№817 29-юинь -5-июль, 2018-ж.
Тайпадан чыгуу маселесин 2-турдук оюндардан кийин эле Орусия менен Уругвай чечип коюшкан. 3-турдук оюндар кайсы команда канчанчы орун менен чыга тургандыгын аныктамак. Үй ээлери Суарес жана Каваниге туруштук берүүгө даяр эместигин көргөзүп, ири эсепте жеңилип калды. Буга Орусия анча кайгырган жок, башкысы 1/8 финалга чыга алышты. Салах мундиалда 2-гол киргизгени менен, Сауд Арабия 3 упайга ээ болду. Египет бул чемпиондукта күйөрмандары арткан ишеничти актай алган жок.
Башкы фавориттер уят болуп кала жаздашты. Иран жана Марокко атаандаштарын акыркы мүнөттөргө чейин бош коюшкан жок. Иран Португалиянын дарбазасына 90-мүнөттө жооптук гол киргизип, калган кошумча убакытта дагы бир мүмкүнчүлүк жаратышты. Ал гол киргенде бул оюнда пенальтиден жаза баскан Роналду мундиаль менен кош айтышмак... Бирок Тареминин соккусу голго айланган жок. Испаниянын чабуулчусу Аспас кошумча берилген убакытта гол киргизип, «Кызыл фурияга» тең чыгууну алып келди. Жыйынтыгында алар тайпада 1-орунду ээлешти.
Франция тайпада көзгө толумдуу оюн көрсөтпөсө да 7 упай топтоп, 1-орун менен чыкты. Айтылуу чабуулчулар Гризманн жана Мбаппе азырынча бирден гана гол киргизишти. Ал эми экинчи орун менен Дания кийинки баскычты көздөй бет алды. Коргонууну биринчи орунга койгон европалыктар тайпада 5 упай топтой алышты.
Аргентина тайпадан чыкпай калуу коркунучунан 3-турдук оюндун 86-мүнөтүндө гана кутулду. Мессинин командасына Нигерияны утуу менен Исландиянын жеңилүүсү керек эле. Оюндун акыркы мүнөттөрү дал ушундай таризде өттү. Рохо Нигериянын дарбазасына гол киргизсе, хорваттар экинчи голду Исландияга киргизди.
Неймардын Бразилиясы Коста-Риканы акыркы мүнөттөрдө гана жеңе алышты. Бул оюнда да тизгинди колго Коутиньо алды. Анын соккусунан эсеп ачылып, соңку мүнөттө Неймар чемпиондукта алгачкы голун киргизди. Экинчи оюнда Жердан Шакири Сербиянын эсебин таап, мыкты голу менен жеңишти Швейцарияга алып келди.
Чемпионду уят болуудан Кроос сактап калды. Германия Швеция менен болгон оюнда жеңишке жетишпесе, үйлөрүнө жөнөшмөк. Оюндун соңку секунддарында айып соккудан гол киргизген Кроос немистердин сактоочусу болуп калды. Эми Германия кийинки оюнда да жеңишке жетишүүсү керек. Мексика Кореянын дарбазасына эки гол киргизип, тайпадан чыгуу маселесин дээрлик чечип койду.
Бул тайпа бомбардирлер тайпасы аталып калды. Англиялык Харри Кейн эки оюнда 5 гол киргизип койсо, Бельгиянын чабуулчусу Ромелу Лукаку 2 оюнда 4 гол жаратты. Панама менен Тунис бул тайпада аутсайдерлердин ролун гана аткарып, Европанын командалары менен тең тайлаша алышкан жок.
Роберт Левандовски чемпиондук менен кош айтышты. Польша Колумбиядан 3 гол өткөрүп, ири эсепте жеңилүүгө аргасыз болушту. Радамель Фалькао мундиалда алгачкы жолу айырмаланса, Хамес Родригес оюндун башкы каарманы аталды. Экинчи оюнда Сенегал менен Япония кызыктуу беттеш тартуулап, 2:2 эсебинде упай бөлүшүштү.
– Негизи мен бала чагымдан бери Португалия, Орусия, кээде Англиянын курама командаларын сүрөп келем. Бирок быйылкы чемпиондукта француздардын курамынын күчтүүлүгүн баса белгилегим келет. Ошондуктан быйылкы футбол боюнча Дүйнө биринчилигинде менин фавориттерим алмашып жатат. Мен атаган командалар 1/8 финалды ойношору анык болуп калды, мындан тышкары чейрек финалга Бельгия, Германиянын курама командалары да өтүшү мүмкүн. Талаа – тегиз, топ – тоголок, бир нерсе деш кыйын.
– Мен бул мундиалда Бельгия курама командасына жан үрөп жатам. Анын курамындагы футболчулардын дээрлик баары алдыңкы клубдарда ойнойт, курамы жаш жана ар бир оюнчусу күчтүү, потенциалдуу. Баарыбыз күбө болгондой, бельгиялык чабуулчу Лукаку киргизген голдорунун саны боюнча Роналду, Кейндер менен бир сапта жүрөт. Андан тышкары Де Брөйне, Азар, Куртуа өңдүү оюнчулардын ар бири дүйнөнү дүңгүрөткөн футболчулар. Бельгиялыктар – учурдун эң жылдыздуу курама командасы, башкача ойлонуп, башкача ойношот. Эгер машыктыруучу аларга жакшы тактиканы коюп бере турган болсо, булардын чемпион болууга чоң мүмкүнчүлүгү бар.
– Өзүм футбол десе ичкен ашын жерге койгон күйөрмандардан эмесмин, бирок ушул жолу Дүйнө чемпиондугун уйкудан калсам да калтырбай көрүп келе жатам. Бул ирет жаңы чемпиондорду көргүм келет, баягы эле утуп жүргөндөр чемпион боло берсе оюндун кызыгы кетет го. Мен Нигерия же Уругвай утса дейт элем, бирок аларда мүмкүнчүлүк азыраактай. Азыр Бельгия менен Францияга жан тартам, буларда финалга чыгуу мүмкүнчүлүгү бар. Бельгиянын Азар, Лукаку деген оюнчулары мыкты экен, ошон үчүн ушул курама командаларды сүрөп жатам. Күтүүсүз өлкө чемпион болсо жакшы да, туурабы? Францияга Бельгияга болушкандай болушпайм, бирок жанагы Антуан Гризманн деген оюнчусу мыкты экен, ошол баланын жеңилип калып ыйлаганын көргүм келбейт, боорум ооруп кетет.
Португалия, Орусия жана Германия курама командаларын сүрөп, жан тартып жатам. Алардын ичинен Орусия жарым чейрек финалга өткөнү менен, финалга чыкпай турганы да, чемпион болбой турганы да белгилүү. Ал эми Германия менен Португалиянын финалга чейин жетүү мүмкүнчүлүктөрү бар. Үч курамага ишенгеним менен, алардын ичинен менин үмүтүмдү португалиялыктар эле актап жатышат. Футбол – командалык оюн эмеспи, португалиялыктар бирин-бири түшүнүп, оюн талаасында команда катары тыгыз иштеп жатышканын байкоого болот. Кыскасы, күчтүү курам. Ошентсе да быйылкы чемпиондукта интрига көп болгондуктан, командалардын тагдыры кандай нукка өзгөрүп кетери белгисиз. Тайпалык этапта аутсайдерлер ийгилик жаратып, фавориттер утулуп таң калтырып коюшту го.
– Мен илгертен бери эле Бразилия курама командасын жакшы көрүп, сүрөп келем. Футбол десе Бразилия эске келет эмеспи, буга анын оюнчуларынын мыкты чеберчиликте оюн көрсөткөнү себепкер болсо керек. Курама командадан Неймар менен Марселонун оюнун жактырам. Бирин-бири түшүнүп, колдоп, пас беришип турганы үчүн сыйлайм. 2018-жылкы Дүйнө биринчилиги кызыктарга бай болуп, жадакалса айрым беттештер дээрлик финалга тете оюн болуп кетип жатат. Ким чемпион болорун азыр божомолдой албайм, ар бир өлкөнүн ийгилиги өзүнүн колунда. Биз азыр «ал жеңет, бул жеңет» дегенибиз менен, таптакыр биз күтпөгөн курама чемпион аталып калышы мүмкүн. Ошонусу менен быйылкы мундиал кызыктуу болууда.
– Бизге жакын болгону үчүн Орусиянын курамын колдоп жатам. Кантсе да Союздун кишисибиз да. Дүйнөнүн башка өлкөлөрүнө караганда алар жөнүндө көбүрөөк маалымат билип, алака түзүп келебиз. Футбол фанаттары Орусиянын курамын ийгилик жарата алат деп күткөн эмес, бирок баарын таң калтырып, ийгиликтүү түрдө 1/8 финалга өтө алды. Быйыл алардын катуу даярданышканы билинип турат, балким, буга биринчиликтин Орусияда өтүп жатканы да себептир. Стадиондо кыйкырып, сүрөп тургандардын да жарымынан көбү жергиликтүүлөр болгону үчүн орусиялыктарга дубалдары да жардам берип жатат деп ойлойм. Мындай дем менен Орусия чемпион болот деп ишенем.
Адилет Керимбек уулу, Алтынай Тынышова
sport@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |