МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал)

№818 6-июль -12-июль, 2018-ж.

(Башы өткөн сандарда)

ххх


Жумушуна барды. Жумуш бүтмөк, бирок Тимурдун үйгө кайтайын деген ою жок болчу. Ал азыр кош бойлуу аялы менен урушуп кеткенин унутуп койду. Чуулдаган, тынбаган күнүмдүк жашоодон эс алгысы келди. Телефонуна Н деп гана сактап койгон Нуржандын телефонун терди.

– Кандай, сулуу?

– Жакшы. А бул ким?

– Кечээки фантазиясы такыр иштебеген жигит. Тимур.

– Аа, кандайсың?- кыз кубанып кетти. Ал ушул чалууну күтүп жаткан.

– Сага жолуксамбы дегем.

– Мм... Мен бошобойм да. Жумушка эле кел.

– Жарайт.

Жигит шуулдаган бойдон баягы кафени көздөй жөнөдү. Куду биринчи жолу кыз менен жолугушууга бараткандай толкунданып алды. А үйдө аны аялы, ага чоочун болгон кызы жана аялынын курсагындагы чүрпө күтүп жаткан. Мээсине ушул нерсе кылт дей түштү. Жок! Мындай ойду жакындатпаш керек. Ырдап жиберди, эптеп ушул ойдон качыш үчүн кыңылдап баратты.


ххх


Жигит абдан сымбаттуу эле. Нуржан аны бир көргөндө эле жактырган болчу. Анын үстүнө ал жылуу сөздү сагынып калган экен. Бир эсе Тимурдун шуулдактыгы, сөз тапкычтыгы да ага жакты. «Мына ушул жигит мыкты болсо, алдабаса» деп кыялданып алды өзүнчө. Жүрөгү «зырп» дей түштү. Ал өткөнүн эстегиси келбейт, бирок баары бир жүрөгүндө так бар. Э-эх, Москва! Ооба, ал бардыгына мына ушул шаарды күнөөлөйт. Көрсө, бул шаарда чындыкты жашырууга, адамдарды алдап коюуга мүмкүнчүлүк көбүрөөк экен. Мына, Асылбек Нуржанга эмнелерди гана убада кылбады? Сүйөрүн айтты, ансыз жашай албасын саймедиреди. Кыз болсо ага ишенип бакытка балкып алган. Бирок Асылбектин Кыргызстанда үй-бүлөсү бар экен го. Өзүнө куюп койгондой окшош эки уулу бар экенин кантип жашырып, кантип жанагынча жалынган сөздөрдү айтты? Кыз алигиче түшүнө элек. Баарынан да «мен баарын таштайм, мен сени менен болом» дейт. Кантип? Кыз андай жүк менен андан ары жашап кете алмак эмес. Анын үстүнө Асылбектин калпынан кийин ага ишенүүгө, анын жанында турууга мүмкүн болбой калды. Эми ошол жарасы аз-аздап айыгып баштаганда жашоосунда Тимур пайда болду. Сулуу жигит. Мүнөзү да жакшыдай туюлат. Башкысы, алдабасын.

– Кой, анчалык ойлонбо, инсульт болосуң,- Тимур аны тиктеп туруптур.

Кыз күлүп койду. Жүрөгү туйлап кетти. Кыздын толкунданып кеткенин Тимур анын көздөрүнөн эле байкап койду. «Меники болосуң» деди ичинен ишенимдүү.


ххх


Айсулуу ичи ооруп кеткенинен ойгонду. Тим эле сыздайт, «башталды» деди. Коркуп кетти. Сааттын жебеси таңкы саат 4тү көрсөтүп турган. Оор дем алды. А Тимурдан болсо дайын жок.

– Акмак десе,- туталанып ыйлагысы келип чыкты. Жүрөгүнүн түпкүрүндө коркунуч пайда болду. «Кокус кетип калсачы, эки бала менен эмне кылам? Ал менден тажады. Мен эмне кылып тажаттым? Ар бир аял ушинтет». Анын башында ар түркүн ойлор кагылышып жатты. Арыда болсо жаагына алакандарын төшөп, эриндерин борсойтуп Айназик уктап жатат. Кызынын алакандарынан жыттап койду. Телефонун алып Тимурга чалды. Өчүрүп салган экен. Кекеткендегиси го.

«Кокус азыр башталса Айназикти кошуна келинге таштайын дагы, «Тез жардам» чакыртайын» деп ойлонуп баштады. Дал ушул учурда курсагы дагы бир толгоп оорутуп жиберди.

– Эш-шек,- деди ал Тимурду дагы бир жолу эстеп. Айназик төрөлгөндө да жанында эмес болчу. Эми бул жолкусунда да таптырбай кеткенин кара.


ххх


Айназик көздөрүн алайтып чоочун үйдө калды. Аз эле болду, апасын «Тез жардам» келип алып кетти.

– Мен сага бөбөк алып келем,- деди апасы анын чачынан сылап. Бирок качан келерин так айткан жок. Айсулуу болсо ушунчалык эл көп болгон Москвада төрөт учурунда жапжалгыз калганын ойлоп ызаланып чыкты. Биринчи төрөтүндө жанында Назик бар болчу. Азамат анда Назикке Айсулууну катуу табыштаган эле. Аргасыз Азаматты эстеп жиберди. Айназик кантер экен? Тимур, кайда жүрөсүң?

Апасы кеткен соң Айназик эмне кыларын билбей туруп калды.

– Өзүңдүн үйүңдө жүргөндөй бол. Наку менен ойнойсуңбу?- үйдүн ээси болгон келин жароокерлене сүйлөдү. Бул коңшу келиндин аны менен тең чамалаш кызы боло турган. Айназик билинер-билинбес башын ийкеп койду.

– Жүр, ойнойбуз,- Наку деген секелек кыз аны чакырды. Сары чач кыз Айназикке жакты. Ага кошулуп ойной баштады. Бул кыздын куурчактары көп экен.


ххх


Тимур жүзүнө тийген күн нурунан ойгонуп кетти. Анын көйнөгүн үстүнө кийип алган Нуржан парданы ачып жатыптыр.

– Ойгон, уйкучу,- деди кыз ага эркелей.

– Уф, тургум келбейт. Саат канча болуп калыптыр?

– 11. Мен сага таңкы тамак даярдап койдум. Карачы, бир жумуртка тим эле жүрөкчө болуп бышты,- кыз кылыктанып күлүп койду. «Эмнеге Айсулуу мындай эмес?» деп ойлоду Тимур. Нуржан ушунчалык жагымдуу экен.

– Мына, бул көйнөгүңдү жууп коюш керек экен. Тер жыттанып баштаптыр,- өзү кийип турган Тимурдун көйнөгүн кармалап.

– Тер жыттанса эмне кийип алдың?

– Тамак жасап жатканда да, башка жумуш кылып жатканда сенин жытыңды жыттагым келди.

«Сонун экенсиң» деди Тимур ичинен. Нуржан ага уламдан-улам жага баштады. Жылмайып койду.


ххх


Нуржандыкынан үтүктөлгөн таптаза көйнөктү кийип сыртка чыгары менен телефонун жандырды. Айсулуудан толтура чалуу келген экен. «Дагы мээни жейт тура» деп ойлонду. Кат да келиптир. Ачып окуду. «Мен төрөп жатам. Кайдасың?» Басып бараткан жеринен токтоп калды. Чын эле ай-күнү жакындап калбады беле. Туй ата. Эми эмне кылат? Каякка барат? Айсулууга чалуу керек. Узун гудоктор кеткен менен, телефонду ары жактан көтөргөн киши жок. Эми кантти? Алапайын таппай калды. Башына ар кандай ойлор келе берди. Бирок бир да жолу ал эмнегедир Айназик тууралуу ойлонгон жок. Ал эмне болду? Апасы төрөтканага кетсе ким менен калды деген ойлор аны айланып эле өтүп кетти.


ххх


Төрөт оор болду. Кудай жалгап, эне да, бала да аман. Уул экен. Тимур сүйүнөт деп ойлонду Айсулуу. Ал азыр сыртта күтүп турганын айтышты. Акыры таап келиптир. Аны киргизишти. Көздөрүн ала качып, күнөөлүүдөй болуп турду. Айсулуунун кубанычы коюнуна батпай турган. Ал Тимурга жинденмек деле эмес.

– Бала тигинде жатат,- Айсулуу бала жаткан тарапка кол жаңсады.

Тимур ага жакындап барды. Чоочун бирөөнүн баласын карагандай карады. Ал эмне кылыш керек экенин деле түшүнбөдү. Колуна алуудан коркту. Кызыл эт чүрпө анын жүрөгүн козгой алган жок. Айсулуу аны таң калгандай карап алды. Жок эле дегенде көздөрүнөн учкун көрөм го деп ойлогон. Анан аргасыз дагы бир жолу Азаматты эстеди, Айназикти колуна алып көзүнөн жаш тамчылатканын эстеди. Жүрөгү «тыз» дей түштү.

– Атын ким коёбуз?- деди Айсулуу ыйлап жиберейин деп. Ал өзүн эптеп эле кармап жатты.

– Билбейм,- Тимур ийнин куушурду.

– Байэл. Мага ушул ысым жагып жатат.

– Антип койсок деле болот,- Тимур кайдыгер жооп берди. Ал эмнегедир ушул учурда Нуржанды эстеди. Эми кантет? Балдар баарына тоскоол болобу? Дагы балдар деп, Айсулуу деп өзү каалагандай жашай албай калабы? Нуржан... Ал Тимурга ушунчалык жаккан, жүрөгүнө жакын адамга айланып баштабады беле?..

(Уландысы кийинки санда)


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Башка сандарда:
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 793-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 794-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 795-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 796-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 797-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 798-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 799-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 800-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 801-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 802-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 803-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 804-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 805-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 806-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 807-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 808-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 809-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 810-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 811-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 812-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 813-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 814-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 815-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 816-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 817-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 819-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 820-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 821-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 822-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 823-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 824-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 825-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 826-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 827-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 828-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 829-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 830-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 831-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 832-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 833-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 834-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 835-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 836-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 837-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 838-сан
Комментарийлер(13)
10.07.2018. 09:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
1
10.07.2018. 09:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биринчиби ошондо
10.07.2018. 09:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Ооооо айсулуу айсулуу сен дагы азаматты кооооп эстейсин, тимурун таштап коооп кордук коросун.
10.07.2018. 09:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Азаматын баркын эми билип баштадыго
10.07.2018. 09:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Эми Азаматтын кадырын билесинда, Москвада эки балан менен озун олтуруп Тимурду кутуп келгенине ыраазы болуп, кетип калайын десен ата-энен да киргизбейт, башында эси жоктук кылып аларды да ыраазы кылган эмессин
10.07.2018. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ХХХХ ХХХ ХХХХ бир жолу фокусун коргозгон эркек экинчи жолу коргозбойт деп эч ким кепилдик бере албайт.
Модератор admin_media түзөттү 2018-07-10 11:28:41
10.07.2018. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
love_you, этика нормаларына туура келбеген билдирүү калтырууга тыюу салынган.
10.07.2018. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул сериалды окубайт элем,Айсулуусу биринчи жолуккан адам мн эметишип алды го.
10.07.2018. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Nevestkaa кулкуну келтирбечи. Айсулуунун эметишкенин айтып...
10.07.2018. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баштан откон окуяны кайда жазып жонотсок болот? Почтасын айткылачы
12.07.2018. 09:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kadyryna netpesen, korsotup koiot kadyryn. Barkyna eger jetpesen, baikatyp koiot bardygyn.
12.07.2018. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айсулуу ХХХХ Тимур ХХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2018-07-12 15:38:46
12.07.2018. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mydearzh, этика нормаларына туура келбеген билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо