№816 22-июнь -28-июнь, 2018-ж.
Учурда түн уйкудан калтырган футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу өтүп жаткан чагы. Ырчы Сема чемпиондук башталганда эле Москва шаарына кеткенин айтат: "Сезимдер укмуш. Телевизордон көргөн башка, стадиондон көргөн таптакыр башка экен. Биз чемпиондуктун ачылышында Москва шаарына келгенбиз. Анан Казань шаарына бардык, учурда Сочидебиз. Футболго жалаў бир туугандар келдик. Агам Москва шаарында турат, бир иним Польшадан келди, 5 бир тууганбыз, мен уулумду да алып алгам. Ошентип алты адам болуп башыбызга калпагыбызды кийип, кыргыздын желегин көтөрүп алып күйөрман болуп жүрөбүз. Мен Бразилия менен Португалияга күйөрмандык кылып жатам. Туугандарым, уулум менен футбол чемпиондугуна барууну кыялданчумун. Кыялым орундалды".
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |