Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

БЕЛЬГИЯЛЫК ДАРБАЗАЧЫ КЫРГЫЗ КҮЙӨРМАНЫН ИЗДЕЙТ

№818 6-июль -12-июль, 2018-ж.

Орусиянын Ростов-на-Дону шаарында футбол боюнча Дүйнө биринчилигинде Бельгия-Япония беттеши орун алды. Жарым чейрек финалдык оюн жыйынтыкталган соң Бельгиянын дарбазачысы Симон Миньоле Твиттер баракчасынан күйөрманын издеп жаткандыгын жазды. Күйөрман аталган оюнда «Ливерпуль» футболдук клубунун футболкасын кийип келип, колунда «Миньоле, мага футболкаңды бере аласыңбы?» деп жазылган плакат кармап турган.

Дарбазачы издеген күйөрман 21 жаштагы кыргыз жигити Арсен Алтыбаев экендиги аныкталып, ал Дүйнө чемпиондугуна барууну 8 жыл мурун эле кыялданганын айтат. «Футболду абдан жакшы көрөм. Анткени футбол адамдарды бириктирет. Бул окуядан кийин кыялдар орундаларына дагы бир ирет ынандым. Миньоле мени байкап кол чапкан, бирок жаныма келген эмес. Бирок мен үмүтүмдү үзбөй оюн бүткөнгө чейин колумдагы плакатты түшүргөн жокмун. Оюн бүткөндөн кийин тааныштарым Миньоле мени издеп жаткандыгын айтышты. Алгач ишенген жокмун, бирок Твиттердеги билдирүүсүн көрүп аны менен байланышканга аракет кылдым, азырынча жооп бере элек»,- дейт футбол сүйүүчүсү.

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(8)
10.07.2018. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Берди окшойтко футболкасын...
10.07.2018. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Kaninaiman,Ал футболкасын кыргыз жигитине берип жатканда,супер инфо гезити таратылып калган,ошол версиясын эле жуктогон сайтка
10.07.2018. 20:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Футбол корбой эле вратарды андып отурган го ,менин плакатымды коруп жатавы деп
11.07.2018. 07:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kol koidurup alsa jakshy bolot, antkeni al futbolkany kaira satsan choon summaga satsan bolot
11.07.2018. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Оо сонун го кыялдар орундалса фудболду мен да суйом бирок барып коро албайм. Твдан бекер кордук. Ошо да бизге чоон суйунуч
13.07.2018. 23:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер
14.07.2018. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
футболкасын алып кымбат сат да тышкы карыздарды толоп сал укам.
16.07.2018. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Metior8019,озунун ички карызынан кутулсун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо