Назира Айтбекова, алпаруучу: “УУЛУМ КАЧАН КҮЙӨӨГӨ ТИЕСИҢ ДЕП СУРАЧУ БОЛДУ”

№815 15-июнь -21-июнь, 2018-ж.

“АПАМ”

– Жашоомдогу эң чоң орундагы адамым – апам. Так менин жашымда атам менен ажырашып, мени жалгыз чоңойтту. Турмуштан бир көңүлү калып калган адамга кайра башынан башташ оор болот окшойт. Мага болгон сүйүүсүн, жаштыгын, курчтугун арнады. Апам сыртынан назик, кичинекей көрүнгөнү менен, күчтүү аял. Турмушу бузулса да сол жакка кетпеди. Ал күчтүү кызды тарбиялап чыгарды. Мен кичинемден көп оорудум. Баарына чыдады.

Ал турмушка чыгып, мени аталуу кылышын каалачумун. Анын да балдары болуп чоң үй-бүлө болсокпу деп кыялдана берчүмүн. Бирок андай болгон жок. Апамдын баркына жете ала турган адам жолунан чыкпады окшойт. Бирок апам азыр деле жаш. Сүйүп кала турган болсо, жан дүйнөсү төп келсе эмнеге болбосун?

“БАЛАМ”

– Уулум Ариеттин да өзгөчө дүйнөсү бар. Жан дүйнөсүнүн тазалыгы, дардалаңдап кеткени, берешендиги менин дүйнөм. Ал эч нерсе менен иши жок бир дүйнө. Аруу дүйнө... Баламды карап отуруп суктанам, сыймыктанам, бир нерселерди үйрөнөм. “Менин досторум суусап жатат, бол, эмнең бар?” деп муздаткычты аңтарып баарын таратып берет. Ойлору да кызык, планетанын тагдырынан бери ойлонот. Бүгүн эртең менен эле “мама, качан күйөөгө тиесиң?” деп сурады. “Билбейм, балам, азыр күйөө издей элекмин да” десем, “Хаммер айдаган, бир бай күйөөгө тийчи, ээ?” деп күлдүрдү. Атасы менен жашап жатканда деле ушинтип куурата берчү (күлүп). “Менин күйөөм бар” да десем, “сен башкага тийип бөбөк төрөйсүң” дей берчү.

Атасы экөөбүздүн ортобуздагы маселелерди алгач жашырып жүрдүм. “Атаң көп иштеш керек” дей бердим. Алгач ишенген. Анан атасы үйлөнүп алгандан кийин айтышка туура келди. Жеңил кабыл алуусуна аракет кылдым. Көп сүйлөштүм. “Баары теңин табат, азыр атаң тапты, анан мен, кийин сен табасың. Атаңдын үйүндө жүрөсүң, менин үйүмдө жүрөсүң, жыргайсың, эки үйүң болот” деп алдап-аздап түшүндүрүп отурдум. Кудай буюрса, өтүп кетти.

КЕСИП

– Ишим бар. Съёмкада турганда баарын унутуп калам. Ансыз жашай албайм. Ушу жолдо жүрүп аброй таптым, атымды түптөдүм. Бирок каржы жактан эч нерсе чогулткан жокмун.

ЭРКЕКТЕР

– Түркиядан келе жатып жанымда отурган түрк менен сүйлөшүп калдым. Ал “Аялдарыңарга суктандым. Базарда кайсы иш болбосун аялдар иштешет экен, үйүндө 5 баласы бар, алардын ар бирине көңүл бурганга жетишет. Ошол учурда эркектериңерге да суктандым. Алар эч камырабай аялы алып келген акча менен оокат кылып, кийин ал байкуш ооруп же карып калса башкага тыз коюп кетип калат экен. Бизде аялдар эрке, эмне десе ошонусун эркек аткарууга милдеттүү. Анан калса силерде күйөөлөр 5 бала төрөлгөндөн кийин “башканы сүйүп калдым, эмне кылайын?” деп басып кетмейи да бар экен. Айтор, эркектериңерге мыкты шарт түзүлгөн. Силерден аял алыш керек, сулуу дагы, тың дагы, чыдамкай дагы болот экенсиңер” деди. Ойлонуп калдым. Биздин эркектер чын эле алсыз экен. Моюнуна жүк көтөргөндөн чарчап, кыйынчылыкта басып эле кетип калат. Кайда жеңил турмуш болсо, ошол жакка ооп кетет. Баары эмес, көбү ошондой. Эми мезгил өтүп жүрөк айыкса, мен экинчи жолу адамдын колун кармап калсам, ал жоопкерчиликтүү болушун каалайт элем. Бир кармаган колумду таптакыр чыгарбашын каалайт элем. Ыйлактамай, “мен кыйналып кеттим” демей жок. Мен турмушту кандай жеңип жатсам, ал дагы ошондой жеңсе дейм. Менден күчтүү болушун каалайм.

“КАТАЛАРЫМ”

– Назираны мен каталары менен сүйөм. Албетте, каталарды кетирдим, бирок алар мага турмуштун жакшы сабагын өттү. Күчтүү кылды. Ката кетиргенден коркпойм. "Бирөөнүн үй-бүлөсүн буза аласыңбы?" деген суроо да берип калышат. Жок, ал ишке бара албайм. Бирок мурун үй-бүлө бузгандарды соттоп, жек көрүп, "кантип жер көтөрүп жүрөт?" дегенге чейин барчумун. Азыр ага да көз карашым өзгөрдү. Кескин түрдө аларды соттой албай калдым. Анткени көп жубайларды көрдүм балдары үчүн деп эле бир өмүрдү текке кетирген. Балким, экөө бирин-бири уйпалап, эзгилеп бактысын байлагыча, коё бергени жакшы эмеспи деп ойлойм. Муну менен мен бирөөнүн турмушун бузам деп айтканга дитим барбайт. Анткени мен өзүмдүн атам башка бирөөнү эркелетип жатканын көрүп жүрөгүм эзилчү. Балам учурда ошол абалды башынан өткөрүп жатат. Бирөөнүн көзүн жашылдантып коюп бактылуу боло албайм го дейм.

АКЧА

– Кичинемден акчага болгон сүйүүм анча эмес. Акчалар тырышып-бырышып ар кайсы кийимдин чөнтөгүндө жүрө берчү. Азыр үй-бүлөмдү багыш керек болгон учурда акчаны сүйүүгө үйрөнө баштадым. Жокчулукту деле көрдүм, андан деле болбойт экен. Көңүлү ток адамдар жүрө берет экен. Апам мени мугалимдиги менен бакты. 300 сомду бир айга жеткирип, батирден батирге көчкөн учурларыбыз болгон. Бирок ошол нерсе деле мени акчага кызыктыра алган эмес. Жөнөкөй жигитти тандап алганым деле, балким, ошондондур.

СҮЙҮҮ

– Мурунку жолдошумду сүйчүмүн. Ал менин дүйнөм, ар бир кышын кынаптап коюп чыккан мунарам болчу. Тогуз жыл бою кооздоп түзүп алган мунарам минтип түртүп койсо эле жыгылып каларын кайдан билдим? Сүйүү – кызык нерсе. Балким, азыркы айткандарым кийинки сүйүүмдүн алдында шоона эшпей калар. Бирок мен азыр бактылуумун. Аял турмушка чыкканда өз канатын кесип туруп күйөөсүнө тагат экен. “Мына, сен уч, мен жерде эле жүрөйүн” дейт имиш. Азыр тигиге тагып койгон канатымды кайра тагынып алып учуп баштадым.


Нуржамал Жийдебаева
Адилет Бектуров
star@super.kg


Назира Айтбекова: "Балам күйөөгө тий деп айтчу болду"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(58)
19.06.2018. 14:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Биринчи сүрөтү кантет, Албарстыдай болуп. Возрастына жараша кийинсе болмок!
21.06.2018. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Snikers18,ал тасмага тартылып аткандагысы окшойт
19.06.2018. 15:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошончун кыргызда кеп бар, «Жанында жаткан эрине да ишенбе» деп!
Бул создун тору- канчалык жарын болуп бир уйбулодо бир тошок жамынып жатсан дагы озуно бекем бол дегени.
Турмуш куруу бул абдан оор, эки башка адам топ келип жашап кеткендерге кээде чон алкыш айткын келет.
19.06.2018. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу бол Назира иштерине ийгилик ушунчалык созго чечен акылдуу айымсын турмушундан аксаба озунду сыйлай турган тенинди тап
SUPER.KG видео
19.06.2018. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Кыргыз эркектерине ыраазы болбогон учун,тийип жатасынар башка улутка...
Тийгени аз келгенде КР нын аймагында
Пиз..
19.06.2018. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Назира ОЗУ кооз суйлогондун мастери,тили буудай кууруйт,элди кандай соз менен алдащты жакшы билет. Окуп алып элдер оо,акылдуу кыз экен депеле тамшанып калышты. Акылдуулукту коро алган жокмун,жон эле актриса Лиса Алиса болуп жатат,тушунгон кишиге
SUPER.KG видео
19.06.2018. 19:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ото эле обу жок жургон турганын жакпайт, ашепке кулосун калжандап.
19.06.2018. 19:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Катар катар төрөп алсаң болмок экен.
19.06.2018. 20:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бактылуу болунуз
19.06.2018. 20:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Озунон косяк кетиргендей сезиле берет.Жолдошумду суйчумун,суйом дегенин кечирим сурап жаткандай эле боло берет мага
19.06.2018. 22:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Турмушунан ажырагандан бери кыйла токтолуп,калжындабай калды. Кантседа бакыт каалайм.
20.06.2018. 05:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мага да бир башка улуттагы адам ошентти эле, биздин аялдар чындап эле кор болду. 50 % ажырашып кыйынчылык корсо 50 % бирге жашап кор болуда.
22.06.2018. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
sonka89.,Анткени кыргыз аялдары укуктарыбызды эч ким коргобойт!!!Кандай болгон шартта да дайыма аял куноолуу деп саналат. «Эл эмне дейт»-дегенден уялып ,эптеп чыдап жашагандай миндеп саналат...
20.06.2018. 06:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Назира кыргыздын сап башында турган,коронгосу терен,сулуу кыздарынын бири. Сага аялдык бакыт каалайм, Назира.
20.06.2018. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Негизи ар бир аял бактылуу болгонго акысы бар .Бактылуулукту каалайм Назирага
20.06.2018. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Назира эми туркко тиет экенда значит
SUPER.KG видео
20.06.2018. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уулуп уншуп ыйлап Супер инфону сотко берип жатпады беле.
20.06.2018. 18:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Туура азыр март Эркек жок кыргызстанда! Кичине байыса катын издеп чыгышат. Байкуш аялы убагында жаш болуп балдарды торогонун унутуп жаш керек деп. Кыргызстан меге онукпойт, март Эркек жок учун. Коррупция только эркектер кылат. Окмотто жалган эрткектер!
20.06.2018. 18:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Назира имиджинди озгортчу кагылайын, мурдагы эле Назира сопсоонун болчу.
20.06.2018. 18:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кантесин кебетен менен
турктор ошентип жамандап койсо эле биздин XXXX ишенип алышат
Кыргыз кыздар баардык жерде доступный болуп калгандары окундурот
Модератор admin_media түзөттү 2018-06-21 09:06:23
20.06.2018. 23:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Назира,эмнеге эле кыргыз жигиттерин жамандай бересин?Беш кол тен эмес.Баардык улуттун жакшы,жаманы бар.Билем турктордун кандай экенин.Сага суйуу эмес,байлык башкы орунда болуп калган.
21.06.2018. 02:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушу комментарии жазгандарда Бир тузук Адам жок. Назиранын бул кундогу стили эмес. Бул жон Гана башкы бетке кызыктуу образ жаратты. Назира азыр мынтип журбойт. Мурун кудай эле. Болгону супер гезит сатыш учун ушинтип пиар кылып сатсаныз сонун отот. Кудай ай качан ....
21.06.2018. 06:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бакыт каалайм, турмуштан өз ордунду тап. "Күчтүү" чыныгы кыргыздын мырзасына жолук.
22.06.2018. 19:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эркектер тууралуу туура айтыптыр кошулам менин да кашыктап чогулткан сезимдеримди бир смс мн жанчып кетти эми ишенгис болдум корком эркек аттуудан
23.06.2018. 00:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Назира кыргыздын жигиттерин кооп жамандай бербесен озундода уулун бар кором кандай жигит болот экен жигиттергеле нааразысын турк кыздар карабай койгон турктун падкублисник жигиттерин Мактай бересинер
23.06.2018. 01:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргыздын жигиттери андай мындай деп озубуздун аялзаты нараазы болгондо айла жок кабыргам кайышып кетет.Шамал болбосо чоптун башы кыймылдабайт дегендей,азыр чындыгында кыргыздын жигиттери намыска бекем болбой калдык.Чечендин жигиттериндей намысты туу тутуп журсок,кыздарыбыз оздору эле онолушмак.
23.06.2018. 03:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Назира менен кантип байланышсак болот. Ушул эже менен чыгармачылык бойунча иштешейин деген бир долбоор бар эле. Урматтуу админ жардам бераласыздарбы?
23.06.2018. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туркко тийип кетейин намек кылыптыр да,сен бактылуу болбой ажырашсан башкалары бир жакшына жашап жургондор коп.Туркко тийип ошол жака кочуп кетсе деле жакшы болмок.Ар нерсени урдура бербей!
23.06.2018. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мыкты аялзаты...
24.06.2018. 01:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аял уйдун куту сен ар жайым башынды ийип жур куйооно жеп туулгандан кулыгына куюп чонойтсо кайсы аял озун ойлосун!
Эркек эмне десе боло берет, ойнош ойносо да кечииилет аял куноолуу болуп чыгат ал аз келгенсип!
Озун сыйлаган аял затына данк!!!
SUPER.KG видео
10.07.2018. 10:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Назира бактылуу болунуз! Сизди сыйлайм,сиз соонун аялсыз!)
09.08.2018. 19:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Nevestkaa,Snejana, Chagylgan1, жеке айтышуулар үчүн купуя кат бар. Билдирүүлөр өчүрүлдү!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо