№818 6-июль -12-июль, 2018-ж.
«Жаңы толкун-2012» сынагынын катышуучусу Бек Исраилов үй той бергени турат. Мындан 3 жыл мурун үйлөнгөн ырчы келинчеги Айжаркын экөө Бишкектин борборунан батирлүү болуп сүйүнүп турган чагы. «Үй алып, ата-энебизден бөлүндүк. Батирди өзүбүздүн фантазиябызга жараша оңдоп-түзөп алдык. Батирдин интерьерине Айжаркын өзү дизайнер, мен ага жардамчы болдум. Үйүбүздүн ичи толуп, бапырап эле калдык. Эми Айжаркындын себи келсе каякка батырабыз, билбейм. 8-июлда ага-туугандын башын кошуп үй той беребиз, азыр той камын көрүп чуркап жүргөн кезибиз»,- дейт Бек.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |