№818 6-июль -12-июль, 2018-ж.
3-июль күнү «Жарайт City» долбоорунун мүчөсү Нурсултан Курсанали уулу сүйлөшкөн кызы Диананын колун сурады. Шоумен окуянын капыстан болуп кеткенин айтат. «Диана менен көптөн бери сүйлөшүп жүрөм. Жөн эле шакек алып койсомбу дегем, бирок толкундоомду баса албай андан ары улантып, колун сурап жибердим. Диана ордолуу Оштун кызы. Бирок Казакстанда чоңойгон. Ал эми жогорку билимди Кыргыз улуттук университетинен алып, быйыл аяктады. Диана эч нерседен капарсыз курбулары менен кафеде отурганда досторум менен кирип барып, колун сурадым. Ал макул болду. Той качан экени азырынча белгисиз»,- дейт Нурсултан.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |