Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ 18-июндан 24-июнга чейин

№815 15-июнь -21-июнь, 2018-ж.




КОЙ (21.03-20.04)
Жабык типтеги ишканаларга каттоого туура келет. Жумуштардын көбүн жалгыз аткарууга аргасыз болосуз. Апта жалпысынан сиз үчүн ийгиликтүү. Кайсы бир жактан акчанын келиши күтүлүүдө.


БУКАЧАР (21.04-20.05)
Дос, кесиптеш, айрым өнөктөштөр менен дагы да болсо тыгыз мамилени улантасыз. Чөгүңкү маанайга караганда көңүл көтөрүлгөн учурлар көп болот. Маселелерди оң жакка чечүү үчүн үйдөгүлөрдүн кеңешине таяныңыз.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Аптада жумуштагылар менен жакшы түшүнүшүп иштейсиз. Жетекчилик тараптан жасаган эмгегиңиз бааланат. Врачтарга текшерилүүгө аптанын ортосу ыңгайлуу. Жубайыңыз менен чырлашуудан сак болуңуз.


БӨЙӨН (22.06-22.07)
Башка жактык тааныштар, көзөмөл органдары менен сүйлөшүүлөр жакшы жүрөт. Сыртта жашаган балдар же сүйүктүүңүзгө барасыз же алар келишет. Ден соолукка көңүл бөлүүнү унутпаңыз.


АРСТАН (23.07-23.08)
Үйүңүзгө кирешенин кириши күтүлүүдө. Адаттагы мактанчаактыкты ооздуктасаңыз, кирешенин көлөмү бир топ жогору болот. Эс алууга, балдарга акча сарптайсыз. Жакшы окуяларга күбө болосуз.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Мыйзамга, укукка байланыштуу маселелер жакшы жакка чечилет. Жубайыңыздын сыйы, колдоосу жүрөгүңүздү жылытат. Жакшы кабар угасыз. Сапарга чыгуу, унаа, бир туугандар маселеси да четте калбайт.



ТАРАЗА (24.09-23.10)
Акыркы мезгилде сизди түйшөлтүп келген айрым бузулган мамилелерди жума күндөн баштап калыпка келтирүүгө болот. Сунуштар түшсө жок дебеңиз. Балдарыңыздын ийгилиги кубантат. Жакын санаалаштар менен бирге болосуз.


ЧАЯН (24.10-22.11)
Жумушуңузга, иш кагаздар менен документтерге так болуңуз. Айтышуудан абайлаңыз. Жолдо жүрүүдө, рулда сак болуу кажет, кооптуу мезгил. Ишемби, жекшембиде кесиптештер, үй-бүлө мүчөлөрү менен жагымдуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөсүз.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Каржыга байланыштуу көйгөйлөр акырындап чечиле баштайт. Мамлекеттик органдардын тиешелүү кызматкерлери, кайын журт, туугандар менен жакшы мамиледе болосуз. Жакшы кабар угасыз. Унаага жана сапарга чыгууга байланыштуу маселе козголот.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Кыйкымчылдыкты токтотсоңуз жана үй-бүлө мүчөлөрү менен чырлашпасаңыз акчага ээ болосуз. Башталган иштер, долбоорлор ийгиликтүү улантылат. Достор жардамга кол сунушат.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Жолдо жүрүүдө, унаа башкарууда сак болуу зарыл. Кооптуу мезгил. Сапарга чыгуудан мурда унааңызды сөзсүз текшертип коюңуз. Антпесеңиз жолдо калып. барчу жериңизге кечигип жетүүңүз мүмкүн.


БАЛЫК (20.02-20.03)
Акыркы күндөрдөгү кыйчалыш иштер бир калыпка түшсүн десеңиз, өз алдыңызча, максаттуу түрдө иштеңиз. Ички үнүңүздү угуңуз. Жакындарыңыздан кабар алып койсоңуз, сүйүнүп калышат.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо