Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ЭМНЕ ҮЧҮН ЕВРЕЙЛЕР АКЫЛДУУ?

№816 22-июнь -28-июнь, 2018-ж.

Кимдир бирөөнүн тапкычтыгына “еврейдей акылдуу го” деп баа бергендигин угуп калабыз. Бул сөздү эмнеге айтышат? Еврейлер өздөрү буга “а идише коп” (“еврей акылы” деген маани) деп жооп берип коюшат. Чындыгында дүйнө элдеринен өзгөчө билимдүүлүгү менен айырмаланган еврей улуту эмне үчүн акылдуу?

ИНТЕЛЛЕКТ, МИЛЛИАРД, "НОБЕЛЬ"...

Альберт Эйнштейн, Нильс Бор, Зигмунд Фрейд, Карл Маркс, Марк Цукерберг, Сергей Брин... Булар бир чети гана. Еврей улутунан чыккан чыгаан инсандарды санап отурса бир канча китеп чыкчудай. Мындан тышкары учурдагы дүйнө жүзүндөгү миллиардер жана миллионерлердин көпчүлүгүнүн түпкү теги еврей улутунан болуп чыгат. Алсак, АКШдагы жалпы миллионерлердин 20 пайызын, ал эми Орусия миллиардерлеринин төрттөн бир бөлүгүн еврей улутунун өкүлдөрү түзүшөт. Еврейлер үчүн акча биринчи орунда эместигин алардын илим, медицина, искусство жана башка тармактагы ийгиликтери айгинелейт. Мисалы, эң көп “Нобель” сыйлыгын алгандар – еврей улутунан чыккан инсандар. 100 жылдан ашык тарыхы бар сыйлыкты уткандардын 20 пайызынан көбү дал ушул улуттан болуп чыгат. Ошондой эле дүйнөнү багындырган шахматчылардын көбү еврейлер.

Интеллект коэффициентин (IQ) салыштырсак, еврейлердин орточо көрсөткүчү 115 болуп саналат. Бул башка улуттардын көрсөткүчтөрүнөн орточо эсеп менен алганда 10-15 баллга көп. Мындай көрсөткүчкө башка улуттар таң калышып "эмне үчүн еврей улуту акылдуу?" деген суроого жооп издөө менен алек.

ЕВРОПАДАГЫ ЕВРЕЙЛЕР

Еврей улуту дүйнө жүзүндөгү байыркы элдердин катарына кирет. Алар тууралуу биздин заманга чейин 2 миң жыл мурунку тарыхта айтылат. Европага тараган еврейлерди ашкенази деп аташат, акылы менен айырмалангандар дал ушулар. Орто кылымдарда еврей эли Европада чачыранды болуп тарап катуу запкы чегишкен. Ошол кездеги мыйзамдар аталган улут үчүн катаал эле – курал-жарак кармоого тыюу салынган, жер тилкелерине ээ болууга мүмкүнчүлүк берилген эмес, ал тургай ар кыл кесиптин ээси болууга болбойт эле. Алар үчүн соода-сатык жана акча менен иштөө гана калган. Бул үчүн диндин таасири тийген. Христиан жана мусулмандар бири-бири менен иш жүргүзүшкөн эмес, ал эми еврейлер үчүн эки жак менен тең иштешүүгө мүмкүн эле. Жыйынтыгында еврейлер эки динди кармангандардын ортосундагы соода-сатык мамилелеринде көпүрө болуп турушкан. Акчага үстөк кошуу, насыя жана башка каражат маселесиндеги мамилелер еврейлер тарабынан түптөлгөн. Эсеп-кысап маселесинде иштин чоо-жайын түшүнгөн еврейлер куугунтукка кабылышканы менен, алар куулган коомчулукта дароо экономикалык баш аламандык жаралган. Ошентип еврейлер кайра ордуларына келип калышчу.

Мындай замандарда акыл жана тапкычтык гана еврейлерди сактап калмак, андыктан бул жаатта алар башкалардан айырмаланып турушуна тарых да себепкер. Андыктан еврейлер арасында “канчалык акылың өссө, чөнтөктөгү шекел (израиль акча бирдиги) да өсөт” деген кеп бекеринен жаралган эмес.

АКЫЛДЫН БАШАТЫ – ТАРБИЯ

Бул суроого алардын балдарына берген тарбиясы жооп болуп жүрбөсүн? Мүмкүн. Себеби бул улутта балдарга тарбия берүү чоң мааниге ээ. Учурда кандай заман болбосун еврей ата-энелери жана устаттары Тоораттын негизинде тарбия беришет. «Менин баламда кемчилик жок жана болушу да мүмкүн эмес» – еврей ата-энелеринин башкы насааты ушундай. Алар башынан эле балага адам канчалык акылдуу, кандай жогорку даражаларга жете аларын түшүндүрүп беришет.

Еврей баланы уруу, урушуп-тилдөө деген тарбияда колдонулбайт. Көңүлдү түшүрө турган сөздөрдү чоң кишилери балдарына айтышпайт. “Мындай жаман нерсени ушундай жакшы бала кантип жасап койду?” деп тентек балага апасы акырын гана айтып коёт.

Акылдуу балдарды тарбиялоодогу дагы бир өзгөчөлүк – “еврей чоң апасынын принциби”. Бул үй-бүлөдө баланы ар тарабынан колдоо дегенди түшүндүрөт. Кичинекей еврей спорт менен машыкпасын, музыка ойноп баштабасын еврей үй-бүлөдө бул “гениалдуу, сонун, азамат” деген мактоолорго татып турат. Мындай мактоолор баланын өзүнө болгон ишенимин арттырат.

АКЫЛДЫН АЙЫНАН ООРУГА ЧАЛДЫГЫП...

Эң көп запкы жеп келген ашкенази еврейлери геноциддин түрүн көрүшсө дагы, баары бир өз ордуларын таба алышты. Бул алардын канында тапкычтыгы же кандай абал болбосун жыйынтык чыгара алышкандыгы. Ашкеназилер илгертеден акылы жактан айырмаланбагандарын башка улуттар менен үй-бүлө түзүүгө мажбур кылышкан. Андыктан бул улутта бир гана акылдуу жана мыктылар иргелип турган. 1922-жылдары Израилдеги еврейлердин саны 700 миңден гана ашса, учурда алардын саны 7 миллиондон ашат (3 миллиондон ашыгы ашкенази еврейлери). Израиль учурда жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүнүн саны боюнча дүйнө жүзүндө 1-орунда. Америкадагы еврейлердин саны жалпы элдин 2,2 пайызын түзгөнү менен, мыкты делинген окуу жайлардагы окутуучулардын 30 пайызы еврейлер. Мындай мисалдарды айта берсе толтура.

Акылдын көп болушу кээде зыяндыгын да тийгизет. Ашкенази эли 10дон ашык генетикалык ооруга дуушар болушат. Ал оорулардын көпчүлүгү башка элде такыр кездешпей турган оорулар. Ал ооруларды изилдеген окумуштуулар кызыктуу тыянакка келишкен, оорулардын тийгизген таасири мээнин иштешин жакшыртууга өбөлгө түзгөн.

Тель-Авив шаарынын Бен-Гурион аэропортунда келип жаткандар үчүн “Сулуу болгула” деген жазуу жазылып турат. Еврейлерди түшүнгөндөр акылдуулардын баары эбак ушул жерде да деп билишет.


Адилет Керимбек уулу
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(67)
26.06.2018. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Алла Пугачева да еврейка
26.06.2018. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Мусулман эместер көп окшойт ээ арабызда?
26.06.2018. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Москвада учётко турайын деп больницага барсам орус врач айтат: дуйнодо эн акылдуу еврейлер дейт, алар боюнда болгуча 2-3 жыл мурун витаминдерди ичип куйоосу экоо тен анан баланы пландаштырат дейт. Орустар биз да ошол методу пайдаланып жатабыз акыркы убакта дейт. Сенчи 2 ай болгондо келипсин деп суйлонот. Ичимден планды айтасын да, биздикилер планына карайбы болгондон кийин билесин деп суйлонуп койдум. Акыл эсин кудай берсин деп келе бердим. Еврейлер балага конул бурушат экенде кичинесиден.
26.06.2018. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Религия останавливает прогресс!
26.06.2018. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Тан калдым..ээх тан каласын адамдарга,оздору мусулман,бирок... соз жок. Мынтип соз талашпай тообо деп журо бергиле,бекер куноону мойнунарга илип жатасынар. Ар бир ашыкча созубузга,ишибизге кыймылыбызга жооп беребиз акыры?!!!?
26.06.2018. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул еврейлер акылы жактан албетте Алды жакта. Бирок оздорунун пайгамбарын абдан чыдамсыздык менен куткон еврейлерди тушуно албайм. Албетте ал пайгамбар деп эсептеген макулук таджал.
26.06.2018. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Менин оюмча баарынардын оюнар озунор учун туура. Бирок, башка темада соз болуп жатканда неге динге асыласынар тушунбойм да. Арабдар дейсинер, аларда эмне куноо? Динге силерди зордуктап аткан жок го.
26.06.2018. 18:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушунча элибиз карангы экен артта калган коменттерден байкадым Еврей десе жантагынардан жата калып колдойсунарго,чыккынчылар дининер ислам унутпагыла тимеле Еврейлердин фанаты болуп кетесинер
26.06.2018. 22:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
raiana53,ушунчалык эле ак болуп, еврейлерден жийркенип турсан еврейлер чыгарган нерсени эмне колдонуп жатасын, чыныгы мусулманчылыкта болунуу жок, бардык эл менен ынтымакта жашагыла, таш менен урганды аш менен ур деп тарбиялайт, а сен тутуп жаткан арабдын идеологиясынба жалан гана караозгойлук жатат, болунуу таш баран кылуу, олтуруу, союуу, силердин колунардан ушул эле келет, калп эле сайтта ыймандуу коруно бересинер
26.06.2018. 22:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Бул дуйнону еврейлер башкарат туура бирок алар Ислам динине каршы анткени алар бул чыныгы туура таза дин экенин билишет биз ушул динде болуп калыганыбыз учун шугур дейли!
26.06.2018. 23:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
maks93,Биз деле башка диндерге каршыбызго
27.06.2018. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
maks93 Религия это зло. Дуйнодогу баардык диндер согуштун башаты.Ислам,христиан, иудей, буддизм либой дин озунукун туура деп талаша берет.Диндин артынан канчалаган согуштар болгон.Дин дуйнолук чон бизнес.Меккеге баруу тоже акча бул да бизнес,ошончолук кудайчыл экен Аллах учун отделдерди сууларды бесплатно кылып койбойт беле?арабдар ажылыктан тушкон акча мн жыргашат.Рим папа,Ватикан ото чон мафия. Ашыкча динге берилгенде ушундай нерселер козго корунбой, озунукун тууралап ата энесин кечкендер бар.
AKCAHAT түзөттү 2018-06-27 15:45:05
29.06.2018. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
AKCAHAT,озун кайсы жолду туура деп ойлойсун да Аллах туура жол берсин
29.06.2018. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
lady.girl7997,албетте каршыбыз бут дуйного мусулмандарды жаман косотуп жатса озун деле ойлонсон
26.06.2018. 22:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Айфон, фейсбук, интернет баары еврейлер тарабынан ойлоп тапкан продукциялар. Укмуш акылдуу болуп коммент жазып аткандар силер Абдул ибн Хаттаб же ибн Саллах ойлоп тапкан телефонду таап ошону колдонуп корбойсунорбу мумкун чын эле еврейлер тозокто куйуп атканын корсотоор. А дегиле Б дегиле еврейлер баарынарды колго алып башкарып жатат.Кредит толоймун деп эрди катын талаалап Россияда журушот вот именно банк,кредит системасы еврейлерге таандык))) оозунарды ачып журосунор анан)))
29.06.2018. 19:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мусулмандар учун бул дуйно абак сыяктуу тиги дуйносу Бейиш.
Каапыр учун бул дуйносу бейиш сыяктуу ......
27.06.2018. 01:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Еврейлер акылдуу деп бир тараптуу айткан болбойт.Андай акылдуулар ар бир Элден чыгат.кыргыздар мусульман.бул жерде 1 эле Адам 4-5акаунт менен кирип исламды каралаган адамдар коптой коргозуп атат
27.06.2018. 04:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Акчам жоок деп баардыгы кайгырышат,
Акылым жок деп эчким кайгырбайт. еврей эл макалы.
27.06.2018. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
1,2жыл ичимдик ичишпейт экен балалуу болгонго чейин, еврейлер
27.06.2018. 16:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окуп олтуруп тан калдым иши кылып Кудайым озу кечирсин силерди.
27.06.2018. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Админ сен ушуларды окуп, текшерип отуруп мээн чирип кетпейби?
27.06.2018. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
АКСАНАТ!!! Эн туура жазгансын, мен сага 100% кошулам. Молодец просто!!!
27.06.2018. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бул дуйно еврейлердики, ушуга башынар жетпесе толук
изденип билип алгыла, эмнеге экенин!
27.06.2018. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Beks0207, этика нормаларын сактоону сунуштайбыз.
27.06.2018. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Негизи кыргыздын еврей менен иши деле жок. Муну арабтар бизге жамандап жатышат, башыбызга еврей жаман деген тушунукту таратып жатышат. Болбосо еврейлер кыргыздын нанын, жерин талашкан жерлери жок. Биз болгону арабтардын гана созун суйлоп отурабыз. Ошол себептен ислам дини кыргыздарды арабташтыруу максатында гана иштеп жатат.
29.06.2018. 01:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
i1urp,++++Созунузго кошулам, ошондой болсо да эмнеле сайт баатырлар дурболон салып жатышат билбейм,
27.06.2018. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул макала еврей жонундо эле жазылып турат ко. Динди не кошосунар. Бээ деп жазса тоо дейсинерда.
27.06.2018. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
koshoi_bolotbek,koshoi_bolotbek, asdef,Jumanazar.97,asdef,monster_high_98,Tyty1990,
Урматтуу колдонуучулар, темадан алыс кетпей, порталдын эрежелерин сактайлы!
29.06.2018. 01:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
admin_media,макул++
28.06.2018. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tumann.,Erlan_95, темадан алыс билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынган.
28.06.2018. 23:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ар бир улутпу ар бир адамбы жакшы жагын издеп улгу алыш керекбиз.Бул жашоонун закону ушундай плюс минус болгондо жашоо журот.Баардык затта минусу бар,бизге плюсу керек.
29.06.2018. 00:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kanatt, туура айтат бизге плюсу керек, динди туура түшүнбөгөндөр асылбай эле койсо болмок.
29.06.2018. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бизде тарбия башка окуп Ленин болот Белен деп мээ менен эмес кара куч менен иштегенге тарбиялашат.ошондуктан азыр копчулук кыргыздар таалаалап тирилик кылып журушот.
29.06.2018. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биз да заманга карап жашоону означает озгортушубущ керек азыр биз эртен балдарыбыз мигрант болуп журбошу учун.канчалаган элдерибиз кыйын гор жерлерде жакындарынан алыста иштеп журушот.
29.06.2018. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
rahali,ушулардын эсебинен байып жатышпайбы еврейлер .Бут баарын схемалаштырып алышкан ,бири эле курс доллар евролор каалагандай калчанып бироолордун пайдасына которулуп тушуп турат.
29.06.2018. 14:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бизде калыптанып калган тушунук бар кудай берип жатканда торой бер кудай ырыскысын берет дейбиз.а бирок Корто он балдар бактылуу балалыкты корбой ата энесинин мээримине зар болуп жартылуу курсагы тойбой жургондор да жок жмес
29.06.2018. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы жашоого аракет кылайлы умтулайлы талыкпай аракет крыла берсек созсуз жыйынтык болот.балдарыбыздын келечеги кён болсун бизда алдынкы олколордон бололу
29.06.2018. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ии еврейлерди жон эле адам аттуунун пириндей мактап жактап жибериптирсинер.Эмне алардын мээси же тузулушу башкача жаралып он эки манча торт буту бар бекен .Баары биздей эле жаралган болгону тынбай мээнеттенип окуп билим алышат а биз болсо жалкоо элбиз ким даяр кылып койсо зыянбы пайдабы карабай пайдалана беребиз .Булар Куранды Тооратты окуп ошондогу нерселерди пайдаланышат ,анда макалада жазылгандай Куранда насыя алуу берууну тыйган болсо булар ошол нерсени дунуйого жайып и ошо мн байып жатышат.
18.01.2019. 21:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биякта бут эле еврей болуп кеткен го еврей экен деп ойлоп калсын деп
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо