Самара Каримова, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: «ЖОЛДОШУМ БОЛБОСО МЫНДАЙ ИЙГИЛИККЕ ЖЕТМЕК ЭМЕСМИН»

№816 22-июнь -28-июнь, 2018-ж.

– Жакында эле Алтайдан келдиң окшойт.

– Буга чейин Алтайга барууну ниет кылып жүрчүмүн. Ушул жылга буюрган экен, досторубуздун чакыруусу менен барып келдик. Табияты, жаратылышы укмуш кооз экен. Кийик, маралдарынын арасында жүрүп, өзүмдү жомоктун каарманындай сездим. Ал жакка клипмейкер Эрнист Сыдыковду ала баргам. «Менин атам жакшы адам» деген ырга клип тарта келдик. Буюрса, ал клип монтаждалып жатат. Алтайдан Новосибирскке барып бир күн концерт бердим. Орозо экенине карабай мекендештерим келип колдоп кетишти. Ошол жерден 3-4 кат келди. Катта «Гүлжигит Сатыбековдун «Москва» деген ырын ырдап бериңизчи» деп жазылыптыр. Чынында мен ал ырды угуп жүрчүмүн, бирок текстин билбейт элем, тилекке каршы, мекендештердин суранычын аткара алган жокмун. Ошондон улам авторунан уруксат алып, ырды репертуарыма кошуп алууну туура көрдүм. Жакында ушул ырга да күбө боло аласыздар.

– Чыгармачылыкта кандай жаңылыктар бар?

– Жыл башынан бери эле талыкпай иштеп келе жатам. Эргүү келгенде чиймелеп ыр жазып калам, кээде обон да чыгарам. Келечекте өзүм жазган ырларды аткарып калышым мүмкүн. Ибрагим Жунусовдун «Издебечи» деген ырын алып, аранжировка жасатып, клип да тарттырдык. Жакында күйөрмандарым көрө алышат.

Өзүңөр билгендей, атам чыгармачыл адам, чоң атам да убагында агартуу иштерине активдүү катышыптыр. Ошол инсандар тууралуу китеп жазсамбы деген да ойлор бар. Буга чейин тасмаларга көп эле сунуш түшкөн, үй-бүлөлүк шартка байланыштуу тартылчу эмесмин. Бирок жакында жолдошумдун уруксаты менен тасмага тартылдым. Бул менин кино тармагындагы дебютум болду. Кандай аткардым, аны эл чечет. Негизгиси мага абдан жакты, мен үчүн чоң дүйнө ачылгандай болду.

– Оштон Бишкекке тез-тез каттайсың, борбордо да үй-жай барбы?

– Ооба, тез-тез каттайбыз, көнүп да калдык. Чыгармачылыкты эки жакта уланткан адамга чын эле үй керек. Буга чейин Бишкектен үй алалы деп акча чогултуп жаттык эле, бирок пландар өзгөрүп, айылда дарыянын жээгине кафе салып жатабыз. Учурда курулуш иштери жүрүп жатат. Ушул ишти соңуна чыгарып алсак, анан борбордон үй алабыз деп ниет кылуудабыз.

– Бишкекке биротоло көчүп келүү планыңда жокпу?

– Ал нерсени ойлонгон жокпуз. Азыр Ошто туруп деле чыгармачылыкта көп ийгилик жаратып жатам. Эгер адам чын дилинен берилип, чыгармачылыкка баш-оту менен сүңгүп кирсе, кайсы жерде жашабасын ийгилик жарата алат. Ошто үй-жайыбыз, тууган-урук бар. Өзүм дагы Оштогу Улуттук драма театрында актриса болуп эмгектенем.

– Чет өлкөгө тойлорго кандай шартта барасың?

– Акыркы учурда Орусиядагы мекендештерибиздин тойлоруна көп барып жүрөм. Чек ара ачылганы Өзбекстанга да чакыруулар күч алды. Ал жакка белгилүү, чыгаан адамдардын да тоюна барып турам. Чогуу ырдайлы, иштешели деген сунуштар көп. Сөздүн ачыгы, концерттерден пайда түшпөйт. Ошондуктан тойго кайсы жакка чакырбасын, баш тартпайбыз. Чакыруунун баасы сүйлөшүүгө жараша.

– Жолдошуң Асан мырзага жолукпасаң ушундай ийгиликти багынтышың мүмкүн беле?

– Ачыгын айтыш керек, чынында менин чыгармачылыгымда ал кишинин салымы чоң. Ал менин биринчи продюсерим, менеджерим. Өзү да жаш кезинен чыгармачыл адамдарга жардам берип, колдоо көрсөтүп, концерттерди уюштуруп, топ түзүп, чыгармачылыкка аралашып келет. Музыкалык да билими бар. Аскеге турмушка чыкканым – менин жеңишим. Ыр тандоодо да кеңештерин берет, аранжировкаларды да өзү жасатат. Жолдошумдун ушундай аракети менен аз убакыттын ичинде элге алынып кеттим. Күйөрмандарым мага бата беришкенде сөзсүз жолдошумду кошуп бата беришет. Мага ушунчалык жагымдуу. Алдыда экөөбүздүн көптөгөн ой-максаттарыбыз бар. Ал киши болбогондо мындай ийгиликтерге жетмек эмесмин.

– Ал киши сенден көп жаш улуу эмеспи, жолдошуңдун чийип берген жолу менен жүрөсүңбү?

– Ооба, Аскем менден 23 жаш улуу. Ошондонбу, ортобузда сый бар. Үйлөнгөнүбүзгө 7 жылдан ашса дагы уруш боло элек. Анткени мен аны улуу деп дайыма сыйлап, эч качан каяша айтпайм. Ар бир үйдө күндүн чыкканы, батканы, чагылгандын чартылдашы ар кандай болот эмеспи. Бизде баары сыйда өтөт. Эгер менин кемчиликтеримди байкап калса, урушпай сөз менен айтып түшүндүрөт. Үй тиричилиги боюнча арыз түшө элек. Кемчиликтерим деле чыгармачылыкка байланыштуу. Жаңы ырларды жаттабай калсам урушат. Жаттап, ошол ырды ийине жеткирмейин "чыкпайсың" деп үйгө камап коёт. Ыр чыгарышым керек деп эле 3-4 аптада жаздыра салбайм, жылдап иштейм. Ошондуктан жолдошумдун берген кеңеши, чийип берген жолу мен үчүн абдан маанилүү.

– Балдар мектепке барып калдыбы?

– Улуу балам Барсбек мектептин даярдоо курсуна, кичүүлөрү бала бакчага барат. Жолдошумдун улуу баласы биздин колубузда. Учурда студент, Оштогу окуу жайлардын биринде окуйт. Мамилебиз жакшы, мени эже дейт.

– Рахмат маегиңе.


Сүйүн Кулматова
Адилет Бектуров
star@super.kg


Самара Каримова: "Жолдошум болбосо азыркы ийгиликтерге жетмек эмесмин"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(66)
26.06.2018. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+30
Куйоосу Ошто саунада кыздарды иштетет деп азаттыкка чыгып кетпеди беле
26.06.2018. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+26
Гүлжигиттин ырын чыйылдап ырдап жатканын элестетиштин өзү эле эрдик го. Для прикол айтып койсо керек да
26.06.2018. 21:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Aruujanshaxi, ошону айтсан мен да элесттетип кулуп койдум анаа-ааа Москваа-аааа-аааааа.... дегенди.
26.06.2018. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+30
А мага тескерисинче Самарага жалко... Куйоосу муну колдонуп, ырдатып тапкан акчасына жыргап жашап жаткандай.
26.06.2018. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Ийгилик каалайм жашоо силердики
26.06.2018. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Элдер видеосун караган коргон да жокмун. Козу сузулуп мастай болуп суйлоппу дагы??? Жасалма мимикаларды колдонуп.
26.06.2018. 14:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Ушунча негатив комменттерди окуйт бекен ?
26.06.2018. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-25
Негатив жазгандар Самаранын уйунон тузун таткан курбулары, тегерегиндеги тааныштары окшойсунар! Жандуу ырдай албасанар уйронгуло, Куйоо сыйлаганды Самарадан улгу алгыла! Уят деген жок экен да силерде@!@
26.06.2018. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+32
Аскеге жаш аял,Самашка колдоо,акча керек болчу.Экоо бирин бири колдонгондой эле.
26.06.2018. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
Чисто брак по расчету и все!
26.06.2018. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Nurkyz1977,Same, такталбаган маалыматтарды жазып, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган.
26.06.2018. 18:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Эми албетте тушунуктуу да, чыгармачылыкта ошондой ийгилике жетуу учун тийгенин, иштеп пайдаланып, жашы отуп колунан эч нерсе келбей карып калганда аскенди тыштап басып кетпесен эле болду.
26.06.2018. 20:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Эргуу келгенде чиймелеп ыр жазып калам дейтго, ушунча жылдан бери озу ыр жазып ырдап чыккан ыры жокго
01.07.2018. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
tina.kg,туура айтасыз качан болсо бирөөнүн ырын ырдап жүрөт эми Москва деген ырды жөн эле койсунчу тоба ошон үчүн да адамдар жаман көрөт да даяр ишке чуркабай өзу ыр жазып эмгек кылса
26.06.2018. 20:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+24
Аскеси солкулдаган жигит болуп уйлоноорго кыз издеп жургон маалда торолгон экен да))). Ыр жатта деп камайт да кызылдай акча алып келип атсан)) акчанын артынан тоголонгон жан экенинерди билебиз,Бишкеке тойго сутумду саап холодильнике салып койуп кетем дегенинен эле ким экенинди билсек болот. акча учун балага да карабай.
28.06.2018. 20:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
fanatka19, иштегендер баары ошентет
SUPER.KG видео
26.06.2018. 22:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мынча коро албастар коп. Ар бир адамдын максаты бар,азыркы заманда максатына жетиш учун уйлонушот же фиктивный брак кылып журушкондор толтура. Ар кимибиз озубузду билели, Эмне кылдым, колумдан эмне келет,алдына койгон кандай максатым бар деген. Орду менен эле сйулоп жакшы интервью бериптир ырчы катары.
SUPER.KG видео
27.06.2018. 01:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жаман айтасынбы жакшы айтасынбы Самаранын жашоосун эч кимин озгорто албайсынар. И Самарадай дагы боло албайсынар.Андан коро жакпаган адамдын берген интервьюсуна нерв коротуп негатив жазгычанар жакшы музыка уккула. Жаман комментарийди окуп иий булар мени ушинтип атат кой ырдабай эле коёюн же Асан менен жашабайм деп калабы. Уну, сулуулугу, жаштыгы, колдогон адамы бар экен чыгып атат. Колунардан келсе силер да чыккыла, ырдагыла. Сулуулугунар бар болсо эгер!
27.06.2018. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Pira87, DAKS, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген билдирүү калтырууга тыюу салынган.
SUPER.KG видео
27.06.2018. 18:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Самара 7 жылдан бери уруша элекпиз дебе
27.06.2018. 20:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Бирда сөзүнө ишенбейм!
28.06.2018. 00:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
Азамат Самара мен сени салам Кыргызстанга келгенде эле тарбиялуу ыймандуу аялзатына тиешелуу бардык сапат бар экенин байкап койгом. Жалжактап оозун чоюп жинди бол десе лучше аджмания жасайын деп жасап бергенин учун сыйлагам. Сенин ордунда Нена менен Божокоеева ХХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2018-06-28 10:12:44
28.06.2018. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
tttalant, Baku88, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген билдирүү калтырууга тыюу салынган.
Модератор admin_media түзөттү 2018-06-28 11:38:15
28.06.2018. 12:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Менимче ушу супер жамаатынын ичинде Самаранын таанышы жэ болбосо тууган уругу иштейт. А болбосо мени тез тез элге чыгарып тургула деп чакырып турат. Ушул ырчы сымалдан тез тез эле зериккенде маек ала бересинер?
28.06.2018. 13:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Мыкты аткаруучу катары сыйлаймын!!!
SUPER.KG видео
28.06.2018. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Как у них в плане физики интересно...
SUPER.KG видео
28.06.2018. 20:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коп эле эжелерден уккам, ал ажырашкан экен деп, эл эмне дейт деп куйоого чыккан эмесмис. Бирок жакчуу, Мени сыйлачуу деп. Жашка, бойдокко тийип эмне кордум деп окунгон эжелерден канча. Молодец эч нерсеге конул бурбай куйоо тийип, жакшы жашап жатасын. Кыргызстан да эмне коп, кордолгон аял коп. Куйоосу молодец! Колдоп кубаттайт!
28.06.2018. 22:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Уай эмки санда кайра Айчурок дейт го, андан кийин Анжеликабы?
29.06.2018. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
ийгилик
01.07.2018. 02:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Эрнис сыдыковду чөнтөгүнө салып баргандай айтыптыр го ыя
01.07.2018. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эй Самара)))) эми Гулжигитин ырын ырдап чыксан,анан клибин тартсан жакшы болот эле десе,Москвага барып клибин тарсан Эрнисти ээрчитип алып барып.Ошондоооо супердин дагы канчанчы санына интервю бересин???Эми ыркесенин кезегин Анжелика Айчурок тандемине узат,же Кыз Бурак Сайкалга узат зееригип калдык.Кооптон бери кабары чыкпай кетиго булардын.
01.07.2018. 22:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Miroslav,Айчурок жаны санда бар шашпасан вторник окуйсунар
02.07.2018. 22:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мактанчак экен сурабаган нерсениделе иого бериптир
SUPER.KG видео
27.08.2018. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
joldowum dep koet. joldowunun artynan uwuga jetip jatkanyn bilet ekenda.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо