Жумагүл Раимжан кызы, ырчы: «МЕН ТУУРАЛУУ УШАКТЫ ЖАНЫМДА ЖҮРГӨНДӨР ЭЛЕ ЧЫГАРЫШТЫ»

№817 29-юинь -5-июль, 2018-ж.

Сылык-сыпаа, уяң, дайыма жылмайып жүргөн ырчы Жумагүл Раимжан кызы бул сапар гезитибиздин башкы бетин кооздоду. Элдин көзүнө ашыкча түшө бербей, чыгармачылык жолун тынч улантып, өз арабасын өзү тартып жүргөндөй көрүнгөн ырчынын тегерегинде акыркы учурда ар кандай сөздөр айтылды. Ош шаарынын мэри менен жакын мамиледе дешти. Мындай ушактар кайдан, эмнеден улам чыкканын ырчы өзү айтып берсин.

– Кандайсың, Жумагүл? Жай келди, күн ысыды дегендей, эс алууну пландадыңбы?

– Ооба, Ошто күн аябай ысып жатат. Жайында Ысык-Көлдө эс алуу мен үчүн салт болуп калган. Жыл сайын жазында жайлоого да чыгып келем. Августта апам, бир туугандарым менен Көлгө барып келсекпи деп жатабыз. Негизи чет өлкөлөрдү кыдырып эс алуу, эл-жер көрүү башкы максаттарымдын бири. Ар жылы бир өлкөнү көрүүнү ниет кылдым. Акыркы кезде Түштүк Кореяга, Европага кызыгып жүрөм. Буга чейин Түркия менен Таиландда эс алып келгем.

– Ата-энеңдин чарбасы, талаасы бар да. Аларга кол кабыш кылып кээде талаага чыгып каласыңбы?

– Үй-бүлө мүчөлөрүнө карап үлүш жер берилет эмеспи, талаада биздин 30 сотых жерибиз бар. Мурун ага жүгөрү айдачубуз. Жүгөрүнү көп эле ушаладым. Улуу эжем үй иштерине жок, бирок талаа иштерин жакшы жасачу. Мен тескерисинче, сырткы жумуштарга караганда үй иштерин жакшы жасайм. Ошондуктан талаа иштерине азыраак чыгып калдым. Акыркы 4 жылдан бери жерди ижарага берип койгонбуз.

Мен карапайым үй-бүлөнүн кызымын. Өзүңөр билгендей, акча табуу үчүн карапайым үй-бүлө мүчөлөрү чет жерге жумуш издеп көп кетишет эмеспи. Менин да эжелерим, сиңдилерим Орусияда, Казакстанда иштеп жүрүшөт. Мал бакканга, талаа иштерин караганга кол керек. Бир туугандар өз иштери менен алек болуп кеткенде малды да сатып ийгенбиз. Үйдөгү иним башка жумуш менен алек, талаага иштегенге убактысы жок. Эшиктин алдында чарбакты апам менен иним өзү карайт. Кара жумуштанбы, үй тиричилигиненби, негизи эле жумуштан качпайм.

– Сени Оштун мэри Айтмамат Кадырбаев менен жакын мамиледе деген ушактар интернеттеги соцтармактарга байма-бай таратылып, сен аны жокко чыгардың. Кесибиңден улам көп эле саясатчы, мамлекеттик кызматтагылар менен тааныш болсоң керек. Ыңгайсыз болдубу?

– Айтмамат Кадырбаевди мен Оштун мэри катары тааныйм. Ош шаарында болгон иш-чараларда башка ырчылар сыяктуу эле барам, ырдайм. Ал киши менен жакындан мамиле курган эмесмин. Анын мага эч кандай жардамы да тийген жок. Мен Кудайдын алдында акмын. Бул мени көрө албаган, ичи тар адамдын ойлоп тапканы деп эле кабыл алдым. Мындай сөздөрдү кээде жакын адамдарым да укканын айтып келет. «Баланча жерде сени минтип айтышты, мен мындай жооп бердим» деп калышат. Мен өзүм ушак чыгаргандан алыс адаммын. Ушакты иши жок, бош жүргөн, ийгиликсиз кишилер чыгарат.

Турмушка чыга элек кыз болуп туруп чоң кызматтагылар менен мамиле куруу оюма да келбейт. Андай кишилер, балким, менин ырларымды жакшы көрүп угушар. Бирок эч ким менен жакын мамиледе болгон эмесмин. Менден башка деле канчалаган ырчылар колунда бар адамдардан колдоо алып жүргөнүн билем. Ошончодон келип мага ушундай сөздү жармаштыргандарына жиним келет. Курулай жалаа жаман экен. Ушул маалымат тараганда көптөгөн адамдар мага «мөмөлүү даракка тийишет, сен алдыга өсүп жатасың» дешти. Эгер менин колумдан эч нерсе келбесе, ырчы катары атым чыкпаса чын эле мага адамдар алтындай убактысын бөлүп, мени кеп кылышпаса керек.

Башында ал кепке көңүл деле бурган эмесмин. 1-2 адамдын сөзү да деп койгом. Атамдын көзү өтүп кеткен, апам бир туугандарым бул сөздөрдү угуп аябай ызаланышты. Менин да жүрөгүм ооруду. Апам азыркыга чейин ушакты ким чыгарды экен деп ойлоно берет. Мен үчүн абийир, намыс, аруулук эң биринчи орунда. Ал адамга теңелип, интернет баракчама ар кайсыны жазып актангым келген жок. «Пенденин жазасы жеңил, Кудайдын жазасы оор» дешет, ошол нерсени кармандым. Кийин жолдошумдун алдында жүзүм жарык болсо жетиштүү. Жакындарым «бул нерсени сырттан бирөө жасабайт. Жаныңда жүргөн тааныштарың кылды» дешти. Мен да алардын оюна кошулам.

– Апрелде берген жеке концертиңе жигитиң демөөрчүлүк кылыптыр. Жакында той окшойт деп калдык...

– Азыр ырдап чыгуу, ырчы болуу оңой болуп калды. Сулуулук салонуна кирип боёнуп чыгып фотосессия кыласың, үн жаздыруучу студияга барып ыр жаздыра каласың. Мен кечээ эле чыга калган ырчы эмесмин. Чоң сахнага чыга албай канча жүрдүм. Жеке концерт берүү убакытты, күчтү, ошол эле учурда көп акчаны талап кылат экен. Концерт бергенден көрө ыр жаздыруу, клип тартуу, той-топурда ырдоо өтө жеңил экенин жон терим менен сездим. Апрелде берген концерттеримдин алдында арыктап да кеттим. Менин демөөрчүлөрүм апам, бир туугандарым болду. 2017-жылы күзүндө той-ашка көп барып, чынында бир топ акча чогулткан элем. Мени сыйлаган күйөрмандарыма да жакшы майрам тартуулагым келип, топтогон акчамды концертимден аяган жокмун. Учурда жигитим бар. Айрымдар «жашы улуу адам менен жүрөт экен» деп да чыгарышыптыр. Андай эмес, экөөбүз теңбиз. Ал мырза өзүмдү, чыгармачылыгымды сыйлайт. Кудай кайсы күндү буюрса, ошол күнү турмуш курабыз.

– Той-аш азайган учурда башка нерсе менен да алектенесиңби?

– Азыр той-топурлар акырындан көбөйө баштады. Мындай жакшылыктар деле адамдын энергиясын алып коёт, андыктан башка иш менен алек болбойм. Бири-бирин чакырып, тармак түзүүнү талап кылган жумуштар көп го, тааныштарым «кел, жазыл, иште» деп чакырышат, бирок менин андайга кызыгуум жок. Турмушка чыгып, бала-чакалуу болгондо бизнес кылсамбы деп ойлоп калам. Мен үчүн чыгармачылыктан мурун үй-бүлө күтүү 1-орунда турат. Чыгармачылыгымдан мурун үй-бүлөмдү түптөп алсам деп жүргөн учурум.

– Спортту бардык адам жакшы көрсө керек, сага кайсы түрү жагат?

– Спорттун жеңил атлетика түрү жагат. Мен бала кезден спортко жакынмын. Мектепте жүргөндө дене тарбия сабагынан калчу эмесмин. Турникке тартынганды, чуркаганды, узундукка секиргенди жакшы көрчүмүн. Курбум экөөбүз стадиондо чуркап жүрдүк. Бат чуркаганым менен, тез чарчап калам, ошогобу чуркаганга караганда секирген жакчу.

– Өзүңө кандай сыпаттама бересиң? Жумагүл Раимжан кызы кандай адам? Жакындарың кантип сыпатташат?

– Тартынчаак, токтоо адаммын. Шарактап да күлбөйм. Кээ бирлер «күлсөң, сүйлөсөң» деп калышат, табиятымдан андай болбогондон кийин кубула да албайт экем. Көңүл ачуучу жерлерге көп барбайм, шаан-шөкөттү жактырбайм. Бир нерсени жасайм деп максат кылсам, ошол максатыма жетем. Апам «ырчылар тартынбайт го, сен эмнеге уяласың?» дей берет. Эл алдына ырдап чыккандан уялбайм, бирок жашоодо тартынчаакмын. Кээде оюмду да айта албай калам. Айрыкча мырзалардан өтө уялам. Ошон үчүн турмушка чыкпай жүргөндүрмүн.

– Учурда ырчылар көп. Алардын клиптери, ырлары деле бир кылка сыяктуу. Өзгөчө образ менен өзгөчө ыр, клип жаратууну ойлоносуңбу?

"Мен ырчымын" дегендер чынында көп. Алардын саны чындап келсе ай сайын көбөйүүдө. Ошончолук ыр да, клип да арбын. Өзгөчөлөнүү, элдин көңүлүн бурган ыр, клип жаратуу чоң эмгекти, убакытты талап кылат. Жайдын күнү ал тууралуу ойлонбой эле көлөкөлөп үйдө жатам. Кээ бир ырчылардан угуп калчумун, «эч нерсе кылгым келбей жатат» дегендерин. Азыр мен ошондой абалда жүрөм. Өзгөчө ыр, өзгөчө клип тартуу оюмда бар. Бирок жалкоолугум кармап жатат окшойт.

– Атаандашуу болмоюн ийгилик жаралбайт дешет. Бул жаатта «аба ырайы» кандай?

– Менин атаандашым жок, эч кимге атаандашпайм. Айланамдагы ырчылардын баары мен үчүн бирдей. Бирин артык, бирин жаман көрбөйм.

– Маегиңе рахмат. Чыгармачылык эргүү каалайм!

"Апам менин чыгармачылыгымдагы демөөрчүм, колдоочум".


Сүйүн Кулматова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  9 
Комментарийлер(35)
03.07.2018. 09:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Жакшы маек.Маанилуу ырдайсыз оорусаныз тарынам ыры жагатта.
03.07.2018. 09:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Молодец! Чын эле момоюп журот.Эч кимге зыяны жок назик кыз.Бактылуу бол алтышка!
03.07.2018. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ХХХХ ХХХХ бул маек бергенден кийин чыктыго андан мурда соз боло элек болчу
Модератор admin_media түзөттү 2018-07-03 10:09:34
03.07.2018. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
tina.kg, такталбаган маалыматты жазууга тыюу салынган.
03.07.2018. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
tina.kg,мурда болгон соз. Анда Анжеликанын каршылаштары чыгарса керек деп кутулган
03.07.2018. 10:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Жакшы кыз ,осуп келе жаткан кыздарга кичине жакшы созубуз менен колдоо корсотолу.
03.07.2018. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Aikan1966,
03.07.2018. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жалкоо болбонуз
03.07.2018. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Отконку санындале жигитим жок журогум бош деген беле?
Же мен адаштымбы?
03.07.2018. 11:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ким ушак чыгарса да пиар кылып бериптир.
03.07.2018. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ал ушакты ХХХХХХХХ кммдин ою кандай
Модератор admin_media түзөттү 2018-07-03 12:34:03
03.07.2018. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
monster_high_98, такталбаган маалыматты калтырууга тыюу салынган.
03.07.2018. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Турмушка чыксаң ХХХХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2018-07-03 12:34:23
03.07.2018. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Tyty1990, коомдук адепке туура келбеген билдирүүлөргө жол берилбейт.
20.07.2018. 21:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
admin_media,хоп болади
03.07.2018. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кеме болбосо суу чайпалбайт.
03.07.2018. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ээ ал ушакты мурда эле уккам
03.07.2018. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
monster_high_98, берилген эскертүүгө карабастан, кайрадан эреже бузгандыгыңыз үчүн 3 күнгө БАН!
03.07.2018. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Сурот менен берген маеги катар туруп калыптыр го мэр менен))
03.07.2018. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жумагулдо сулуулук табигый жакшы уну бар таланты бар ырчы деп айта алам озун айткандай жалкоорокта тытынып иштебйт дагы арекет кылса келечени бар ырчысында ундуу,жеке жашоон тандоо озундо
03.07.2018. 20:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ЖАкшы ырчы, үнү да сонун, келбети да жарашыктуу..... Ал эми ушак деген ушак да, ага көңүл бурбаш керек.
03.07.2018. 22:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
bul kim ele irchibi je....
03.07.2018. 22:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жумагул жакшы кыз жакшы ырдайт уйбулолук бакыт жана ийгилик
03.07.2018. 22:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Jumagul ui-buloluk bakyt
04.07.2018. 01:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундайда ырчы барбы? Азыр менден башканын баары ырчы болуп мен эле калган окшойм тооба атам экообуз
06.07.2018. 07:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Djumaev0mur, озу жаман кобойуп кетти да ырчылары. Мен да тааныбадым
04.07.2018. 05:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай унун сонун,чыныгы талант бар сенде,жалкоолонбой иштесен коп ийгиликтерге жетишесин. Ал эми ушактарга конул бурба, "Ит уро берет,кербен журо берет"
04.07.2018. 18:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оорусаныз таарынам деген ырын, Айжамал ырдайт деп журсом, ушул кыз ырдайт экен да. Жакында билдим. Уну жакшы. Азаматсын!
04.07.2018. 23:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир эмес эки жолу катары мн актанып чыктыго)) эми мер дагы кызыгат экен да. 1 ок мн 2 коён атты. Пиар да болду мерге да кулак кагыш болду. Эбин тапкан 2эшек минет. Азамат
05.07.2018. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жумагул озу соо эмес кыз да. Мэр болумуш да соо эмес. чындык бар да бул жерде.
05.07.2018. 18:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
infomit,Емне сен шам кармап бердин белен.
06.07.2018. 20:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул кыз фитнеске эми бара баштаганбы же ошондой кылып суротко тушуп койгонбу билбедим.Мен тренер катары айтарым фитнеске катышкан болсо санындагы деги эле булчуңдары тарамыш болуп татртылат болчу бул кыздыкы жумшак назиктей экен эч бир спорт менен машыккаканны билинбейт,диета сактаган окшойт!Жугуруп чарчап секирип чарчабайм дейт!Бул менин жеке мнениям сразу мага жабылып акыл уйрото баштабагыла!Эмнеси болсодо таланттуу болуп эл арасында белгилуу болуп журсо берсин !
Azatbek.Svoboda. түзөттү 2018-07-06 20:23:38
07.07.2018. 09:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыгармычылык ийгилик дагы да гулдоп осо бериниз. Суйлогондор суйлой беришет
09.07.2018. 07:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тойду кутобуз эми сулуу кыз. Бактылуу бол ылайым!
10.07.2018. 07:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тартынбай бери карап кулчу жаным))))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо