№816 22-июнь -28-июнь, 2018-ж.
(Башталышы өткөн сандарда)
– Бирок мен сени кечирдим! Анан... Жыл өткөн сайын сүйүп бара жаттым. Бул сезим үчүн өзүмдү канчалык жек көрдүм. Бирок болбоду. Жек көрүү сүйүүгө айланарын угуп жүрсөм да, ишенбегем. Мен сени сүйөм, Керем! Тагдырымды талкалаган, зордоп эне кылган адамды – сени сүйдүм. Эми мени таштап кеткени турасың. Суранам, таштаба! Мени жалгыз таштаба, анткени мен бактылуу болгонду жаңы үйрөнө баштадым. Мени жарым жолго таштаба.
Жамиля көз жашын төгүп ыйлап жатты. Керемдин колдору титиреп кеткендей болду. Уккан сыяктуу сезилди.
ххх
– Башыңыз соо болсун, мырзаны жоготтук!
– Жок, жок, мүмкүн эмес!
Калтыраган колдору менен күйөөсүнүн бети-башын сылап жиберди, муздак экен. Таптакыр ишенгиси келбеди.
– Ач көздөрүңдү! Мен сага бир маанилүү нерсени айтпай калдым. Мен сага сүйөрүмдү айтпай калдым. Сен мени минтип таштап кете албайсың. Кана, тур, көздөрүңдү ач. Суранам сенден, Керем! Жалбарам сага, тур. Мына мен сенин жаныңдамын, мен сенден эч качан кетпейм. Биздин алдыбызда канча бактылуу күндөрүбүз калды. Сага айта албаган сөздөрүм калды. Мени минтип жазалаба.
Керем үн катпады. Жүзү ыраазы болгондой, тирүүсүндө эч көрбөгөндөй мээримдүү тартып калган экен. Жамиля жулкулдатып жүзүнөн өпкүлөп, колунан тартып жатты...
Керемдин зыйнатына көптөр чогулду. Карыган энеси, кайраттуу көрүнгүсү келсе да алын жоготуп койгондой. Кара кийимчен аялдардын арасында Жамиля да турду. Ал бардык ыйы түгөнүп калгандай жөн гана алсыз сустаят. Көзүнөн жаштары төгүлгөн Эмре менен Айла... Куран окулду. Табыт жерге түшүрүлгөндө Жамиля бар күчү менен бакырып алды.
– А-аа-аа!
Жаралуу жырткычтай бакырган аялдын үнү уккан кишинин аза боюн дүркүрөтүп жиберди.
ххх
– Бул иште мен эмнени билмек элем?- деди Жамиля аргасыз.
– Керем мырза сизге ишенген. Сиздин күчүңүзгө, акылыңызга ишенип башка эч бир адам мураскер болушун каалаган эмес. Уулуңуз чоңойгончо сиз башында турууга милдеттүүсүз. Мен сизге жардам берем. Бардыгын түшүндүрүп турам.
– Мага бул мурастын да, компаниянын да кереги жок.
Адвокат башын чайкап туруп калды. Колундагы папканы таштап чыгып кетти. Жамиля аргасыз аны колуна алды. Эсеп-кысаптар, келишимдер... Эч нерсени түшүнгөн жок. Арасында Керемдин колу менен жазылган баракка көзү түштү. Анда кол менен өзүнүн сүрөтү тартылган экен. Жөн эле ойноп отуруп калем сап менен тартып койгондой. Алдына “Сен бул ишти кыла аласың!” деп жазып койгон экен. Жамиля ак баракты көкүрөгүнө кысты. “Мен сенин ишиңди таштабайм. Колумдан келерин билбейм, бирок мен сенин ишеничиңди актайм. Балким, экөөбүз ушинтип эсептешербиз, Керем мырза. Балким, сен мени кечирерсиң”.
ххх
ххх
– Кечиресиз...- деди ал мукактана.
– Сиз мени бирөөгө окшоштуруп жаткандайсыз. Мен да сизди өзүмө окшоштурдум,-деди стюардесса кыз күлүмсүрөп.
Экөө тең күлүп жиберишти.
– Атым Айла.
Кыз төшүндө илинип турган бейжикти көрсөттү. Анда “Айлин Алибекова” деп жазылып турган эле.
– Таанышканыбыз сонун болду,- деди эмнегедир Айла. Белгисиз бир күч бул кызга тартып турду.
– Кааласаң номерлерибизди алмашалы.
Эки кыз номерлерин алмашып, бири-биринин колун бекем кысты. Айла өзүнчө жылмайып алды. Бул эки кыз бир тууган экенин билишкен жок. Бул жолу билишкен жок. Жолдор узак эмеспи, балким, алар чындыкты кайсы бир күнү билишер. Кайсы бир күнү бир тууган катары бирин-бири бооруна кысар... Алдыда эмне күтүп турат эч ким билбейт эмеспи.
(Аягы)
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
6
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Мен Алибек учун журогум ооруду,жалко жаш жигит.(((( Кандай бутурду,кандай жок авторго рахмат.Ар бир мигрант болуп иштеп жургон мекендештерибиздин жашоосун женил болуп,бактылуу болсун!!!