№817 29-юинь -5-июль, 2018-ж.
27-июнь күнү Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда «Жылдыз менен ырда» деп аталган жайкы фестиваль болуп өттү. Анын уюштуруучусу Алексей Сидоров төмөндөгүлөргө токтолду: «Жайкы фестиваль Тумар ТВ жана Айжан Газиеванын мектеби тарабынан уюштурулуп, жылдыздар жаш таланттар менен бирге филармониянын сахнасында ырдашты. Катышуучулар Кызыл килемден өтүштү. Гүлжигит Калыков, Айдана Дека, Анжелика, Аяна, Айыма, Омар, Мирбек Атабеков, Чолпон Талипбек, Кайрат Примбердиев, Нурмат Садыров, «Заман» тобу, Жийдеш балдарды колдоого алып, дуэттерди аткарышты. 3 ай мурун болгон кастингге 700 бала келген. Алардын ичинен мыктылары тандалып алынган. Мирбек Атабековдун «Энекем, ай», Омардын «Кыргызстан» деген ырларын балдар хор ырдашып, көрүүчүлөрдү башка бир дүйнөгө жетелеп барышты».
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |