Криминалдан жабыр тарткан ишкер: “ИШТЕЙМ ДЕСЕҢ АКЧА БЕРЕСИҢ ДЕП САБАП, САКАЛЫМДЫ ЖУЛУШТУ”. "КАРАЛАРДЫ" КАНТКЕНДЕ ТОКТОТСО БОЛОТ?

№818 6-июль -12-июль, 2018-ж.

Жакында милиция кызматкерлери "ишкерди коркутуп акча талап кылган" деп шектелген уюшкан кылмыш тобунун мүчөсүн кармашты. Ишкерлерди коркутуп, аларга салык салуу буга чейин деле көп катталып, бирок токтотулбай келе жатат.

ИШКЕРДИН 115 МИҢ СОМУН ТАРТЫП АЛЫШКАН

Жалал-Абад ОИИБинин маалымат кызматынын жетекчиси Мыктыбек Турдубековдун берген маалыматына ылайык, ушул жылдын 25-майында кылмыш тобунун мүчөлөрү Сузак районунда жашаган ишкерди коркутуп 115 миң сом акчасын тартып алышкан. Ишкер коркконунан укук коргоо органдарына арыз жазбай жүрө берген. Кийин гана милиция кызматкерлери бул окуя тууралуу билип, жабырлануучуга жолугуп, андан арыз алышкан. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 170-беренеси (опузалап талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголуп, 18-июнда бул кылмышка шектүү катары 1985-жылы туулган Н.З. аттуу Сузак районунун тургуну кармалган. Анын кылмыштуу топтогу шериктерине издөө жарыяланып, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

“АКЧА ТАЛАП КЫЛЫП САБАП КИРИШТИ”

Биз Арипжан аттуу жабырлануучуга байланышканыбызда, ал окуя тууралуу төмөнкүлөрдү айтты:

– Мен таш талкалаган заводдо иш башкаруучу болуп иштейм. Сайдан таш-шагыл алып келип, аны жууп-элеп элге сатабыз. Завод досторума тиешелүү, азыр 7 жумушчу иштейт. 25-май күнү түштөн кийин заводго бир жигит келип, “Арипжан деген ким?” деп сурады. “Менмин” десем, ал “сизде бирөөнүн иштери бар эле, барып келели” дегенинен машинасына отуруп жөнөп кеттик. Мен Сузак районундагы мамлекеттик органдардын биринин кызматкерлери болсо керек деп ойлогом. Ошентип Жалал-Абад шаарына бардык. Бизди спорт залдын жанындагы чайкананын жанынан 3-4 жигит тосуп алды. Экөөнүн аты Эркин, Замир экен. Алар мага “заводду жабасың. Иштейм десең 10 миң доллар бересиң” деп уруп, сакалымды жулуп коркутуп киришти.

Мени заводдун ээси деп ойлошту окшойт, алардын максаты – мени коркутуп, акча “грузить” этиш керек экен. “Анча акчам жок” десем, Эркин “анда сөз бүттү, жакшылыкты билбейт экенсиң, сени менен башкача сүйлөшөбүз” деди. Алар бир күн мурун менин үйүмө барып, үйдө канча киши жашаганынан бери билип алышыптыр. Кызым төрөтканадан чыгып, менин үйүмдө жашап жатканын да билишет экен.

Мен эптеп эле булардын колунан тирүү чыгып кетүүнү кааладым. Аларга жанымдагы 30 миң сомду берип, үйдөн да акча алып берүүгө аргасыз болдум. “Качып кетсең жерден чукуп болсо да таап алабыз” дешти. Ошентип экөө мени алып келишти, мен үйдөн 85 миң сом алып чыгып бердим.

“ЭМИ АРЫЗЫҢДЫ АЛ ДЕП СУРАНЫШУУДА"

– 2 күндөн кийин Замир деген жигит заводго дагы келип “Сен эмне кыйынсыңбы? Сенин үстүңдөн “кызылдар” арызданып жатышат. Заводуңду жабыш керек. Сен шефибиз менен сүйлөшүп алып анан иш кылбайт белең? Азыр шефке барып жолугасың” деп коркутуп кирди. Мен жолугууга барганга көнбөй койсом, кетип калды. Анан гана бул тууралуу досума айтсам, ал милиция кызматкерлерине айтып коюптур. Эртеси милиция кызматкерлери келип, окуя тууралуу сурап, арыз жаздырып кетишти.

Мени коркутуп, акча талап кылгандардын бирөөсү Замир дегенди кармап, отургузуп коюшуптур. Кармалган жигиттин тааныштары 3-4 жолу келип, "арызыңды кайра ал" деп суранып кетишти. Коркутушкан жок, бирок “Адам өлтүргөндөр тез эле бошоп кетип жатышат. Бул деле тез эле чыгат. Анан өзүңө эле зыян кылып койбосун” дешти. Көнбөй койдум. Бул жигиттер көп адамдарды коркутуп, аларга зулумдук кылышыптыр. Алардан жабыр тарткандарга жолугуп "силер да милицияга арыз жазгыла" десем, коркуп эч кимиси көнбөй койду.

Өлкөбүзгө туризмди жайылтып, инвесторлорду тартабыз деп уралап жатканда мындай окуялар бизге жакшы аброй алып келбеси бышык. Инвестор да кылмыштуу топтордун коркутууларына дуушар болсо экономика кайдан өнүгөт, өлкө качан бутуна турат? Ар бир өлкө жетекчиси, ар бир партия шайлоодо ишкерлерди, бизнести коргойм дейт. Андай убадалар ишке ашчу күн барбы?..

ӨЛКӨДӨ 3 ИРИ КЫЛМЫШ ТОПТОРУ БАР

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов 30-майда парламентте отчёт берип жатканда Кыргызстанда негизинен 3 уюшкан кылмыш топ бар экендигин жана уюшкан кылмыштуу топтордун активдүү мүчөсү катары 523 адам каттоодо турарын билдирди. Ага ылайык, Камчы Көлбаевдин тобунда 424, Алмаз Бокушевдин тобунда 50, Азиз Батукаевдин тобунда 49 активдүү мүчөсү бар. Мындан сырткары ар кандай кылмыш топторунун 941 мүчөсү каттоодо турат.


Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(31)
10.07.2018. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
Тажикстан Өзбекстан 90-жылдары эле мен черныйларданмын деп оозунан чыкканды эле күнөөсү далилденбесе да түрмөгө тыгып жок кылды. Калганы четке качып жок болушту. А бизде ушу күнгө чейин сайрандап жүрүшөт. Анысы аз келгенсип салык да электр энергиясына да төлөбөй жашагандар бар мен билгенден. Мамлекеттик органдар сен бизге тийбе биз сага тийбейли дегендей аралык кармашат.
10.07.2018. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
90 жылдар кайра келгенго Кыргызстанга ото окунучтуу.
10.07.2018. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Suzak12,90-жылдар эч жакка кеткен эмес и кетпейт дагы
11.07.2018. 00:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Defans2017,сен кайдан билесин кетпээрин мыйзам иштесе кетет эле
11.07.2018. 00:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Nargiza1987k, Ким айтты Кыргызстанда мыйзам иштейт деп. Кыргызстандын мыйзамы эшектердин курсагын тойгозуш учун гана иштейт. Оздору каалагандай кылып озгортуп алганына жинин келет.
10.07.2018. 12:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Через"каралар" аркылуу,"кызылдар"иш кылышат,
10.07.2018. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Негизинен биздин мамлекеттик органдар жана бийлик ото чабалдык кылып атат, оздору кылмыштуу топтор мн байланышта болуп иштешип атса каяктан анан кылмышкерлерди жок кылат, болбосо чындап иштей келсе бийлик буларды жонле жок кылып, кирерге жер таппай калгандай кылып, сотточусун соттоп ошондон нары жок кылып, бир пастале кылмыштуу топторду жок кылып тазалап койсо болот.
10.07.2018. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Учётто турса жок кылуу колунан келбейби
14.07.2018. 08:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
monster_high_98,учетто турган менен далилдүү закон бузуулары болбосо камалбайт.
10.07.2018. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
чорный болуш учун кандай докуенттер керек
10.07.2018. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
didu,Озунон алсыздарга эле кучунду чыгарып журо берсен,значит сен черныйсын
10.07.2018. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+31
didu, Копия паспорт, Куболук, 3×4 суроттон 2 штук, акылын норма эмес экенин жонундо тушундурмо
10.07.2018. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
didu, адам олтуруп,уурулук кылып турмодо 5 жылдан ашык убакыт отурсан,акыл-эси жайында эмес (жинди) деген справкан болсо, анча-мынча спортзалга барып турсан болду "чёрный"болосун. Амнистия деп кайра-кайра зектерди бошото берип, алар чыгып алып кайра эле оздорунун "черный" арам иштерин жасап, кылмыштуулук жогорулап жатат. Кылмыш кылгандан кийин жазасын аягына чейин отош керек,тайрандап боштондукта зоокурлук кылып журбой.
10.07.2018. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
didu,оригинал кросовкан болсо болду...
10.07.2018. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Москвада да ушул корунуш, КРда ушинтип кармалгандарды милиция озу эле айтат экен 1-2 жылча корунбой тур деп анан алар бул жакка келип алып мигранттардын канын сорот, акыркы кундору жаман тойгузушту
11.07.2018. 01:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
880909,заявление жазбайсызбы? Эмнеге тойгозушту? Ар ким озунун укугун билиш керек. Азыр коркуп журо берген заман эмес. Колдон келишинче салгылашкыла. Такыр болбой калса, таш менен башын жара чабыш керек.
10.07.2018. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ээ олкобуз ошого онукпойт, ушундай кичине баш которгон адамды барып акча тилеп мен карамын деп жатса, озу каралардын бийлике аралашыр ак ууйдо отурганы туура эмес, бизде каралар бийлике аралашып кетти, негизи аларды аралаштырбаш керек и аларды тазалаш керек, Россиянын президенти Путин бир жылдары черныймын деген, грузть эткен Чечен, Дагестан, даже Орусстарды нагла аттырып салган даже Стинхеддерди дагы аттырып салган! Бул корунуш Кыргызстанда токтобойт, себеби каралардын чону бийликте
10.07.2018. 20:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Djumaev0mur,Жомок бул Кудайдан жоо качкандын баары Россияда
11.07.2018. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Djumaev0mur,тушуну сууга айтчы))) ошо чёрныйдын баары Россия да Кадыров баш болуп
10.07.2018. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Кыргызстанда булардан тазалаштын мумкунчулугу жок, булардын чондору бийликте отурат,бизде баары иштебейт,алып камайсын эртеси чыгат кайра эле ошол, мен Кыргыз законуна жана бут куч органдарына, жага Бийлике нааразымын
10.07.2018. 17:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Тооба кылдым.Арам тамак менен узака барбайсынар го
10.07.2018. 21:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Шакалдар жон иштетишпейт ушинтип анан , иштейм деп аракет кылгандарды буттан тартышат, акмактар. Каралары бир жактан жепжутаарлары бир жактан тоноп каракчылар. Онукпойбуз бул кеип менен, отстаёт кыргызстан
10.07.2018. 23:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ой бул жанылык деле эмес го. Бишкекте канчалаган бизнесмендер акча толойт. Булардын бюджети мамлекеттикинен коп. Ошол учун кичинекей чернешкасынан бери кымбат машина тээп журот.
11.07.2018. 00:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Шайлоодон кийин эле бир бандитти чыгарыштылего, кыскасы булардын крышасы бийлик өзү болуп атпайбы анан кайдан жоголмок эле
11.07.2018. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Менда жолдошума айтып атам. Биз жашаган жерде аквапарк, бассейн, балдар эс алганга карусель, жакшы футбол, теннис ойногон аянт деген жок(бар, бирок аз, кичинекей бирдеме да. Майрамдарда балдар тыгылып эптеп түшүшөт. Мындай күндөрү эс алганы чыгайын десең, эчтеке жок.) Акча болсо ошону салса, канча киреше түшөт эле десем айтат. Инвесторлорбу же КР кишисиби, былчыйта налог төлөнөт экен(наоборот жеңилдик берип, колдогондун ордуначы). Ошол үчүн алар келбейт. Бир жагынан чёрныйларга доляны берип
11.07.2018. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Чёрныйларды тарбыялаган спортзал дар депутаттардыкы баары. Кызыктай эле жашоо кыскасы.
12.07.2018. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жогорку Кеңеште, бийликтин бардык бутагында чёрныйлар отурушат анан кантип тазалайт черныйларды камагыла деп кыйкырган Текебаевдин өзүн камап салышты.
13.07.2018. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен чёрныймын деп иштебей адал иштеп тамак кылышпайбы тан каласын азыркы заманга
14.07.2018. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эмнеге ошол криминалдык топтордун мучолорун каттоого алып коюп эле олтура беришеби. Тизмеде аты фамилялары бар экэн эмнеге кармап камашпайт деймда. Кыргызстан криминалдардын олкосу болуп кеткенби ыя...?
16.07.2018. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Палекет болсо дагы кармашкыла.
Ошолор грузтеткен акчага, киллер жалдагыла! Айтор бизнесмен,байлар ХХХ ХХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2018-07-16 14:41:26
16.07.2018. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Zidan2, этика нормаларын сактоону сунуштайбыз!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо