Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

МӨМӨЛӨРҮ КАЙНАТЫЛБАГАН КЫЯМДАР

№818 6-июль -12-июль, 2018-ж.

Үй шартында жасалган кыямдар – эң мыкты десерт жана витаминдердин топтому. Кыямда витаминдер көп сакталсын десеңиз, мөмөлөрдү кайнатпоого аракет кылыңыз. Биз сунуштаган витаминдүү, жыпар жыттуу, тунук, таттуу кыямдар жашооңузду мындан да таттуу кылат деген ойдобуз.

МАЛИНА КЫЯМЫ

Керектелүүчү азыктар:

Малина – 1 килограмм

Кумшекер – 1,3 килограмм

Даярдоо ыкмасы:

1. Малинаны тазалап, үстүнө кумшекерди салып, кол менен эзип алабыз. Эгер мөмөлөр бүтүн бойдон сакталсын десеңиз, анда малинанын үстүнө кумшекерди себелеп салып, ширеси бөлүнүп чыкканча, 7-8 саатка тыныктырып коюу керек.

2. Эзилген же болбосо ширеси чыккан малинаны бууланган банкаларга салып, сыртынан 20-25 мүнөт кайнатабыз.

3. Банкалардын капкагын бекем жаап, салкын жайда сактайбыз.


ӨРҮК КЫЯМЫ

Керектелүүчү азыктар:

Өрүк – 1 килограмм

Кумшекер – 600 грамм

Даярдоо ыкмасы:
1
. Кыямдын бул түрүнө өтө эзилип бышпаган мөмөлөр керектелет. Өрүктү жууп, ортосунан жарып, данегин алып салабыз.

2. Банкаларды жууп, буулап алабыз да, кезектештирип өрүк менен кумшекерди кат-кат кылып болушунча ныктап салабыз. Өрүктөн шире бөлүнүп чыгышы үчүн 2 саатка тыныктырып коёбуз. Биз сунуштаган азыктардан 0,5 литрлик 2 банка кыям чыгат.

3. Өрүк толтурулган банкаларды суусу бар мискейге салып, сыртынан 20-25 мүнөт кайнатабыз. Андан соң банканын капкагын бекитип, көмкөрүп жылуу ороп коёбуз.


КУЛПУНАЙ КЫЯМЫ

Керектелүүчү азыктар:

Кулпунай – 1 килограмм

Кумшекер – 1 килограмм

Лимон – 1 даана

Даярдоо ыкмасы:

1. Кулпунайды жууп, тазалап чарага салабыз. Үстүнө кумшекерди себелеп, лимондун ширесин сыгып кошуп, 6-7 саатка тыныктырып коёбуз. Бул аралыкта ширеси бөлүнүп чыгат.

2. Акырын ширесин куюп алып, 10 мүнөт жай отто кайнатабыз да, кулпунайдын үстүнө жаба куябыз. Дагы эки жолу ушинтип ширесин бөлүп алып кайнатабыз. Аягында кулпунайды бууланган банкаларга бөлүп салып, үстүнө сиропту куюп банканын оозун бекитебиз. Кышкыга витаминдүү кыям даяр!

Эскертүү! Кыямдагы мөмөлөр формасын жоготпой бышсын десеңиз, аны көп эмес, бир жасаганда 3-4 банкалык кылып жасаганыңыз туура.


Дамира Арстанова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(11)
10.07.2018. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кулпунайдын устуно жаба куябыз бегенди тушунбодум
10.07.2018. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
TAN889117, Кулпунайдан чыккан ширени жай отто кайнатып алган сон кайра кулпунайдын устуно жаба куясынар
10.07.2018. 13:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайнатып жатканда устуно капкагын жаап кайнатавы банканын,жэ ачык кацнатавы???
10.07.2018. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Nanei
Ачык эле кайнатат
10.07.2018. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эң жакшы, бардык түрү жагат. Рахмат.
10.07.2018. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Банка жарылып кетпейби ысыкка? же тогулуп дегендей,капкагын жаппай кайнатса?
10.07.2018. 19:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
batma200294,Негизи оозу прям аччык боюнча кайнатылбайт,крышкасын жаап коюп кайнатылат, закрывашка менен эмес жон эле жаап кайнатып , буткон сон оозун бекитет
10.07.2018. 18:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биз кылган түрү жок го, малинанын
10.07.2018. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мен сыртынан кайнатпай эле, эмаль идишке куюп, жакшылап аралаштырып, (таза, салкын жерде сактайм) газы чыккандан кийин стерилизованный банкаларга куюп жаап коём. Эч нерсе болбойт. Кышында вареньени ачканда, жыты буркурап турат.
Snejana түзөттү 2018-07-10 19:07:57
13.07.2018. 17:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
1кг малина,орук,клубникага 1кг кум шекер коптук кылбайбы?

Мен 1литирлеп кайнатканга убактым жок,орукту менен малинаны казанга,клубниканы эмаль идишке салып плитада эле кайнатам. Канчага канча кошуу точно эсимде жок бирок созсуз турдо ар бирин сироп(сууга,кумшекерди кошуп) кылып кайнатып анан кошомун.Кудайга шугур эс бири эч нерсе болбой эле коп жылдан бери.Суу кошконго уйронгом себеби варенье суулуу болот.
15.07.2018. 10:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Pandora,1кг орук, малина, карагаттарга 1кг сахар кошуп, кайнатпаса дагы жакшы сакталат. Аз кошсо рискованный. Сахарды аз кошкондор, кобуроок кайнатыш керек, бирок витаминдер олуп калат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо