ЖЕҢЕСИН ӨЛТҮРДҮ ДЕП ШЕКТЕЛИП КАЙЫН СИҢДИСИ МЕНЕН АНЫН КҮЙӨӨСҮ КАРМАЛДЫ

№819 13-июль -13-июль, 2018-ж.

Май айында Баткендин Кадамжай районунда каналдан 39 жаштагы аялдын мыкаачылык менен өлтүрүлгөн жансыз денеси табылган. Туура бир жарым айдан соң маркумду өлтүрүүгө шектелип анын кайын сиңдиси менен күйөө баласы кармалды. Тааныгандар шайыр жана эч кимге зыяны жок деп сүрөттөгөн Нуржамал Алыкулованын аёосуздук менен өлтүрүлүшүнө эмне себеп болгондугу анын жакындарына азыр да табышмак.

«МУРДАТАН ПЛАНДАП ЖҮРҮШҮПТҮР»
Окуя тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз катчысы Дамира Юсупова төмөнкүлөргө токтолду:
-18-май күнү Баткендин Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айылында каналдан 39 жаштагы аялдын жансыз денеси табылган. Ал Кадамжай районунун Чоң-Кара айылынын тургуну Нуржамал Алыкулова экендиги аныкталган. Соттук-медициналык экспертиза маркумдун оң жак баш сөөгү урулуп айрылганын, оң жана сол бетинде тактар бар экенин жана моюну жана омуртка сөөктөрү сынганын аныктаган. Ошондой эле жүлүнүндө жана баш мээсинде жабык түрдөгү жаракаты, анда кан уюганы аныкталган.

Бул жагдай боюнча 18-июнь күнү Кадамжай РИИБинин тергөө кызматы тарабынан киши өлтүрүү беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектелип 1990-жылы туулган А.А. аттуу маркумдун кайын сиңдиси жана 1992-жылы туулган кайын сиңдисинин күйөөсү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Шектүүлөрдүн көрсөтмөсүнө ылайык, маркум келин болуп келгенден бери күйөөсү экөөнүн ортосунда араздашуулар болуп келген. Келининин айынан апасы уулу менен катташпай калган. Кылмышка шектүүлөр ошол себептүү буга чейин да аны өлтүрүүнү ойлоп, ыңгайлуу мүмкүнчүлүктү издеп жүрүшүптүр. Ошол күнү келин уктап жатканда башына таш менен чаап, муунтуп өлтүрүп, андан кийин үйүнөн 20-30 метр алыстыктагы каналга алып барып ыргытып салышкан. Кайненеси окуя тууралуу эртеси күнү билген. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

«СИҢДИМ ӨЛТҮРҮЛГӨНДӨН КИЙИН СУУГА ЫРГЫТЫЛЫПТЫР»
Бир тууган сиңдисинен айрылып, дагы эле көз жашы кургай элек Шаадат Мендыбаева сиңдиси тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди:
- Өлүкканадан өлүктү таануу үчүн киргенде анын бети-башынан, моюнунан тактарды көрдүм. Буга чейин сууга чөгүп өлгөндөрдү көргөм. Алар шишип таанылбай калышкан эле. Сиңдим шишибептир. Баштары жарылып, таш же балтанын арты менен ургандай маңдайы жарылган, моюнунда кулагынын артына чейин жиптин изи кирип кетиптир, сол көзү көгөрүп калыптыр. Чыгып күйөө баламдан эмне болгонун сурадым. Ал «сууга чөгүп каза болду, андан башка эч кандай вариант болушу мүмкүн эмес» деди.

Кийин соттук-медициналык экспертизадан киши колдуу болуп каза болгону аныкталды. Бөйрөгүндө да, ашказанында да суу жок, өлтүрүлгөндөн кийин сууга ыргытылган экен.

Сиңдим менен аны өлтүргөн кайын сиңдиси бир үйдө жашачу. 4 бөлмөлүү үйдүн
1 бөлмөсүндө сиңдим күйөөсү жана 5 баласы менен, 3 бөлмөсүндө кайын сиңдиси күйөөсү жана 3 баласы менен жашачу. Кайненеси ушинтип бөлүштүрүп берип койгон. Кайненеси булардан бөлөк жашачу. Бир үйдө жашагандыктанбы, сиңдим менен кайын сиңдиси экөөнүн ортосунда пикир келишпестиктер, кайым айтышуулар көп болчу экен. Майдын 17си күнү сиңдимдин улуу кызы короодогу бир түп гиласка чыгыптыр. Аны көргөн кайын сиңдиси «Ушул гиласты да түгөтмөй болдуңар. Бир күнү силердин түбүңөргө жетем» деген экен. Бул сөзгө сиңдим капа болсо, кызы «апа, көңүл бурбаңызчы, айтып жүргөн эле сөзү да» деген экен.

«КАЙНЕНЕСИ ӨЛҮГҮҢӨРДҮ АЛЫП КЕТКИЛЕ ДЕГЕНГЕ ЧЕЙИН БАРДЫ»
-Өлүктү үйгө алып барганда кайненеси, кайын сиңдиси, күйөө баласы бир жолу да баш багышкан жок, эмне болгонун сурап да келишкен жок. Ал тараптан кайгырууну сезген жокпуз. Ал жакта да «силер кылдыңар. 18 жылдан бери силер менен чогуу жашап жатса, кантип билбей калдыңар?» деп айттык. Ошондон улам пикир келишпестиктер болуп, кайненеси «өлүгүңөрдү алып кеткиле» дегенге чейин барды. Акыры маркумду ошол жакка коюп, айт, кырк ашын апамдын үйүнөн өткөрдүк. Башынан эле ошол адамдардан шекшип жатканбыз. Күйөө баламдын катыштыгы бар деп айта албайм. Бирок ким өлтүргөнүн билет. Билген үчүн издеп, кайгырган жок.

Күйөө балам деле сиңдимди көп сабачу экен. Бизге сиңдим андайларды айтчу эмес. Сиңдимдин эң чоң катасы – күйөөсүн өтө жакшы көргөндүгүндө. Кордугуна, сабаганына кайыл болуп балдары үчүн жашай берген экен. Жашоосундагы кыйынчылыктарды каза болгондон кийин досторунан билип жатабыз. Өлтүргөндөн көрө ажырашып кетишсе эмне, 5 эмес, 10 баласы болсо да багып алат элек. Атам менен апам ыйласа жанында адам тура албайт. Ата-энемдин үйүнө келгенге да жүрөгүм чыдабай жатат. Өзүм да үйдөгүлөргө көрсөтпөй ыйлап алам. Бир тууган деген кыйын экен. Адилеттүүлүктү күтөбүз. Күнөөлүүлөр мыйзам чегинде жаза алышсын деп жаңжал кылбай, сабыр кылып отурабыз.

«КЫЗЫМДЫ КЫЙНАП ЖАТЫШКАНДА АЛ АПА ДЕП КЫЙКЫРДЫ БЕКЕН?..»
Кызынын өлүм алдындагы абалын ойлогондо кирерге жер таппай, көз жашын тыя албай отурган маркумдун энеси Санталат Алыкулова да арманын айтып берди:
-Жаркылдап жүргөн аймончоктой кызым бир күнү эле жок. Ыйлагандан башка колубуздан эч нерсе келбейт экен. Үйгө келип калганда денесинин көгөргөнүн көрчүмүн. Бирок сурасам эч нерсе айтып берчү эмес. Кайненеси урганын билчүмүн. Бир ирет кызым эшиктен кирип баратса таш ыргыткан экен, таш кызыма эмес, жээниме тийип, анын башы жарылып ооруканада жүрүшкөн. Кайненесинин мүнөзү ошондой экен. Кызым «ал келе жатса калтырап корком, уруша берет» деп айткан. Кайненеси, кайын сиңдиси менен күйөө баласы эле өлтүрдү. Башка душманы жок.

Күйөө балам мурда кызымды сабап жүрчү. Бирок эки жылдан бери өзгөрүп, турмушка олуттуу карап сабабай калган.

Кызым бирөө менен урушса да, кечирип сүйлөшүп жүрө берчү. Коңшулары да кызымдын кайненесинен коркушат экен. Ошондуктан көп нерсе айтпай жатышат. Мен өзүмө келе албай жатам. Байкуш кызым канча кыйналды экен, апа деп кыйкырды бекен? Ойлосом чыдабай кетем. Ата-энени баласынан ажыратпасын. Эми акыйкат болсун, өлтүргөндөр тиешелүү жазасын алсын!

«БАЛДАРЫМДЫ КАРАП ТУРУП СЫЗДАП КЕТЕМ»
5 баласы менен жалгыз калган маркумдун күйөөсү Мирлан Арзыбаев аялын карындашы менен күйөө баласы өлтүргөн болсо тиешелүү жазасын алышы керек дейт:

-Ал күнү мен жумушта болчумун. Жубайымдын каза болгонун милиция кызматкерлеринен уктум. Ооба, карындашым менен күйөө балам шектүү катары кармалышты. Алар болушу да мүмкүн. Жубайымды ким өлтүргөн болсо да, жазасын алсын.

Эмне себептен мындай каргашалуу окуя болуп кеткенин мен да билгим келет. Аялымды ким өлтүргөнүн билсем, ушунча күн унчукпай жүрө бермек белем? Аялым менен карындашымдын ортосунда жаман мамилени байкаган эмесмин. Апам болсо 5-6 жылдан бери башка жакта жашайт. Апам экөөнүн урушканын да, жакын мамилесин да байкаган эмесмин. Апам урчу бекен, аны апамдын өзүнөн сурагыла. Карындашым менен бир үйдө жашаганыбыз менен, үй талашып урушчу эмеспиз. Жаштыгыбызда жубайыма кээде кол көтөргөнүмдү танбайм. Кийин урбай калгам.

Аялым жакшы адам болчу. Ал мага 5 бала төрөп берди. Экөөбүз сүйүшүп турмуш курганбыз. Эл катары эле жашап жатканбыз. Менин башыма түшкөн бул күндөрдү эч кимдин башына салбасын. Аялымдын каза болгону мага катуу сокку болду. Кыйын күндө калдым, балдарымды карап туруп сыздап кетем. Алар апалап ыйласа, «мен бармын, ыйлабагыла» деп сооротуп жатам. Азыр эч ким менен сүйлөшкүм келбей калды.


Перизат Музуратбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -3 
Комментарийлер(25)
17.07.2018. 09:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+23
Ыйладым муунум буулугуп
17.07.2018. 09:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Сөз жок. Аллах баарын билип турат,көрүп турат. Жазанарды берет инша Алла.
17.07.2018. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+43
Кайненесинде бардык нерсе,кызын эрге бердиви нары куйо бала баксында. уулу менен келини жашаган уйго болбой. бейишин берсин
17.07.2018. 10:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+42
Кайненесинде иштин баары,кызын жаш эрге берип алып,кетип калбасын деп үйүн да берген го,апалар кээде бардык балдарына тегиз карабаганы өкүндүрөт.
17.07.2018. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+27
Куйоосу кантип эле билбесин аялы менен апасынын мамилесин??? Карындашы менен аялынын мамилесин???? Билип эле но анча конул ьурчу эмесмин десе чындыкка жакындайт го кичине... кудайдын козу туз да. Баарын таразалайт... куноолуулор жазасын алат... балдарды жалко бироосунун 5 баласы апасыз калышса.. бироосунун 3 баласы тируулой жетим, атадан жок же ападан жок калышты...
17.07.2018. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Ушундай алтын аялдын кадырына жетпеген эркектер дагы ХХХХ !Азыр суйлоп суйлой электе ажырашам деген аял толтура,ага караганда сабаса ,кордук корсо да жашап журуптур балдарым деп,ээээх колдо бар алтындын баркы жок да,кайын синдисинин справкасы бар болуп чыкпаса эле болду Эми
17.07.2018. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Эн биринчи куйоосу куноолу,аялын сактап кала албаган. Эми периште болуп калганын,сыздап жатам,ыйлап жатам деп,кылгылыкты кылып кыл жип менен бууп коюп. Менимче куйоосу баарын билген,жон эле билмексен болуп жатат,озуно келгенде Жан таттуу да
17.07.2018. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
zoya, провокация жарата турган билдирүүлөргө тыюу салынган.
17.07.2018. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
эх жакындарына сабыр
17.07.2018. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Эки койдун башы бир казанда кайнабайт демекчи , ар бир уй булоо алыс жашап оз тиргилигин кылганы жакшы эмеспи.Эри кайгырымыш болгон менен кичине убакыттан кийин башкага уйлонот , баарын унутат.Бечара балдардын эле шору.Эненин ордун эч ким , эч качан баса албайт...
Куда шугур, мен да кайын журтуман алыс жашайм.Жакын жашаганда кетип калып кутулбасам, куду ушул аялга окшоп жеп тынышмак...
17.07.2018. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Эки дуйно жакшылык корбой калышты го
17.07.2018. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эмне деген караңгылык өлтүрсө эле үй өздөрүнө калып жыргап жашаймын деп ойлошту бекен? Жайы жаннаттан болсун.
17.07.2018. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Байкуш энесинин сөздөрүн окуп муунум титиреп ыйладым... Эч кимди балам дедиртпесин...
17.07.2018. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
Бут баарына куйоосу куноолуу. Энесин, карындашын, аялын дагы тыйып, бир чечимге келиш керек болчу. Билмексен, укмаксан болбой. Ушундай чечкинсиз, бош, пофигист эркектер учун байкуш аялдарга минус болот бул жашоодо. Уйлондунбу суйролбой алып кет жашоонду! Балдарындын келечегин ойло! Баарын ордуна коюп койгондо мындай ишке карындашы даабайт болчу, байкесинин каарынан коркуп. Аялы да урушпайт болчу кайын журту менен.
vikidiki түзөттү 2018-07-17 16:43:11
17.07.2018. 20:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Солдуроп куноонун баары куйосундо, беш бала тороп берип, болгон жумушун кылган аялын, энеси мн карындашынан коргой албаган, куйоого тийген карындашын куйоосу мн кошуп уйунон кууп чыкпайбы, солдуробой тын болуп калыстык кылса ХХХХ ХХХХ ХХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2018-07-18 09:30:28
18.07.2018. 09:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Arlenchik, этика нормаларын сактап, провокация жарата турган билдирүү калтыруудан алыс болуңуз.
17.07.2018. 23:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-13
Күнөө келинде күйөөсүн өз энеси менен катыштырбай койгонго жеткирген адам бир топ эле болот
anonymous түзөттү 2018-07-17 23:56:09
18.07.2018. 02:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
anonymous,катыштырбаган келин болсо кайнсиндисин давно кууп чыкмак!!! Апасы келсе келье катышпайт дер кууп чыкса анан олтурсолор бир жон!
19.07.2018. 20:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
anonymous,кайын синдиси катташмак тугул чогу екен го
18.07.2018. 02:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Эх менда буулугуп ыйладым,коп нерсени айтпайын бирок 5баланы торогон ОЗУ кандай азап чонойткон кандай азап?! Коп уйбулодо кайненеден тан алгыла жаман келиндида жакшы уяттуу соз тарбиялап алат! Былыксыган кайненелер бар чон кичи же кызына айтып келинди жамандап жаман корсотуп келин аларды жаман коруп душман болуп калат! Кайнене эмне болсода ал сенен чон женен,биртууганын ук сыйла деш керек эле, кандай жаман адамзат ушунчалык ичибиз тарбы кён аалаамда,ушунчада мыкаачыбызбы?!(
18.07.2018. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Тооба,тооба... Жаткан жери жайлуу болсун. Келинди адам ордуна корбогондор качан онолосунар?! Ар бир экинчи келин жаман... Оздорунун кыздары да бироого келин экенин унутушпаса...
18.07.2018. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Келин жаман эмес келген жери жаман деген чын да негизи. Канча жакшы болсон да кайын журт келинди жакшы деп айтпайт. Калып жургон келинди куу тулку дейт кулбой журсо кабагы ачылбаган дейт кыскасы келин жаман да. Олуп калса дагы ушул келин жаман Эми.
18.07.2018. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Куноо эч качан Бир тараптуу болбойт. Менин улуу абысыным азыр биз менен Жана Ата энебиз менен катташпайт кайнагамды каттатпай койду. Мен калыс катары эки тарапта тен куноо барын билем. Бирок чындыгында эркек ченкиндуу болсо мындайга эч качан жол бербейт. Менин жолдошум апасы дегенде жанын берет. Бир деме деп кор балээсине каласын. Анын бул кылганы ото туура. Ата -энеден башка Ким ыйык бул дуйнодо. Кайненин анча мынчасын которуп койсок эч нерсебиз кемибейт. Кайинсинди менен чогуу туруш бул кыйын
21.07.2018. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул кайынсиндисин мен тааныйм мындайга барат деп ойлободум эле тообаа анын эри жок ажырашып кеткен элего дагын башкага тийген экенда
22.07.2018. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Болору болгондон кийин Эжеси, 5 бала эмес 10 баласы болсо да бакмакпыз дептир. Андай эмес, бир бала менен куйоосунон чыгып барса, эртеси эле айдайт, бар кайра жаша деп.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо