Айчүрөк Иманалиева, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: «АДАМ ЖЕҢГЕНДИ ДА, ЖЕҢИЛГЕНДИ ДА БИЛИШ КЕРЕК»

№817 29-юинь -5-июль, 2018-ж.

– Айчүрөк эже, көп жылдан бери сахнадан ордуңузду жоготпой келе жатканыңызга кандай сапаттарыңыз жардам берди деп ойлойсуз?

– Туура айтасың, чоң сахнага чыкканыма 30 жылдан ашыптыр. Мурун эстрада жанрын өгөй бала катары көрүп, жакшы көңүл бөлүшкөн эмес. Ошол себептен сахнада көп жыл кармалуу кыйын болчу. Чыгармачылык жолумда мен калп айтып, бирөөнү алдап же жеңил оокатка азгырылган жокмун. Мени айылда таене-таятам багып өстүрүшкөн. Алар Совет доорунун адамдары болгондуктан таалим-тарбияны да жакшы беришти. Бирөөнүн бир нерсесин жула калуу, көз артуу же калп айтуу мага одоно көрүнүш. Ким эмне дебесин эл алдында ишиң таза болсо, убакыт баарын өз ордуна коёт экен.

Сахнага 1990-жылдары чыгып, 5 жылдан кийин эл аралык сынактарга катышып баштагам. Ошондон бери элдин назарынан түшпөй, өнөрүмдү багып, өркүндөтүп келем. Чет өлкөлөргө чыгып эл аралык сынактарга катышып лауреат, дипломант болдум. Акыркы 8-9 жылдан бери таланттуу кыздарды алып барып, байгелүү орундар менен келип жатабыз.

– Илгери артисттер элди ырлары менен сугарып, эл маданият өкүлдөрүн ээрчип тарбияланчу экен. Азыр артисттер элди ээрчип, жеңил-желпи той ырларына басым жасап калышты...

– Ар нерсенин өз убагы болот. Мунун баарын мен убактылуу деп билем. Бизде жеңил-желписи да, кыргыз калкынын тумары болуп илгертен ырдалып келгени да, келечекте ырдала берчү ырлар да арбын. Бул кадимки көрүнүш. Менимче, жаманы болбой жакшы нерсенин баркы билинбейт.

– Кыргызда «жолу ачык адам» деген түшүнүк бар. Алардын жолу дайым шыр болот. Ошол эле учурда Кудайдын сүйгөн пендеси деп сыноого көп тушуккандарды айтып коюшат. Сиз кайсы түрүнө киресиз?

– Мен өз киндигимди өзүм кескем, мага эч нерсе оңой келген эмес. Азыркы болгон байлыгым – үй-бүлөм, күйөрмандарым, ырларым мага чоң эмгектин артынан келди. Албетте, мунун баары Кудайдын колдоосу менен.

– Сиздин өмүрүңүзгө, балдарыңызга коркунуч туудурган окуялар болду. Чыгармачылыкка жаңы аттанган жаштар чыйыр жолдо сынып калбашы үчүн кандай кеп-кеңешиңизди айтасыз?

– Өткөн нерселерге кайрылып отурууга убактым жок, чынында. Бир келген жашоодо колдон келишинче татыктуу жашап өткүм келет. Калган нерселерди убактылуу нерсе деп ойлойм. Ырчы болуу – бул оңой-олтоң иш эмес. Чоң сахнага аттанып жаткандар биринчи билим алышсын. Анан, албетте, үн, талыкпаган эмгек керек.

– Жашыңыз өткөндө сулуулукту сактап калуу үчүн пластикалык операция сыяктуу кызматтарды колдонушуңуз мүмкүнбү?

– Эл көзүндө жүргөндөн кийин келбетти бир калыпта кармап жүрүү керек. Бул чынында эле оор. Энемин да, үйдө болгондо балдарга тамак-аш жасайм, кээде чарчаганда эшикке чыккым келбей балдарым менен эркелешип жатып алам. Ошентип жүрүп билинбей эле толуп кеткен учурларым болду. Бул менин кемчилигим деп билем. Бирок спорт менен машыгып жатып, кайра калыбыма келип алдым. Ал эми ботокс деген сыяктуу каражаттарды колдонуп көргөн эмесмин. Косметологум андай нерселерди мага сунуштабайт. Азыр укмуш жаңычылдыктар чыгып жатат. Келечекте кандай болот, аны көрө жатарбыз.

– Чыгармачыл адамдар гастролдо жүрүп балдарына көңүл бөлө албай калганын «аттиң» кылышат. Сизде ушундай өкүнүчтөр болду беле?

– Ооба, өкүнгөн күндөр болду. Баланы энедей эч ким карай да, тарбиялай да албайт. Мурун шарт башкача эмес беле, гастролго көп чыкчубуз. Азыр болсо, өзүңүздөр деле байкасаңыздар, чет мамлекетке болобу, кайда барбайын балдарымды дайыма жанымда алып жүрөм. Көпчүлүк учурда алыска чакыруулар чыкса балдарды бирөөлөргө ишенип калтырып кете албайм. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, бизде азыр баары жакшы.

– Жакында Хакасияда өткөн эл аралык сынакта сиз таптаган Милана аттуу ырчы кыз биринчиликти багындырып келди. Жеңишиңиздер тууралуу айтып берсеңиз.

– Милананы кичинесинен билем. Апасы "эл аралык сынактарга көп барасыз, кызыбыздын үнүн угуп көрүңүзчү? Жараса алып барып көрбөйсүзбү?" деп сунуштап калды. Үнүн угуп эле жактырдым. Милана азыр болгону 19 жашта, сынакта анын тембри өзгөчө деп жогорку бааны беришти.

– Сынакка чогуу барган кесиптештериңиз менен түшүнбөстүктөр болуптур. Бул нерсе атаандаштыктан улам чыктыбы?

– Буга чейин деле эл аралык сынактарга өлкөнүн атынан 2-3 катышуучу болуп барып, негизги орундарды алып келебиз. Биз ал жакка барганда мени Айчүрөк, кызымды Айчүрөктүн кызы же баланча деген ырчы деп таанышпайт. Баарыбызды эле Кыргыз мамлекетинин өкүлдөрү деп билишет. Ар бир адам жеңүүнү да, жеңилүүнү да билиш керек. Кандай окуя болсо да жеңилгендер өздөрү күнөөлүү. Негизгиси биз Кыргыз жеринен барып, биринчиликти алып келдик, ошол маанилүү эмеспи. Сынакка 20дан ашуун өлкө катышты, биздин максат – Кыргыз өлкөсүн алдыга сүрөө болду. Ал жерде менден башка 10дон ашуун өлкөдөн келген калыстар отурат. Милана болобу, башкасыбы, талантын баалап, күчтүүлөрү тандалды. Мисалы, «Динамо» футбол клубун караңыздарчы, баары биригип бир команда. Чогуу ойноп, атаандаштарынын дарбазасына топ киргизет. Командадан бирөө гана топ тепсе, аны жеңди дебейт да, туурабы? Өлкөнүн аты чыгат.

Кандай окуя болсо дагы бул Кудайдын буйругу. Бир сынак менен жашоо токтоп калбайт. Жаштардын келечеги али алдыда.

"Кайсы эл аралык сынакка барбайлы, байгелүү орундар менен келебиз".
"Балдарымды дагы деле эч кимге ишенип таштай албайм".


Гүлжамал Абылкасымова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(53)
03.07.2018. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Ыйман жонундо ушул айым соз кылбай эле койсо. Мен Анжнликанын деле таламын талашпайм.просто Айчурок да далайды кылган. Анан тарбиялуумун деп мактанбай эле койсо
03.07.2018. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Конкурстарын айтып эле бутпойт иши кылса
03.07.2018. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Nanei,Дунгурогон, дуйно эли коруп, теледен корсотулуп, баары билген чооон конкурстарга катышып жатса бир жон. Майда барат конкурстарга катышып алып, болушунча тош кагат. Же ал конкурстун кандай, кайда отуп жатканын копчулук билбейт, озу эле айтпаса. Андан коро кайрымдуулук иш кылса го.
03.07.2018. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эмнеси болсо да аман болсун
03.07.2018. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Эже сиз гезит бетинде эмес уйдо тынч жатканыныз он го дейм, пиарды жыйыштырып.
03.07.2018. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Айчурок мага такыр эле жакпай калды. ХХХХХ бироого жаманда кылба ХХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2018-07-03 12:52:35
03.07.2018. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
myslimaaa, такталбаган маалыматтарды жазууга тыюу салынган. Билдирүү түзөтүлдү!
03.07.2018. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Жургон жери ызы чуу элдин баары жаман корунуп бутту
03.07.2018. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Баарынан да качандыр бир кезде "мен сахнаны таштадым" деп аябай коштошуп интервью берген. Каяктагы бир теледен корсотпогон, аты чыкпаган конкурстарга катышып кыйын боло берет. Чет жер десе эле укмуш ойлошот дейт го. Евровидение,Voice, ж.б. сынактарга катышса, же Гульнур эжеге окшоп Казахстанда Омарга дем бергендей болсо, анда браво дейт болчум. Анан эле "Мен чынчыл, акмын, уй булом, чет мамлекет.." ушулар айтаары. Биринчи Кыргызстанды кыйратыныз же уйдо отурсаныз болмок.
03.07.2018. 14:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Айчурок эженин да Анжеликанын да куйорманы эмесмин.Бирок,Анжеликаны кайын журт,тууган уругу бар дебей,улуу башына салып акыл менен суйлобой уясын бузуп салды окшойт.Анжелика менен болгон чырынан сон копчулук улуулардан да уктум:Айчурокту жактырбай калышканын((Сый менен эле журсонуздор болмок...
03.07.2018. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Эч кимге жакпайт экен го, убара болуп интервью бербей эле койбоптур
03.07.2018. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
guli.82, сунушуңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди. Гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер же сунуштар болсо gazeta@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтсөңүздөр болот.
Модератор admin_media түзөттү 2018-07-03 16:42:44
06.07.2018. 20:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
admin_media,ынак Осмоналиевден интервью алгылачы супер, Анжели , Айчурок, Самаш дегендерден олллло тажадык, чын элдерди тажаттынар
03.07.2018. 18:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ушул айымды жактырбай калдым, бир хит болгон деле ыры жок, несин мактанат. Анжеликаны каралап чыкты, бирок эл баарибир аны суйот. Озун эле жаман корсотуп алды болгону. Эл тараза дейт. Комментарийлерди окуп ким экенин билип алсынчы. Туура Анжеликанын уну жок,ошентсе деле ырлары жагат, уну жок болгону менен мазмуну бар ырларынын.
zina_NUR25 түзөттү 2018-07-03 18:30:08
03.07.2018. 20:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
zina_NUR25,уну жокпу,же башкасы жокпу,Анжеликанын озунун орду бар эстрадада. Менин оюмда Айчурок алтымыщты таяп калды,коп нерсени элге жарыя кылып салды,ошонусу туура эмес болду,суперге кайта кайта чыгып эле,канап жаткан жаратка туз куюп аткандай болду иши кылса
05.07.2018. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Nanei,Анжелика чыкса Анжеликаны, Айчурок чыкса Айчурокту,Клара чыкса Клараны жамандайсын. Шоубизнесте ушулар менен журуп,артынан суу куйган кесиптешеринен эле окшойсун.
03.07.2018. 18:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
ksb, темадан алыс, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген билдирүү калтырууга жол берилбейт. Билдирүүңүз өчүрүлдү!
03.07.2018. 18:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nanei, Jazdyn_tany, такталбаган маалыматтарды жазууга тыюу салынган. Билдирүүлөр өчүрүлдү!
03.07.2018. 20:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
Эстрада ырчысы катары эң биринчи таанылган, ушу Айчүрөк эжебиз.Ырлары соонун.
Чырлашса өзү үчүн, чырлашып атат. Наглость вторая счастья деген чын да.
03.07.2018. 21:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ар бир киши каарыганда, оз ордун билип, жакшы каарыса деп ойлойм. "Чындыгында эч ким каарыгысы келбейт. Журок чиркин озун ар дайым жаш элестетет" деп айтты эле Апам.
04.07.2018. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакпайт такыр.
04.07.2018. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Чындыгында жаштарга жакпайт алар кайдан билет анын ырларын баарыле анжеликанын тарапташтары бирок силер ушул Айчуроктун 10% сулуулугун ырларын аткара аласынарбы.
04.07.2018. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кайсы конкурстарды эле айтат дайыиа дейтго ьайгелуу орун алам деп мактанчаак ий мактанчаак
04.07.2018. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Элдин алдында чыгып эки ооз суйлой албайбыз дагы сын таксак укмушпуз. Конкурска катышса результатын коруп жатпайсынарбы Милана женуучу болуп келиптир деп. Между прочем Айчурок, Алина, Динара, Бек дегендер эстраданын каймактары.Булардын ар бир концерти аншлаг менен отуп эл батпай калчу убагында. Эстрада театры дегенди Кыргызстанда эн биринчи ушул айым тузгон.
04.07.2018. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
al79mi,анан кайда казыр ошол эстрада театрынан чыккан ырчылар. Манжан салып санап берчи??? Бир да ырчыны тындап чыгара алган жок. Кимди тарбиялайм десе аягында ыс пысы чыгып уруш менен бутот
04.07.2018. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
al79mi,милананы кайсы каналдан коргозду?? Женип чыкканын??? Россиядан эмез кыргызстандан да коргозгон жокко
04.07.2018. 19:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бору каарыса да, бир койчалык алы бар дейт...Бул Эжекебиз каарыса да, оз ордун билбей жургон сыяктуу...ХХХхХХХХХХХХ.Эмне дейбиз, денгээли ушунчалык экен, соз жок.Баса, Анжеликаны да айта кетейин) эми уну жок болсо да мага ырларынын мааниси, мазмуну жагат...бар болгула ылайым Анжелика жана Айчурок айым...!!!!
Модератор admin_media түзөттү 2018-07-05 09:05:50
05.07.2018. 09:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Dina.janym, такталбаган маалыматты жазууга тыюу салынган. Билдирүү түзөтүлдү!
04.07.2018. 20:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Айчурок эже ажыраштырдыбы Анжеликаны кудайдын буйругу мн болот бардык нерсе адамдан корбой журсок
08.07.2018. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Jakjakynas,адамдар коп нерсени озубуз жасап,кылгылыкты кылып коюп,анан кудайга шылтап коебуз. Кудай ажыраткысы келген жоктур экоонн,айчурок эле кацта кайта компромат ыргытып жаттыго акылына келбей
05.07.2018. 01:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Дагы чыктыбы? Ойлодум Эле тынчып калды деп,Анжеликаны ажыратып тынам деп дагы журот,тоба ушул Айчуроктун ырын укум да келбейт, просто эмне деп жазды экен деп коментарияга кирсем мактанып бутпойт
05.07.2018. 01:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ошондо темасына караганда « Анжеликадан жэнилдим эми ажыратып жэндим» дегениби????
05.07.2018. 08:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Орустардын жакшы созу бар Бог не Тимошка,видит немножко деген,Кудай баарын коруп турат Айчурок,Анжеликаны ажыраштырып тындын акыры,сенин кылыктарын дагы таразалай турган кун да келээр
05.07.2018. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Дайыма эле "мага жашоо ,байлыгым оной олтон келген жок,оз эмгегим менен таптым дей берет. Башкаларга эмне акча асмандан жаап жатавы?? Биз деле тытынып журобуз го оокат деп
06.07.2018. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул эжемде деле профессионалдуу үн болгон эмес эч качан,ырдай албайт,өзүнө жарашпаган кылыктарды кылат,карыганын билбей
08.07.2018. 10:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ай кыргыздар неге мынчалык ойлорубуз ужас билбейм. Апанар тендуу аялды тым эле жеп салчуудай болупсунарго а. Уят уят.
09.07.2018. 20:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Карысаныз ХХХ ХХХХХХ ХХХХХХХ кызыгы да жок
Модератор admin_media түзөттү 2018-07-10 10:10:10
10.07.2018. 10:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Gukush8993, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген билдирүү калтырууга тыюу салынган!
09.07.2018. 22:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Балдары деле кичине эмес экен го,3-4 жашар балдарды айткандай айтыптыр да,
08.08.2018. 20:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айчурок айым богундай кызга тенелип баркын кетирип алды.....калп айтпайм деген адам накта калпычы болот,бул айым да коп калп айтат
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо