүп алат. 2 күндөн бери ичип жаткан, ошол күнү ага “болду эми, ичкенди токтот” деп жумушума кеткен элем. Балам өзү үйдүн ичин оңдоп жаткан болчу, эми анын баары калды. Чалым учурда жакшы болуп келатат.

“БАЛАҢ МЕНЕН ЧОГУУ ИЧПЕ ДЕП АЙТА БЕРИП ЧАРЧАГАМ”
Бул үй-бүлөнүн коңшусу Пазыл Көгалатов кылмышты биринчи болуп көрүп, милицияга кабар берген:

– Ошол күнү мен көчөдө тыт жеп жаткан элем. Бир убакта кошунамдын баласы Азат бети-башы бүт кан болуп дарбазадан сыртка чыгып, кайра үйүнө кирип кетти. Аны көрүп бир балээ болгон окшойт деп коркуп кетип, ошол замат “Тез жардамга” жана милицияга телефон чалып кабарладым. Аймактык инспектор келгенден кийин чогуу кирсем, атасы “өзүмдү өзүм союп салдым” деп кыйкырып жаткан экен, мен кетип калгам.

Кошунам экөөбүз чогуу чоңойгонбуз, доспуз. Баласы аяш уулум болот. Атасы менен баласы чогуу ичкен болмок беле?.. Досума “кой, балаң менен арак ичпе” деп айта берип чарчагам, айтканым үчүн жаман көрчү. Баласы кээде ичип жүргөнүн көрүп калчумун, андайда “бар үйүңө кир” деп кубалап жиберчүмүн. Бирок ичкенде ызы-чуусу жок эле.

Көп кан жоготкон жабырлануучу өз учурунда жардам көрсөтүлгөнү үчүн өмүрү сакталып калган. Анын моюну 10 сантиметрдей кесилген, дарыгерлер тарабынан операция жасалган. Учурда ал ооруканадан үйүнө чыгарылган.


Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -5 
Комментарийлер(11)
19.06.2018. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Экоонон тен кеткен экен,эми актанышып эле жатып калат да,эээх ушул аракты жок кылуу боюнча мыйзам чыкса,
19.06.2018. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Аракты ким ойлоп тапса да наалат, канчалаган өмүрлөрдү талкалады.
19.06.2018. 17:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Karakash,кеп адамдын озундо,алардын оозуна кыйнап бироо куюп жаткан жок да.
19.06.2018. 20:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
2 эркек үйдө арак ичип килейип жатса байкуш аял ишке кетиптир.Мына эркектердин жоопкерчиликсиз мамилеси,дагы түрктүн сөзүнө теригип коесуңар.Акыйкат ачуу болот,эркектерде эркектик дух калбай эле калыптыр го.
20.06.2018. 05:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Арак качан эле жакшылыка алып келди эле,дагы тынчтык болсун,жакшылык болсун деп ичкенде куйосунда.
20.06.2018. 06:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Erkekter XXXX boluP baratat ichpegeni ushakchy gulzat mamytbekti ushaktap oturushat
Модератор admin_media түзөттү 2018-06-20 10:19:21
20.06.2018. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Кошунасынын айтканы жакшы экен"ошол кезде мен тыт жеп жаткам" деп,аялдар байкуштар талаада орозо экенине карабай,эркектер арак ичип мушташып,ата бала экенине карабай,тыт жэп жата беришет. Аман эле болгула
20.06.2018. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Nanei,ха-ха го комментарийин .Бирок эн туура жазыпсын
23.06.2018. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Nanei,Кайдан билесин коншусуна может выходнойдур же эрте келгендир жумуштан,каалаганын кылсын тыт жесин орук жесин
20.06.2018. 23:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Жаман болдунарго арак ичкен начар уй було экен ошонун айынан эркектердин баарын жамандап силерге табылбай эле калды озунор кыйынсынарбы
22.06.2018. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Озу тарбиялаган баласы озуно муш болуптур да. Ошентип рахматын айтыптыр. Аттин дунуйо балага биринчи озубуз пример болушубуз керек. Бир эле аракты куноолой берген да туура эмес... Азыр деле кеч эмес экооно тен ыйман ынсап берсин Аллахым. Туз жашашсын эми
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо