АПАМДЫН АКЫРКЫ ШОППИНГИ

№818 6-июль -12-июль, 2018-ж.

– Апа, момпосуйларды бул хрусталь идиштерге салайын, ээ?

– Жок, аны алып чыкпа, жөнөкөй эле табакка салып кой. Кошуналар эле келет.

– Аа, салаттардычы?

– Аны тиги алтын сызмасы бар тарелкаларга сал. Экини эле алсаң.

Апамдын үйүндө эмне гана жок. Советтик мезгилдеги хрусталдар, фарфор сервиздер, күмүш кашыктар. Бирок биз таптакыр колдончу эмеспиз. Ошол кездеги бардык эле аялдардай апам бул нерселерди өтө сый конокторго арначу. Ал коноктор жылына бир келет, келбесе жок. Бирине-бири кичине оозун ачып турган балык сувенирлер мурун ар бир үйдө болчу. Мага ошол балыктар аябай жагар эле. Бирок апам аны мага сылап турганга эле берип, кайра чаңын тазалап коюп койчу.

Кийин биз чоңоюп калганда апамды аябай кийинтким келчү. Эки көйнөгү болсо керек эле. Бири сары гүлдөрү менен, экинчиси күрөң түстө. Апам буларды деле кийчү эмес.

– Апа, жаңы көйнөгүңүздү эле кийип чыксаңыз.

– Ой, мына бул эле жерге барып куран окутуп келем. Жасангандай жаш келин белем?

– Балдар деп жүрүп эле өтүп кетебизби, бас, ай, көңүл ачып райондун борборуна чыгып келели,- деп келген шайыр курбусуна күлүп эле койчу.

Анткени түмөн түйшүк, кайненеси, күйөөсү, балдары аны тап жылдырбай кармап турса керек. Апамдын бош отурганын көргөн эмесмин. Башында мен “аял ушундай болуш керек, башка эмне кылмак эле?” деп ойлочумун. Бирок бул пикирим жаңылыш экенин кийин түшүнө баштадым. Анткени элди көрдүм, жерди көрдүм. Дүйнө таанымым өзгөрүлө баштады. Аял өзүн сыйлаш керек экен. Аялдын чарчаган энергиясы күйөөсүнө, кийин балдарына да жугат имиш. Байкасам, мен апама окшоп көп нерсени артка жылдырат экенмин. Мисалы, саякатка чыгууну, өзүмдүн ырахатым үчүн бир нерсени жасоону. Биздин коомдо аял өзүн үй-бүлөсү үчүн курмандык кылуусу кадыресе көрүнүш. Бул көрүнүштү жойгум келип жүрөт.

– Апа, бактылуусузбу?- деп сурадым бир жолу.

– Силер бактылуу болсоңор, жакшы окусаңар, турмуштан өз ордуңарды тапсаңар мен бактылуумун.

– Азырчы?

– Силер чоңойгондо болом дебедимби?

Ошентип кургурум бактылуу болууну да кийинки убактарга жылдырып койгон эле. Ал мезгил келдиби? Билбейм. Кийин бир ирет Бишкекке алып келип апамды соода борборунан баштан-аяк кийинттим. Тим эле супсулуу болуп калды. Өлчөп кийип көрүп кездемесин карап жаткан. Бааларын көрүп алып чалкасынан кетсе болобу?

– Айланайын, 5 миңдик көйнөк кийбейм. “Дордойдон” эле кийинип алам.

– Мен төлөп жатпаймынбы, кие бериңизчи, апа.

– Ошо сени деле аяп жатпаймынбы.

– Апа, аласыз. Баарын аласыз.

Өзүнчө күбүрөнүп-шыбыранып жатып дүкөнчү ороп берген нерселерди араң алды. Анан ээрчитип барып алтын топтом алып бердим. Анда такыр баш чайкап чыкты. Баасын түшүрдүм деп алдап жатып алып бердим. Кийин курортко жиберсем да, белек алып берсем да баасын такыр угузбай кылганга үйрөндүм. Апам аны да байкап алып баасын тыкылдатып сурап алчу да, кейий берер эле.

Бир күнү апам бизди таштап кетти... Сандыгын карап отуруп баягы мен алып берген көйнөк-кечектерди көрдүм. Баарынан жаманы, апам аны жонуна салбаптыр. Ал тургай этикеткалары да алынбаптыр. Апам кайсы күнгө сактаганын ким билсин? Адатынча бул кийимди кийип, андан ырахат алуу кубанычын да кийинки убакка калтырыптыр. Көзүмдөн жашым чууруп жатты. Апамдын акыркы шоппинги экен.

Азыр жаша, бүгүн болуп жаткан учурду кармап кал! Бүгүн жаша! Эртең сен дүйнөдө болбой калышың мүмкүн. “Үй алгандан кийин, балам чоңойгондон кийин же мына бул ишти аягына чыгара койгондон кийин” дебе. Учурунда жашоонун даамын сез, мейли, ал ушунчалык келжиректик, акылсыздык болсун, мейли, ал кимдир бирөө үчүн барып турган акылсыздык болсун. Сага кубаныч алып келсе, ырахат тартуулаган нерсенин баарын кылып көр. Балдарыңа бирөө кымбат кийим алып келсе “эртең киет, конокко киет” деп катпа, анткени ал балакай ошол белектин даамын учурунда татсын. Тизип койбо, ал сынып калгыча кызың бойго жетет. “Бүгүн чай, нан менен эле чыдайм, үй алып укмуш ашканам болгондо эки түрдүү тамак жасайм” деп өзүңдү алдаба, анткени ал учурда таптакыр тамак ичкенге табитиң тартпай же түрлөп жегенге ден соолугуң жол бербей калышы мүмкүн. Бүгүн жашайлы, замандашым, бүгүн жашайлы!


Ольга Савельеванын чыгармасынан которулду


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  19 
Комментарийлер(22)
10.07.2018. 09:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Эн туура айтылган создор.
10.07.2018. 09:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Туура айтасыз Айлин, бугунку кун менен жашоо керек. Эртен эмне болушун бир гана Аллахым билет.
10.07.2018. 09:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+27
Апаларыбыз аман болсун! Мен дагы ата-энемди чет жерге саякатка алып чыксам деген максаттарым бар. Кудай тилегимди орундатсын!
10.07.2018. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
100процент кошулам! Адам биринчи озун сыйлаш керек, бул эгоизм эмес.
10.07.2018. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Аттин дуйно!Менин да апам биздин жакшы жашашыбыз учун баарын жасап,биз кулсок кулуп,жакшы кийим кийдирип бизге,озун бактылуу сезип жашап журду."Апа озунузго да алыныз"десен,"аган экоонор ЖОЖду бутуп,аган ИИМде иштейт,сен бир мекеменин Бухгалтери болосун ошондо силер алып бересинер" деп баарын артка жылдырчу, Апам ойлогондой болду баары, кызыл диплом менен бутурдук,Апам энсеген жумушка орноштук,бирок Апам ал кезде оо дуйно аттанып кеткен болчу,арманыбыз апама бир да жоолук сал
10.07.2018. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Бир да жоолук сала албай калдык, бир чыны чайыбызды ичпей кетти, озокту орттогон арман менен жашап келеби. Менин да айтаарым бугунку кун менен жашайлы.
10.07.2018. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
эх дунуйон тушкурдуку десе уй було бала чака эл журт деп журуп ата энелерибиз картайды го до доолоттуу карылык каалайм баардык ата энелерге аман болушсун.
10.07.2018. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Эхх! Аябай таасирдуу окуя экен.
10.07.2018. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кандай гана аянычтуу! Апа деп айткан создун озу кандай бакыт ээ.Апоов деп айткым келет бирок жок, эркелегим келет бирок жок, кучагыма кысып жыттагым келет бирок жок.Аллахым жаткан жерлерин бейиштер кылган болсун.
10.07.2018. 18:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Иий апам жаным апам менин туура менин апамды суроттогондой го, аман болунуз асылым! Мен ыраазы кылып, батанызды алайын!
10.07.2018. 23:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх жашоо жашоо бул кор тирилик бизди картайтат.озу болсо жапжаш бойдон тура берет
11.07.2018. 01:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Менин эле апамды айткандай болду(((апаныз менин апамын эле кочурмосу экен,байкуш апамы эстеп кеттим
барайын десем жол алыс,чалайынн десем тун Бир убак,уктап жатат да мемиреп,эртең чалып коопко сүйлошпосомбу((ээх турмуш,тиричилик,бала бакыра,ушулар м-н алышып убакыт өтө берет тура.
11.07.2018. 01:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен апама чет жерде журсом да Кыргызстанда жургондой бат баттан сюрприз жасап турамын.Апама апа жакында бир сюрприз жасайм десем койчу ошол жерде отуруп,алып,дагы оюндун баары атан экообуздо да деп коп айтат.Бактыбызга ата - апаларыбыз аман болушсун биздин жакшылыктарыбызды корушсун !!!
11.07.2018. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nuura,molodes
11.07.2018. 07:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Россиядамын. Акчанын тартыштыгына карабай апамы чакырдым. Неберелерин коруп, шаар айланып, эс алчу жерлерде эс алып кетти. Коргону калат да. Уй алам, бала окутам деп журо берсек тиричилик бутобу? Бугунку кун менен жашайлы, эртенки ырыскыбызды Аллах берет. 2кун болду апам айылга кетти, озумчо кудундап суйунуп журом. Аллахка шугур
11.07.2018. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай соц.сеттерде мода тема болдуго
Бирок биздин коом азыркы кун менен жашаганга макулбу?Мисалы мен бир эжени билем , озу учун жашайт , кийим алат , озун карайт , балдарым дебейт.Бирок ал эженин элдердин арасындагы статусу " койчу ошону" дешет.Кызын эч ким албайт,уулуна кыз бербейт.
А менин апамчы , жебейт , ичпейт , балдарыма болсун дейт.А элдер "жесир болсода кыйын"дешет.Кудай сактасын апамын бир жери ооруса , ошол статус жардамга келеби???Жоок.Коом эл эмне дей
11.07.2018. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Баягы эле менталитет. Аялдар озулору куноолуу. Балдарына ушундай тарбия беришет.Кызына баарына чыда аны жаса муну жаса тамак кыл, кир жуу, аны кыл муну кыл аял киши ушундай болуш керек деген шаблонду илет болушунча. Ошентип билимсиз уй було бакканды да мойнуна алышты. Кочодо эркек уйдо аял. Бирок мунун кимге кереги бар эле. Эркек эч качан баалабайт.Ден соолугунан айырлса башкага кетет,олсо башкага уйлонот.Ошентип кыргыз аял озун озу туготот,бактылуу же бактысыз экенин озу деле сезбейт
13.07.2018. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдан маанилуу
13.07.2018. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы таасирдуу окуя экен ойлонто турган...
15.07.2018. 00:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мааниси терен экен. Укмуш.
16.07.2018. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эээх апалар балдарым деп канча туйшук тартып оздорун курман кылышат. Ошону тушунгон бала болсо жакшы мээнетине куйбойсун.
18.07.2018. 23:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ыйлап ирдимго,эч кимди апасынан айрыбасынчы кудайым.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо