ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ 9-июлдан 15-июлга чейин

№818 6-июль -12-июль, 2018-ж.


Астролог Жанар Кадыралиев сунуш кылат

КОЙ (21.03-20.04)
Жумуш жана балдар маселеси алдыңкы орунга чыгат. Кесиптештердин колдоосуна татыйсыз, анткени өз ара түшүнүүчүлүк жогорку деңгээлде болот. Кесиптештердин бирине жактыруу сезими ойгонот. Киреше да кирет, чыгаша да чыгат.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Үйдөгү айрым көйгөйдү эске албаганда апта негизинен жагымдуу өтөт. Балдарыңыздын кылган иши ичиңизди жылытат, айрыкча башка шаарда жашагандары. Эски сүйүүлөр козголот.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Менменсинүүдөн улам айтышууларга кез келесиз. Аргасыз сапарга чыгасыз же унаа, документ көйгөйлөрү жаралат. Ачууңузду тыйсаңыз жакындарыңыздын колдоосуна татыйсыз. Көбүрөөк акча табуунун жолун издейсиз.


БӨЙӨН (22.06-22.07)
Каржы жана жакындарыңыздын маселеси убактыңызды алат. Сүйлөшүүлөр көп болот, жагымдуу кабар угасыз. Документ иштери жөнгө салынат. Жакын санаалаштарга же эски тааныштарга жолугасыз.


АРСТАН (23.07-23.08)
Аптада өзүмчүл болуп чыга келесиз. Анткени көңүл борборуңузда ишиңиз жана акча маселеси гана болот. Ниетиңиз орундалып капчыгыңыз кампаят. Айрым каршылыктарга туш болсоңуз капаланбаңыз. Бул убактылуу көрүнүш.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Аптада сүйкүмдүү жана жагымдуу болуп чыга келесиз. Үй-бүлөлүү болсоңуз бирөөнүн тузагына илинүүдөн сак болуңуз. Жашыруун нерселер айкын болуп чыга келет. Ушакка илинүүдөн, бирөөлөр менен ушакташуудан оолак болуңуз.


ТАРАЗА (24.09-23.10)
Дос, өнөктөштөр менен кубанарлык сүйлөшүүлөр жүрөт. Ошол эле кезде кайсы бир кырдаалдан улам бирөөлөр менен таарыныша кетүүңүз мүмкүн. Өз алдынча купуя аракеттер ийгиликтерге жеткирет. Туугандар колдойт.


ЧАЯН (24.10-22.11)
Жакын санаалаш, кесиптеш, жогорку кызмат ордундагы адамдар менен тыгыз мамиледе болосуз. Маанайлар өзгөрүлмөлүү болот. Тууганыңыздан же эски досуңуздан колдоо табасыз. Аларга жолугасыз.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Жетекчиликке, көзөмөл органдарына жакындан мамиле жасоого туура келет. Айрыкча көзөмөл органдары менен алака кылууда тактикалуу болуңуз. Антпесеңиз келишпестик чыгат. Каржы, жумуш жагы ойдогудай болот.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Текшерүү органдары бизнесиңизге, кирешеңизге көз артышы мүмкүн. Тажрыйбаны, акылды жакшылап колдонуңуз да, коркпоңуз. Сизден чыгым чыкканы менен, баары сиз ойлогондой болот. Аптада ичимдиктен алыс болуңуз.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Аптада үйдөгүлөр менен мамилеңиз жакшы болсо колуңузга акча тиет. Жакындарыңыз тараптан колдоолор болот. Кээ бир тааныштар менен урушуп калбоо үчүн дипломатиялык мамилени колдонуңуз.


БАЛЫК (20.02-20.03)
Аптада эски достор же эски өнөктөштөр менен жолугасыз. Жаңы таанышуулар да болот. Жумушта токтоо болуңуз. Бир эле мезгилде айрым кесиптештердин колдоосуна ээ болсоңуз, кайсы биринин бут тосуусуна чалдыгасыз.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо