Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Мажбурлоо жолу менен сойку болуп иштеген Батма: “ЭКИ АЙ МЕНИ БӨЛМӨДӨН ЧЫГАРБАЙ КАМАП СОЙКУЛУККА ИШТЕТИШТИ...”

№816 22-июнь -28-июнь, 2018-ж.

Эркек менен аялдын үй-бүлөгө болгон жоопкерчиликсиз мамилеси баланын келечегине балта чабат. Буга кезектеги каарманыбыздын өмүр таржымалын мисал кылсак болчудай. Ата-эненин тарбиясы, мээрими жок өскөн Батма (каармандын аты-жөнү өзгөртүлдү) башына түшкөн оор тагдырын баяндап берди.

“АПАМ ЖУМАЛАП ИЧИП КӨЧӨ КЫДЫРЫП КЕТЧҮ ЭКЕН”

– Мен 1990-жылы Ысык-Көл облусунда жарыкка келгем. Балалыгым башка балдардай болуп ата-энемдин кашында каалагандай эркелеп жүрүп өткөн жок. Ата-эненин мээриминен куру калсам да, таятамдын, балдар үйүндөгү тарбиячылардын жылуу сөзүн, тарбиясын алып, мага окшоп кароосуз калган балдардын арасында чоңойдум.

Апам турмушка чыгып, бат эле ажырашып кеткен экен. Ошондо мен анын боюнда бар экенмин, көп өтпөй экинчи ирет турмушка чыгып, мен төрөлүптүрмүн. Бирок бул жолу да апамдын турмушу болбой, мен 1,5 жашка чыкканда өгөй атам менен ажырашып кетиптир. Апам жумалап, айлап спирт ичимдиктерин ичип көчө кыдырып кетчү экен. Акыры өгөй атам аны кетирип жибериптир.

“ТАЯТАМ ЧОҢОЙТТУ”

– Менин бир колум толук өспөй калган, тубаса 2-топтогу майыпмын. Апам 2-күйөөсү менен ажырашкан соң мени таятама таштап кетет. Таенем эрте эле өтүп кеткен. Таежем оорудан улам каза болуптур, таякем үй-бүлөсү менен Орусияда. Өгөй атам таятамдыкына келип абалымды сурап турчу, бирок ал да каза болуп калган. Мага кичинекейимден тарбия берип чоңойткон таятам болду. 5 жашка чыкканымда таятамдын жүрөгү ооруп, көзү да жакшы көрбөй калган. Дарылануу үчүн ооруканага жатышы керек болду, карай турган киши жок болгондуктан айла жок мени балдар үйүнө өткөрдү.

“КОЛУМДАН УЯЛАТ ЭЛЕМ, 10 ЖАШЫМДА ГАНА 1-КЛАССКА БАРДЫМ”

– Балдар үйүндө жакшы кабыл алышты. Ал жакка баргандан кийин 6 жашымда мектепке алдын ала даярдоочу класска кирдим. Бирок таятамды, үйдү сагынып балдар үйүнөн качып кеттим. Жолдон өтүп жаткан машиналарды токтотуп “менин атам Кызыл-Сууда жашайт, ошол жакка жеткирип койгулачы, адашып кеттим” деп сурандым. Үйгө келсем эшик бек, көрсө, таятам дагы деле ооруканада экен. Ачкыч кайда турарын билчү элем, ачып алдым. Таятамдын досу өтүп баратып үйдүн ачык турганын көрүп калыптыр, мени көрүп ээрчитип алып таятама алып барды эле, ал жактан милиция чакыртып кайра балдар үйүнө алып келишти.

Бирок мектепке баргым келген жок. Колумдан уялат элем, 10 жашымда гана 1-класска бардым. Мектептеги окуудан сырткары балдар үйүндө компьютер, тигүүчү, саймачылыкка үйрөткөн жана сүрөт ийримдери бар болчу. Мага "каалаган ийримиңе бар" дешти, тикмечиликти тандадым. Бир колдоп сайма сайганды, токуганды, тиккенди үйрөнө баштадым. Башында оор болчу, бара-бара колум көнүп, түрдүү сайма сайып, кече көйнөктөрүн тиккенге чейин үйрөнүп алдым.

“АПАМ ДАГЫ ТУРМУШКА ЧЫГЫП, КЫЗДУУ БОЛУП, АНЫ ДА ТАШТАП КЕТИПТИР”

– 9-классты бүткөндөн кийин Караколдогу кесиптик лицейлердин биринен ашпозчулукка окуп баштадым. Окуп жатсам бир күнү балдар үйүнүн директору Жеңишгүл Карыбековна “Сенин сиңдиң бар экен. Мага келип сүйлөшүп кет” деп чалды. Бардым, көрсө, апам кийин дагы турмушка чыгып, кыздуу болуп, аны да таштап кетиптир. Аты Салтанат экен, 1996-жылы төрөлүптүр. Ал “эже, сиздин бар экениңизди апамдан уккам. Таанышкым келчү” дейт. Апам аны да таштап кеткенде базардан коробка чогултуп тамак таап жечү экен. Ошентип жүргөндө Түп районунун акимчилигинин кызматкерлери аны “Мээрим булагы” балдар үйүнө өткөрүшүптүр. Салтанаттын жанында бир аз туруп окууга кеттим. Жеңишгүл Карыбековна мага “кайра бизге келип, 11-классты аякта. Сиңдиңди да жаныңа алып аласың” деди. Лицейден чыгып келдим да, сиңдим менен чогуу балдар үйүндө туруп калдык. Салтанат мектепти бүткөндөн кийин Бишкекке келип кесиптик лицейлердин биринде окуду. “Москвага кетем” деп жаткан, учурда байланышыбыз үзүлүп калды, кеткен окшойт.

“ЭКИ ИРЕТ ТУРМУШ КУРДУМ, БИРОК САКТАЙ АЛГАН ЖОКМУН”

– 11-классты бүткөндөн кийин Караколдогу тикмечилерди окутуучу окуу жайга кирдим. Окуп жүрүп бир жигит менен таанышып, ал эртеси күнү эле ала качып кетти. Ал да мага окшоп майып болчу, бир колу чыканактан ылдый, бир буту тизеден ылдый жок, токко алдырып алган экен, протез кийип жүрчү. Бишкекте батирде турчубуз, Казакстандын Кордайынан бензин алып келип сатып иштейт элек. Кайненем “аялдай болуп үйдө отурбайсың, кайда болбосун күйөөңдү ээрчип аласың” деп уруша берет эле.
Жолдошум болсо мени дайыма жанына алып алат. Анан күнү-түнү жолдо жүрүп чарчайбыз, келип эс алып жатсам кайненем “мышыктай болуп эле уктап жатасың. Оокат кылбайсың” деп сүйлөнүп, ар кайсыны айтып басынта берди. Жолдошум да мага жаман мамиле кылат эле. Аз эле жашадык, болгону 5 ай. Акыры чыдабай ажырашып кеттим.

Убакыт өтүп кайра турмушка чыктым, тун балабыз төрөлөрү менен чарчап калды. Экинчи балам аман-эсен жарыкка келди, учурда 2,5 жашта, атасы менен турат. Жолдошум ичип мага күн көрсөтпөйт эле, тилекке каршы, бул турмушумду да сактай алган жокмун.

“МАГА ОКШОГОН ДАГЫ 10-15тей КЫЗ БАР ЭКЕН”

– Бишкекке келип тигүүчү болуп иштеп жүргөм. Быйыл Нооруз майрамында эл катары мен да майрам көрөйүн деп борбордук “Ала-Тоо” аянтына бардым. Эркиндик бульварында жүрсөм жаныма эки аял келип таанышып калышты. Аттары Айгүл анан Чолпон экен, “чоң кыз, жумуш иштейсиңби? Бир жумада бир үй алсаң болот” дешти. Мен “эл жылдап иштеп үй ала албай жүрсө, бир жумада бир үй алган эмне жумуш?” десем, “барганда көрөсүң” деп эле такси чакырып мени салып кетишти.

“Ош базарына” жакын Павлов көчөсүндөгү бир мейманканага кирдик. Колумдагы баштыгымды, андагы паспортумду алып алышты. Мени алып келген Айгүл менен Чолпон кетип калышты, мейманкананын администраторунун аты Наргиза экен. Наргиза мага “бар душка кирип чык” деди, мен чочулап “эмнеге душка киришим керек? Мен кетем” десем мени жаакка эки чапты. Күч колдонуп душка киргизип жуунтуп, боёнтуп коюшту. Мага окшогон дагы 10-15тей кыз бар экен. Кечке жуук кыздарды короого алып чыгышты, ал жакта 20дай эркек бар экен. Наргиза мени “жаңы келген кыз, аты Назик” деп тааныштырды. Мен артка качып бөлмөнүн эшигин бекитип алдым. Болбой эле сындырып кирип, бир байкени үстүмө киргизип коюшту. Ал байке жакшы экен, мага тийишкен жок, эмне болуп келип калганымды сурады. Мен абалымды айтсам, “даярданып тур, 1-2 күндө кайра келип алып кетем” деди.



“БИЗГЕ ОКШОГОН МАЙЫПТАРДЫ АЛДАП КОЛДОНО БЕРСЕ БОЛОБУ?”

– Ошентип ал байкенин жардамы менен качып чыктым, “Ош базары” тарапка барып аялдамада турсам администратор кармап калды. Ошол бойдон 2 ай мени бөлмөдөн чыгарбай кайтарып сойкулукка иштетишти. Чыдабай калдым, администраторго “мени ушундай майып колум менен иштетип кантип бетиңер чыдап жатат?! Мен арызданчу жердин баарына барам, силерди каматам! Акчамды бергиле, мен кетем, дарыланышым керек” дедим. “Сенин колуңдан эч нерсе келбейт. Сөзүңдү эч ким укпайт” деп тоготпой койду.

Эки айдан кийин качып чыгып, Биринчи Май РИИБине барып арыз жаздым. Милиция кызматкерлери менен баягы мейманканага барсак, ал жакта иштегендер алмашып кетиптир, таппай калдык. Паспортумду Биринчи Май РИИБинин нөөмөттө турган кызматкерине таштап кетиптир, ким таштаганы белгисиз. Жума сайын барып жатам, Наргиза ал жумуштан кетип калыптыр. Паспортумду го алдым, иштеген акымды ким берет? Бизге окшогон майыптарды алдап колдоно берсе болобу? Кандай чара көрөрүмдү билбейм...

“ЭМГЕКЧИЛ, ЭЧ КИМГЕ ЖАМАНДЫГЫ ЖОК КЫЗ”

Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу балдар үйүнүн директору Жеңишгүл Ниязова менен байланышып, Батманын балдар үйүндө өткөн балалыгы тууралуу билдик:

– Батма бизге 5 жашында келген. Өзү эмгекчил, колунан баары келген, эч кимге жамандыгы жок кыз. Мектепте да жакшы окуду, зээндүү, бир нерсени бат үйрөнүп алат эле. Бизде тарбияланып жүрүп тикмечиликти, сайма сайганды, дегеле кол өнөрчүлүктүн көп түрүн өздөштүргөн. Мектепти бүткөндөн кийин кесиптик окуу жайга тапшыртып, жумуш таап бергем. Кийин турмушка чыгып, жакшынакай уулдуу болду. Толук кандуу үй-бүлө күткөндөн кийин жолдошу экөө неберемди көтөрүп алып мени менен учурашып кетишкен. Майрам сайын “Апа, майрамыңыз менен!” деп куттуктап турат. Жазга жакын келип учурашып кеткен. Ажырашканын уккан эмесмин.

 

 

Батманын арызы боюнча милиция кандай иш алып барып жатат?- деген суроого жооп алуу максатында Бишкек ШИИББинин маалымат катчысы Адыл Оморовго байланышканыбызда ал "тактап берем" деген боюнча 2 күн бою телефонун албай койду. Каарманыбыз менен чогуу Биринчи Май РИИБине бардык. Батма арыз жазып калтырган тергөөчү учурда жумуш боюнча башка жакта жүргөнүн айтып комментарий берүүдөн баш тартты.



Асыл Орозбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -5 
Комментарийлер(45)
26.06.2018. 11:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Акыретте сурак бар. Инша Алла жооп беришет
26.06.2018. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кайдыгер карабаган бирөө болсо жардам берип койсоңор, Аллах ыраазы болсун.
Адамдан өткөн жырткыч жок, ынсабы жоктор, бул аялды кор кылган, ушу сойкуканада иштеткен адамдарга да Кудай бар. Мамлекеттик кызмат өкүлдөрү эл үчүн иштегени барбы? Уят, жетимди кордосоңор, оңбойсуңар.
26.06.2018. 22:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Byrmachach,кайда $, евро ошол жакты карайтта
26.06.2018. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Адамдарда ар намыс калбаганго. Ошону зордуктаган эркектерди айт. Каетип ушундай болсун. Бечара. Эми ал деле айлыгым деп эле эмес. Ал жерде 10 15тей кыз бар экен деп атпайбы. Ошолорду да ойлоп. Адмнис. Оч алайын дегендир
26.06.2018. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
zinagull1996,10-15 кызды ойлобой эле айлык акымды алганы барып атам деп бадырайып эле жазылып турат
26.06.2018. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Эркектер деле кызык го колу жок ,майып болуп турса аяштын ордуна кантип ушинтишти экен
26.06.2018. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Биринчиден, таштап ичип кеткен кукук энеге наалат. Экинчи кызын да таштап кетиптир го. Анысы Москвага кетем деп, бул жакта эле куюлуп жатыппы. Коруп эле журобуз кыздарыбыз канчалык денгээлде оздорун алып журушконун. Экинчиден, айбандан айырмасы кундон кунго азайып бараткан адамдарга наалат. Бечараны майып экенин коруп туруп сойкулукка турткон, кудайдын каргышы тийгирлер.Кайда карай жоголуп баратабыз, замана??? Кайда караба, адамгерчиликтин жоголуп баратканын коросун. Аллах озун хидаят бер
Istina1000 түзөттү 2018-06-26 14:19:16
26.06.2018. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бираз ишенбей турам ушул кызга. Мейли биринчи жолу алданып барып калды дейли,анан качып чыгып ош базардын жанындагы аялдамага чейин келиптир,анан ошол жерде толтура эл бар,окуруп бакырып жардам сураса кантип эле эл карап турсун??? Бироо болбосо бироо жардам бермекк ко. Айтор,билбейм кимге дагы ищеничти. Мейманканын терезесинен деле кыйкырып жардам сураса болот беле дейм да.эки ай журуптур ошол жэрде. Эми ээн талаа,эрмен чол эмес ко, Павлов кочосу кай жерде ОЗУ??
26.06.2018. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ыпылас жердеги ишти иштедим дебей эле коюнузчу арам акча буйрубайт деле, мындан кийинкисин жакшы кылсын, туура акча керек бирок озунуз каалабаган жаман жерде иштедим деп барбай эле коюнуз
26.06.2018. 17:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Милициялар шеркта андай жерге. Милиция ээрчитип барса жок болсо. Качырып жиберди да милициялар оздору. Бара жатабыз деп.
26.06.2018. 20:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Закон акчасы барларга гана иштейт, тергөөчүгөлорго наалат. Чонтогуно карап мамиле кылат
26.06.2018. 21:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кайра кайра барганына караганда кайра иштегин келип атат окшойт . Акчанан кол узоо албай
26.06.2018. 22:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргызды кыргыз жок кылат деген ушул да
27.06.2018. 09:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
арыз жазылгандан кийин эмнеге аракеттер корулбойт? сени бироо кордоп турса аны айтып милицияга барсан алар ишти карабай андан кордоп турса эмне деген мамлекет болдук озу?.
27.06.2018. 09:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Шаардын чок ортосунда, мажбурлап иштеткенине ишенбейм.
Кардарлары деле каршылык көрсөткөнүнө карабай зордобойт эле. Бир саатка "сатып" алса, чабынып, тепкилеп турса, кардар деле башка "кыз" бер дебейби.
Анан кыйраткан жумушта иштегенсип, айлыгымды бербей жатышат деп кайра кайра барганы кызык. Болгону эки ай иштептир, кутулганына сүйүнүп, желкемдин чуңкуру көрсүн деп андай жерден оолак болбойбу.
Ичкен күйөсүнөн өзү качып кетиптир, а баласын кантип таштады?
Azura түзөттү 2018-06-27 09:58:50
27.06.2018. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Azura,менин оюмду жазыпсынар!! Туптуура айттынар
27.06.2018. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир киши жардам берип алып чыгыптыр, Ошскийден алысырак эле качып барбайт беле ары жибек жолун вокзалды коздой
27.06.2018. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Talgat89, такталбаган билдирүүнү жазууга тыюу салынган.
27.06.2018. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эми кайра эле эмне эле барат, кутулганына суйунуп башка жумуш тапса болотко. Сойкукананы акмалабай. Озу энеси жиндинин баары жинди дегендей чымыны бар окшойт
27.06.2018. 17:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кулиевадагы сойку каналардын жанынан отсон жиркенесин денсоолугу чын эмне учун денесин сатышат .бирого бар ,бироого тар заман дешен ушу денсоолугу начарлар байкуштар ишке кире албай денсоолуктун айынан,таза денсоолугу барлар дене сатып ,киши сатып пайда корот .Кулиеадагы сойку каналарды бут сузуруш керек милициялардын визнеси ал акча жемей
29.06.2018. 00:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Anarik87, ден-соолугу барлар дене сатып - дейсизби??? Ошолордун ден-соолугу жакшы экенине деле көзүм жетпейт.
28.06.2018. 02:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Паспорту милицияканага келип калганы кызык экен. Милицияларга тиешелуу сойку кана болсо,оздору алып келип койду да, чырды ырбатпайлы деп. Администраторун да убактылуу алмаштыра койду.

А кызга келсек, ошо админстратор мн тил табыша албай, акчасын ала албай калып, шашпа сени деп чамынып, арызын жазып келгендеги кербезиго, мандай терин агызып, ак эмгек кылгандай айлыгымы бербей атат дегени неси?!
28.06.2018. 02:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эркек атпайлар чырайына,сулуугуна суктанып анан тандашчуле, азыр небаля ХХХХХ ХХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2018-06-28 14:49:39
28.06.2018. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Shahrizaada, этика нормаларын сактоону сунуштайбыз.
28.06.2018. 07:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кара башыны ХХХ ХХХ оомийин. Кантип дити барды а ?! Эми соз жок кудайга гана коюш керек окмотунон умут кылбай эле кой
Модератор admin_media түзөттү 2018-06-28 14:50:55
28.06.2018. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Benazir08, этика нормаларын сактайлы.
28.06.2018. 09:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жалал-Абадта толтура
28.06.2018. 09:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Райондук милицияга мес Ген прокуратурага жазыш керек. Ал райондо сойкукана менен милиция чоогу иштейт
28.06.2018. 09:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Поспортун бироо таштап кетсе милициялар мн тили Бир окшойтго.тергоочу башка жакта журсоле анда не каралбай кала береби?! Жалкоого шылтоо коп дегендей
28.06.2018. 19:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кийгени кантет.Бир Аллах билет.
29.06.2018. 00:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул майып аял затын зордуктаган эркегинде деле бет жок турбайбы?Зоокурлор акча менен баарын кылам дейт акыретти ойлобогон айбандар да.Иштеткен аял да зордуктаган эркегин да жазасыз эч качан калбайт!Аллахым озун жазасын берет!!!
29.06.2018. 06:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул кыз. 2013- жылы дагы супер инфого чыккан.543 санында. Турмуш деген болумдо
Mervi түзөттү 2018-06-29 06:04:53
30.06.2018. 03:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mervi,542-саны экен,эрикпей таап чыгып окудум))
30.06.2018. 03:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кечиресиздер,бирок бул кызга коп ишенип турган жокмун негедир...
30.06.2018. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
30.06.2018. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Azura,бул маеги менен азыркы маегин салыштырганда, сиңдиси жөнүндө калп айткан. Биринчи берген маеги боюнча сиңдисин экөөнү балдар үйүнө чогу өткөргөн. Бул маегинде сиңдиси болгонун кийин уккан... оор тагдыры менен калпты да көп айтат экен да...
30.06.2018. 18:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менттер кандай ХХХХ болуп баратасынар кантип анан ушуларга ишенебиз?!
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-06-30 20:23:12
01.07.2018. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уятсыз дар кантип дити барды байкуш келинди мажбурлап өзү жарым жан болсо
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо