Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

№816 22-июнь -28-июнь, 2018-ж.

АТАКТУУЛАР СҮЙҮКТҮҮСҮН ТЕЛЕФОНУНА КИМ ДЕП САКТАШАТ?

Сизди сүйүктүүңүз телефонуна ким деп сактаган? Ушул нерсеге кызыгып көрдүңүз беле? Бүгүн биз ушул суроо менен элге төбөсү көрүнүп калган шоу-бизнес өкүлдөрүнө кайрылдык.

НУРЛАН НАСИПТИН «ЗОЛУШКАСЫ» «ЖЕНАГА» АЙЛАНДЫ

– Асел менен жаңы таанышканда Аселя деп эле сактап койгом. Өзүнүн аты эле сонун да. Кийин «Золушка» дегем. Үйлөнгөндөн кийин «жена» деп өзгөртүп койдум.


АЙПЕРИ КУЛБАЕВА ЖОЛДОШУН АТЫНАН САКТАЙТ

– Жолдошум менен жаңы таанышып, телефон номерлерибизди алышканда атынан эле сактагам. Чогуу түтүн булатканыбызга 6 жыл болуп калды, ошондон бери эле атынан сакталып турат.


АКБАР СҮЙҮНБАЕВДИН «ЖАРЫМ ЖАНЫ»

– Жаңы үйлөнгөндөн тарта эле Кундуздун номери «жарым жаным» деп сакталып турат. Жубайым жашоомдун жарымы, жүрөгүмдүн жарымы, үйүмдүн жарыгы эмеспи. Балдарым да билишет, апасы телефон чалса «жарым жаным» чалып жатат» деп мага телефонду көтөрүп чуркап келишет.


АКТАН РЫСКЕЛДИЕВ ЖИНИ КЕЛГЕНДЕ ЖУБАЙЫН МЕДУЗА КЫЛАТ

– Жубайымдын ысымы Феруза, учурда телефонумда ал Ферузахоным деп сакталып турат. Маанайыма жараша өзгөртө бермей адатым бар. Жинге тийгенде жөн эле Феруза, Феруза Медуза деп салам. Ферузочка деп сакталган да номери бар. Жаңы таанышканда ушинтип сактагам, ал ошол боюнча турат. Ал мени «пушистик» деп сактайт, менимче. Эмнеге пушистик билбейм.


ДОБРДУН КЕЛИНЧЕГИ

– Мурда "жёнушка" деп сактап койчумун, кийин ошол сөздүн эле кыргызчасы – "келинчек" деп сактаганга өттүм. Келинчегим мени «муженёк» деп сактап алган.


ДИЛШАТ КАНГЕЛДИЕВА «АЛТЫНЫМ, ЖАНЫМ» ДЕГЕНДЕН УЯЛАТ

– Телефонго бири-бирибизди атыбыздан эле сактайбыз. Биздин убакта алтыным, жаным деген сыяктуу сөздөр уят болчу. Ошол мүнөз калып калат экен. Мен «Саадат жарым» деп сактагам.


ТЫНАР КУРБАНАЛИЕВ ЖУБАЙЫН «КАЧАН КЕЛЕСИЗ?» ДЕП САКТАГАН

– Аялымды «качан келесиз?» деп сактап алгам. Менин аялым гана эмес, аялдардын баары эле жолдошуна чалганда эле «качан келесиз?» дешет го.


АЙНУРА САЛАХИДИНОВАНЫН ЖОЛДОШУ 6 ЖЫЛДАН БЕРИ «МАМАЛАК»

– Үйлөнгөнүбүзгө 6 жыл болду. Ошондон бери «мамалагым» деп сакталып турат. Урушуп кеткенде өзгөртүп салгым келет, бирок дит барбайт. Үйдөн да атынан айтпай, мамалак дейм. Азыр балдарым да мени туурап атасын мамалак дей башташты.


АДИЛЕТ ЭРКИНБЕК УУЛУ ИЛИМАНЫ «ТОМПОШКА» ДЕЙТ

– Башынан эле «томпошкам» деп эркелетем. Башында «томпошкам» десем, элдин көзүнчө уялчу, азыр көнүп калды. Илима мени телефонуна «муж» деп сактап алган.


ШИРИН САРЫГУЛОВА ЖОЛДОШУН «АЮУ» ДЕП САКТАЙТ

– Сүйгөнүмдү, жанымды телефонума «аюу» деп сактап алгам. Ал мени «мамалак» деп сактаган. Гастролдоп эле жүрө берет эмесминби, ошого тийишип, «мамалашка мамалак, жүрөсүңбү талаалап?» деп калат тамашалап.



Cүйүн Кулматова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(49)
26.06.2018. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен жолдошумду кызымдын атынан Байаным деп сактап койгонмун.ал Оз атыман сактап койгон.
26.06.2018. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Жарым жаным дегени кызык экен, жарым жан деп кыргызда оорукчан, слабый адамды айтчу эле го.
26.06.2018. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
bond02,Жарым дегени эми омурлук жарым дегендей эле, бул жерде омурлук жарым жана менин жаным деген ойдо жазган менимче
26.06.2018. 22:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
bond02, вторая половинка дегени го)))
26.06.2018. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Феруза Медуза))кызык экен,анан жёнушка жакты Эмирди эстеп кеттим Ниханды жёнушка дейт эле го
26.06.2018. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
У Медуз не бывает мозга!))) Актан антип сактаба так что! Ширин эженин куйоосу тамашакой экен журосунбу талаалап деп
26.06.2018. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Картайсак да журоктор жаш бойдон калат
26.06.2018. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мен атасы дейм. Куйоом мени кичинекейим дейт. Эч ким сурабаса айтып кое берейин
26.06.2018. 20:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
zinagull1996, ии садага болоюн десе
26.06.2018. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+25
Мен кожоюн деп сактап койгом, урушуп кеткенде донуз деп сактап коем
26.06.2018. 23:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ayko24,ичти эзесинба..!
28.06.2018. 00:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ayko24,Хихи
02.07.2018. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ayko24,маанайды котордун
26.06.2018. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мен кичине эле нерсеге ыйлап жибермейим бар. Ошол учун жолдошумду пияз деп деп жазып койгом. Кечке ыйлата берет.
27.06.2018. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Same,))))
26.06.2018. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Жарым жан деген оорулуу аран жургон адамды жарым жан деп коет го. Менимче жанымдын жарымы десе туура болмок. Комментарий калтыргандардан ПИЯЗ анан ДОНУЗ деп жазгандар жакты))
28.06.2018. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ATAIBEKBATURKAN,жанымдын жарымы десе туура болот ошо. Окуса өзгөртүп койсо болмок ))
26.06.2018. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир күнү эле зеериккенден атамдын телефонун алып номерлерди текшерип отурсам Гуля деп турат кызык апамды ошенткенби деп кайра эле Гүлай деп эле жазган бул ким болду экен деп чалсам апама звонок барып калсабы
26.06.2018. 18:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
көрсө атам апамдын ошкасын ошентип сактап коюптурда
26.06.2018. 18:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Анакондо деп сактап койгом.Коруп калса жаным деп озгортуп коёт озу,кайра эле АНАКОНДО деп сактап коём.
26.06.2018. 20:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Качан келесиз деп мага жакты
26.06.2018. 21:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен сары жөжө деп жазып койгом..
26.06.2018. 23:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биз оз атыбыз менен сактап алганбыз. Бир жездем бар эжемдин телефонунан тез-тез эле озунун номерине атын алмаштырып турат. Кээде кулкун деле келет суйгонум, алтыным, чалым ж.б. Озу болсо эжемдин номерине кобра, анаконда, заар жылан ж.б. деп сактап коет.
27.06.2018. 09:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
жаштарга боло берет эмне деп сактаса дагы бактылуу болушсун. Дилшат эжебиз жакшы жооп бериптир, Ширин эжекебиз токтоно албай кеткен го жаным,суйгонум деп))). Тынар брат издениш керек бироонун айтканын кочуро калбай.
27.06.2018. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен,My Boss деп сактап койгом,анткени чын эле ал менин боссум,жашоомдогу жөлөнөөр тоом,өйдөдө өбөк,ылдыйда жөлөк болуп,сый урмат менен уул-кыздарды тарбиялап жатабыз.
27.06.2018. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Биз да атыбыздан эле жазып сактайбыз. Куйоомдун аты Нурбек, бир жолу жаны номер алган экен Нурик деп сактап койсом контакттарды текшерип атып мобул Нуригин ким деп мени акырайып карап калды, менда жинине тийип суйгонум деп койдум. Анан номерди коруп аа деп унчукпай калган
27.06.2018. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Феруза медуза дегени соонунго))пушистик дегени да)
nuri00 түзөттү 2018-06-27 15:48:07
28.06.2018. 00:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жан билайн
Жан ошк
Деп сох эткем, ал менин номеримди балам кызымдын атын жазып алган. Романтичная болсо мага жагат. Жарым жаным - жарым - бул менин келинчегим, а.э. жаным ....
28.06.2018. 06:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биз деле озубузчо айтып баштабайлыбы?булардан эмнебиз кем...?
28.06.2018. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен жолдошумдун атынан сактап койгом,жолдошум да менин атымдан сактаган,уят кором алтыным жаным деген создор менен сактагандан.Мен уялам заманбап Келин болушдан,шаарда жашасамда уятт экенин жакшы билем коп нерсенин кобунон озумду тыйып турам.
29.06.2018. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жолдолум мени #кампуша# деп сактаган)))
29.06.2018. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жолдошум))
29.06.2018. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Менин курбумдун куйоосунун 2 симкасы бар экен.аны муж1, муж2 деп жазып койгонун коргом
30.06.2018. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ал эми бизде жолдошум менин Кымбаттуум деп, ал кишинин уюлдугунда Ханышам деп сакталган!
30.06.2018. 23:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
жолдошумда былтык ..
менде атынан сакталуу
01.07.2018. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менде атынан эле сакталып турат. Ал Нур деп жазыптыр. Бир авсыным акамди жаным деп сактаган экен, кайн энем а суйун кучобой кал дейт коруп калып.
01.07.2018. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мен Любимый деп сактап койгом)))
10.07.2018. 10:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
My деп сактап койгом
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо