Аваз Акимов, ырчы: «МЕНИН ЫРЫМ КАНН КИНОФЕСТИВАЛЫНДА ЖАҢЫРДЫ»

№818 6-июль -12-июль, 2018-ж.

Калың журтка «Айганыш» ыры менен таанылган Аваздын «Ай-ай» аттуу ыры жакында гана эл аралык Канн кинофестивалында жаңырды. «Бир кезде азыркы эле тамада, алпаруучулар бизди тоготушчу эмес» деген Аваз элге айтылбай келген сырлары менен бөлүштү.

«МУРУН БИЗДИ ТОГОТУШЧУ ЭМЕС»
Аваз жөнөкөй болгону менен, ардантып койгон адамдарды эч качан унутпайт да, кечирбейт. «Кээде кепке түшүнбөгөн айрым күйөрмандарга катуу айтканга аргасызмын» дейт Аваз.

– 4-5-класстарымда Сыймык атамдын (ред.: Бейшекеев) жардамы менен сахнага чыкканымды баары билсе керек. Өткөөл куракта үнүм бузулуп, гастролдон чарчаган жаныма үнүм да шылтоо болдубу, «мен эми ырдабайм, ырчылыкты таштадым» деп чечкем. Бирок кайра үнүм калыбына келгенде М.Күрөңкеев атындагы музыкалык училищеге тапшырдым.

Элге таанылганга чейинки бир кызык окуяны айтып берейин. Султан байкелер (ред.: Садыралиев) популярдуу болуп жаткан кез, менин «Айганыш» деген ырым жаңы чыккан. Анда азыркы эле тамадалар, алпаруучулар тоготпогондой мамиле кылышчу. Бир жолу Нурлан экөөбүз концертке бардык. Сыймык атам «сени коштуруп койдум, ырдайсың» деген болчу. Толкунданып эрте эле кычырап кийинип жетип баргам. «Мен ырдайм» деп тайпалаштарымды да чакырып албаймынбы. Сахнанын артында кезек күтүп, улам «качан ырдайм?» деп алпаруучуга барсам «азыр» деп коёт. Ошентип отуруп концерт бүтүп калды. Мени экинчи планга койгондоруна аябай ардандым. Эч кимге көрүнбөй экөөбүз чыгып «Ала-Тоо» аянтына келдик. «Кийин, буюрса, биз деле популярдуу болобуз. Ошондо көрөбүз» деп кыялданып кеткенбиз. Жашоо бумеранг деген чын экен, жакында мен ырдабай калган концерттин уюштуруучулары кайрылышпадыбы. Шарт да туура келбей калды, алардын суранычын аткара алган жокмун. Мен баарына чыдашым мүмкүн, бирок мени басынткандарды жактырбайм. Бир көңүлүм калса такыр жибий албайм.

«КӨҢҮЛЧӨӨКТҮГҮМДӨН КЭЭДЕ ЧАРЧАП КЕТЕМ»

Көңүлчөөк, жөнөкөйлүк жакшы сапат болгону менен, кээде азабын да көрүп каларын айтат ырчы мырза. Анткени аша чаап жибергендер болот экен.

– Ырчы боло электе кыздар менен көп сүйлөшчүмүн. Оюн-күлкүнү, клубдарга барып эс алганды жактырат элем. Атым чыгып калгандан тартып өзүмдү-өзүм көзөмөлдөп калдым. Күнүмдүк жашоом, айлана-чөйрөм баары өзгөрдү. Эң негизгиси, жөнөкөйлүк сапатымды сактай алдым. Көңүлчөөкмүн, ошол сапатымдан кээде чарчап кетем. Айрымдар бул баарына көнө берет дегендей мамиле кылышат. Аларга да өзүнө жараша мамиле кылганды үйрөндүм. Кээде күйөрман кыздарга жакшы сүйлөп койсом жакын көрүп алышат да, кайра-кайра чалып, «аны куттуктап коюңузчу, муну кылып коюңузчу» дей беришет. Ошондо жиним келип катуу айтып салам.

Азыр Кудайга шүгүр, атым таанылып, сахнадан ордумду таптым. Бизге чейин канча ырчылар бар болчу, биздин арабызда да болгон. Үй-бүлө күтүп же башка себептен өзүн таштап койду дегиче эл аларды унутуп койду. Андыктан талыкпай эмгектене бериш керек.

Бир нече ай мурун мага «Мосфильм» киностудиясынан чалышып, «сиздин ырыңызды жактырып жатабыз» деп уруксат алышкан. Майдын аягында 71-жолку өткөрүлгөн Канн кинофестивалында ошол «Айка» кинотасмасында роль жараткан казак актрисасы Самал Еслямова «Күмүш пальма бутагы» категориясында «Эң мыкты аялдын ролу» сыйлыгын алды. Ошондой беделдүү кинофестивалдын сыйлык тапшыруу аземинде менин «Ай-ай» ырым жаңырды. Бул мен үчүн чоң сыймык жана стимул болду.

«КҮЙӨРМАН КЫЗДАРДЫ ЫЙЛАТКАН КҮНДӨР БОЛДУ»
Ырчы мырза менен Айдана Деканы чогуу көп көрөбүз. «Ага-карындашпыз» деп айтып келген алардын ортосунда эл билбеген кандай сыр бар?

– Мен үлгү алчу адам – бул атам. Үй иштерин өзү жасап, 9-классты бүткөндөн кийин эле баарыбызды өз алдынчалыкка көндүрдү. Эл көрсүн, жер көрсүн деп эркин койчу. Атамдын бир гана талабы – эч кимибизге апама каяша айттырган жок. Бирөөбүз каяша айттык дегиче катуу жаза тартчубуз. Жашырганда эмне, мен деле бир кезде «жылдыз оорусуна» кабылгам. Күйөрмандарыма «мага чалба» деп катуу айтып, ыйлатып койгон күндөр болгон. Алар апама чейин чалып «Авазды жакшы көрөм» деп айтышчу экен. Атам ошондо да «кыздарга катуу сүйлөбө, өспүрүм кыздар ызасынан жаман иш кылып алса сен жоопкер болуп каласың. Андан көрө такыр сүйлөшпөй кой» деп урушчу.

Көптөн бери Айдана Дека экөөбүздү кыз-жигит деп айтып келишет. Ошонун таасириненби, чет жактарга да экөөбүздү чогуу чакырышат. Алар да бизди бирге көргүсү келет окшойт да (күлүп). Чынында ар кимдин өзүнүн жеке жашоосу бар. Айрымдар ачык айтышса, мен сыр кылып турууну туура көрдүм. Мындай кеп-сөздөр кийин менин, өзгөчө Айдананын келечегине терс таасирин тийгизишин каалабайм.

«КИЛТЕЙГЕН ЖИГИТТЕР НУРЛАНДЫ ТЕГЕРЕКТЕП КАЛЫШЫПТЫР»

Аваз дос дегенде ичкен ашын таштап, эч нерседен коркпой каларын айтат. Нурлан экөө бири-бирине болушуп көп жолу мушташканын эстеп өттү.

– Кыргызстандын кайсы жерине барбайын дасторкон жайып тосуп алган досторум көп. Бир жолу Нарынга гастролго барсак айылдын балдары ызы-чуу салышты. Килтейген жигиттер Нурланды ортого салып, «бизге салык төлө» деп тырыштырып жатышыптыр. Андай нерсени жөн карап тура албайм да, «эмне болду?» деп жетип бардым. Бат эле эки жаат болуп тапырашып мушташа кеттик. Милиция кызматкерлерин чакырып жатып ажыратып калышты. Мен досторум кыйынчылыкка туш болгондо эч нерседен кайра тартпайм.

«Атам апама жолугуш үчүн 23 чакырымдай жөө басып кошуна айылга барчу экен».
«Атам бизди эркин койчу. Ошондуктан мен да эрте гастролго чыгып баштагам».
«Ай-ай» аттуу ырым казак актрисасы Самал Еслямова сыйлык алганы сахнага чыкканда жаңырды».
«Негедир Айдана экөөбүздү чет өлкөгө чогуу көп чакырышат».


Гүлжамал Абылкасымова
Адилет Бектуров
star@super.kg


Аваз Акимов: "Менин ырым Канн кинофестивалында жаңырды"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(35)
10.07.2018. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ай, менин ырым дебей, аткаруумдагы десе болмок...
Же ал ыр озуно таандыкбы эмне?
10.07.2018. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Berliane123454, Обону да созу да озуно таандык болсо озумдуку дейт да
10.07.2018. 10:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Бир туруп катуумун,таарынсам жибибейм оной менен дейт бир туруп конулчоокмун дейт кайра. Певец на любителя,харизма деген такыр жок. Дос ырчылары да ошондой. Мирбек Атабеков деле ырчы среднего уровня, бирок анын харизмасы бар. Далеко не красавец ,но кыргыздар айткандай суйкумдуулугу менен тартып турат Мирбек
10.07.2018. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Тиги самыран калган Самал Кыргыздын начар турмушун корсоткон ролу менен сыйлык алып жатканын коруп нерв болуп каным кайнап кетип атат..
10.07.2018. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
surgeon777, кино эмне жонундо экен? Кордунуздорбу?
10.07.2018. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
engel,Москвага иштейм деп барган кыргыздын кызы Айка боюнда болуп,кыйналып журуп тороп анан аны таштап кетем,кантип багам баланы жалгыз деп бирок кайра ойлонуп акыры баласын жалгыз бой озу багат экен.Иши кылса Кыргызстандын омуру онолбогон экономикасы,анын айынан жаш кыздар чет жерге иштегени кетип бузулуп атканы жонундо тартышыптыр!Бул ачуу чындык болсо да биз жонундо чет элдик режиссер кино тартып,башкы рольду казак ойноп атканына,анан дагы ал ролу учун приз алып жатканына жаным кашаят!!!
10.07.2018. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
surgeon777,бул кинону каяктан корсо болот. Жооп берип коесузбу
10.07.2018. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
guli-1980,азыр чыга элек интернетке,Россиянын кинотеатрларында корсотулот.
10.07.2018. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
surgeon777,Кыргыздын байкуш бечелдиги да.Эгерде Кыргыздар казактар жонундо ошондой кино тарсынчы бат эле жообун берет.А биз байкуш ундобойбуз.Негизи эле болок калк башка элдин турмуш жашоосун киного тартканга укугу жок болсо керек.Жогору жактагы бок мурундар ун катып да койгон жок
Mamiev түзөттү 2018-07-10 14:27:23
10.07.2018. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Mamiev,айтпаныз,Кыргызда бычакка сап бийлик башчылар жокко эсе,ошону билип какендер кыргый салып ар бир удобный случайда челип отуш керек да!Назарстандын Кыргызстанды жаман фон катары пайдаланып келет деп дайым айтам.
10.07.2018. 19:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
surgeon777,бычакка саптарды атып, калганын камап коюшкан.
12.07.2018. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mamiev, Жогору жактагылардын баштары башка менен алеек ааазыр, КАнтип камасам, тартып алсам деген.....
10.07.2018. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Айдананы эмес башка кызды омурлук жар кылса жакшы болот. Себеби озу жонокой бала экен.
10.07.2018. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Атасы кыргыз элеби мунун эч эле окшоштуралбай койдум го.
10.07.2018. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Озунчо эле жылдыз болуп алганго
10.07.2018. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Негедир Айдана экообузду коп чакырышат,кыз жигит деп ойлошот окшойт да деп алыптырго,кыз жигит болсонор ошентетда...
10.07.2018. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Нурланды чоон балдар тегеректеп алганын элестетип жатам,озунчоле XXX го,аман эле болсун,Кыргызстанга кичине элге таанылганга эле жылдыз оорусу менен ооруп кетсенер,ооо чон ырчы болсонор жашап журот экенсинер да ээ,,жакшы ийгилик Чыгармачылык
10.07.2018. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Айганыш сенин ырын эмес! Ал ыр 1998-жылы эле Баткендик Торо Жапаров деген мугалим тамаша иретинде ырдап чыккан ыр! Авторду эскерип койсонор уялсан да))
10.07.2018. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
taalay25,Айганыш менин ырым деген жок окшойт. Жакшылап окуусан тообо
11.07.2018. 02:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
elin,меники деп эле журот
11.07.2018. 02:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
elin,меники деп эле журот озун жакшылап окусан
10.07.2018. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Сөздөрүңөн мүнөзүң кандай түшүнбөй калдык, ырдаган ырларың жакшы укса болот, жанагы жаныңда жүргөн Дека, келин болуп апаңа кызмат кылбайт ко.
10.07.2018. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Артындагы Айдананын колу да ээ?
10.07.2018. 20:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бактылуу бол!!! Ийгилик!!! Айдана Декага жигит жалко
10.07.2018. 23:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ырчыларга негатив коммент жазгандар , оздорунун эле досторубу деп ойлоп кетемда????
Мисалы мен жон эле куйорман , бул баланын мага пайдасы деле жок , зыяны деле .Ошондуктан чыгармачылык ийгилик , жеке жашоосуна бакыт гана каалайм!
Ар бир адам бактылуу болууга татыктуу,!Сени ким тааныйт , оббоо жылдыз болуп дейсинерда ,аздыр коптур куйорманы болгон учун ушундай чон газетанын жузу болуп чыкты.
Жаман билдируулорго конул бурбаныз,алга жана АЛГААА!!!
11.07.2018. 02:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кудай озу кечиресин кандай ыр ырдайрын деле билбейт экенмин,биро ХХХХ ХХХ экен деп тан калдым
Модератор admin_media түзөттү 2018-07-11 09:32:39
11.07.2018. 09:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Gema,кимдир-бирөөнү мазактоого жол берилбейт. Билдирүүлөрүңүз түзөтүлдү!
11.07.2018. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Gema,анда Ванчопа айткандай турник жаса дагы качкадан бер
11.07.2018. 02:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озун укмуш


Сулуу мачо Жылдыз
Коруп алган неме окшйот ХХХХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2018-07-11 09:33:49
11.07.2018. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Айдана Дека пара эмес озуно окшогон жонокой кыз тапсан жакшы болмок
SUPER.KG видео
11.07.2018. 20:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менимче сиз жонокой, жакшы жигитсиз. Бирок чыгармачылыкта канча журсонуздагы, ийгиликтерге анча жетпей журосун. Аракет керек! Хит ырлар!
12.07.2018. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аваз голосунуз сонун! Чыгармачылык ийгилик каалайм!
13.07.2018. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айдана Даканди кой нары кыз тугоп калсада, Аваз зачем жакшы кыздар коп 1эле кыз менен чектелип калбай караштырып кор сага жакшы саветим,ыймандуу ынсаптуу токтоо акылдуу жонокой сулуу кыздар коп озуно топ келген кыз кара, кийин аттин калбада, азыр шари шур жасалма кыздар да коп алардын сырткы чапталган бойогуна азгырылба!
Busi06 түзөттү 2018-07-13 11:35:51
16.07.2018. 20:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Mumkun Deka jakwy kyzdyr, kaidan bilesiner?
16.07.2018. 20:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ырчылар мактанганды гана билесинер го. Алдандым алдап кетти деп. Канча адамды алдап акчасын алып кеттин экен ээ Авазжон.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо