Гүлнур Асанова: «ДЕН СООЛУГУМА БАЙЛАНЫШТУУ СТРЕССТЕН АЛЫС БОЛУШУМ КЕРЕК»

№819 13-июль -13-июль, 2018-ж.

Эл алдында жүргөн жылдыздар менен маек курганда өзгөчө маникюру, чийилген кашы же кирпиги көзгө дароо илинет. Гүлнур Асанова болсо андай нерселерге көп кызыга бербегенин байкадым. Ырчы айым маек учурунда адамдык сапаттарга токтолуп, ден соолук болсо баары табыларын айтат.

– Кандайсың, Гүлнур? Жакында Астанада өткөн фестиваль тууралуу айтып берсең. Ал жакка кийген улуттук кийимиң кызыгуу жаратты...

– Астананын 20 жылдыгына карата уюштурулган фестивалга бир жарым ай мурун Астана мэриясы тарабынан чакыруу түшкөн. 5-ирет өтүп жаткан иш-чарага «Акак» комузчулар тобу жана жеке аткаруучу катары мен барып, конок болуп ырдап, сыйын көрүп келдик.

Ал эми кийген көйнөгүм тууралуу айтсам, ал дизайнер Дилбар Ашимбаеванын колунан чыккан. Эксклюзивдүү, баарын кол менен тиккендиктен баасы 3000 доллар болду.

– Адам план менен жашаса ийгиликке жетишет дешет. Сен да план түзүп иш кыласыңбы?

– Буга чейин план түзүп, ишке ашпай калган күндөр болгон. Ошондуктан ал пикиримден кайткам. Азыр такыр план түзбөйм. Күтүлбөгөн жерден эмнени кааласам, ошону кыла берем. Мына азыр сиз менен сүйлөшүп отурам, эки сааттан кийин чет жакка чыгып кетип калышым да мүмкүн.

– Үйдө отурганда, чарчаганда комуз ойноп чер жазсаң керек?

– Мурун көңүлүм чөккөндө машинама отуруп алып тоону көздөй жөнөчүмүн. Ээн жерге барып алып көпкө комуз ойноп бугумду чыгарып алат элем. Акыркы кезде антпей калдым. Комузда эмне айып? Эмнеге бугумду комуздан чыгарышым керек? Комуз деген ыйык аспап да. Азыр алаксыш үчүн ар кайсы жактарга кетип калам. Же көптөн бери кыялданып жүргөн нерселеримди алып көңүлүм жай ала түшөт.

– Бир учурда Инстаграм баракчаңа жайнатып дипломдоруңду киргизип баштадың. Мындай аракеттерге бирөөлөр түрттү окшойт?..

– Ушул кезге чейин канча фестивалдарга барып дипломдорду алсам деле "Кыргыз өлкөсүнүн желегин желбиреттим" деп өзүмчө сыймыктанып коюп, ошону менен калып кетчү, жар салчу эмесмин. Бирок капыстан аларды жарыялап башташыма баягы эле чыгармачыл адамдардын арасындагы көрө албастык түрткү болду. Мени «1-2 фестивалга барып эле мактанып жатат» дешкен экен. Андай эмес, мындай болот деп сыйлыктарымды тартып чыгардым. Дагы ал жарымы гана болчу. Баарын көрсө ичи тарлар эси ооп жыгылып калса керек.

– Байкашымча, интригага аралашпай эле, өз арабаңды тартып жүргөндөйсүң. Анан кайдан эле сени көрө албагандар чыга берет?

– Мен да сиздер аркылуу айрым кесиптештериме ошол суроону берейинчи. Мен эмне, оокатыңарды талашып жатамбы? Эмнеге мага атаандашасыңар? Азыркыга чейин себебин түшүнбөй келем. Көрө албастарды тынч койсом бактылуу болушса керек десем деле, алар мени тынч койбой жатышат го (күлүп).

Башкалардай болуп чылым чегип же ичимдик ичип жаман жолдо жүрбөсөм. Мен көп нерсеге көңүл бурбай коём да. Айласы кеткенде ушундай ыкмага өтүштүбү деп жатам. Менин жиниме тийип, чектен чыгаргысы келип жаткандыр. Бирок мен мындай болбогон нерселерге моюн сунбайм.

– Айымдар канчалык курбум дебесин ич ара атаандашуу болот дешет. Бул боюнча пикириң кандай?

– Мен курбу болууга жарайт, жарабайт деп адамдарды бөлбөйм. Эң жакын деген классташ курбуларым бар. Алардын үй-бүлөсү болсо да жолукканда чогуу тамак жасап, бири-бирибиздикинде конуп жүрө беребиз. Алар менен отурганда өзүмчө эле жыргайм, баарын унутам. Ал эми чыгармачылыктагы достор менен жолуксам кайра эле "тиги антиптир, бул минтиптир" деген сөздөр кетет. Ошондой нерседен алыс болгум келет.

– Кино айдыңында сени көрбөй калдык. Актрисалык кесипке кызыгуу жоголдубу?

– Чынын айтсам, «Курманжан датка» тасмасынан кийин киного тартылуудан көңүлүм калды. Тасмага аралашпай эле койсом болмок деп калдым. Ошондон кийин кинодон, интригалардан алыс, тынч эле жүрөйүнчү деп чечкем. Киного түшпөй калсам жашоом токтоп калмак беле деп ойлодум. Айрым актрисалар режиссёрлорго өздөрү кайрылышат экен. Мен бир да жолу өзүм барган эмесмин. Азыр мүмкүнчүлүк толтура эле го, бирок тасмага тартылууга көңүлүм жок.

– Инстаграм баракчаңда жакын көргөн адамдардан күйгөнүңдү, териштирүү иштери жүрүп жатканын жазып чыктың эле. Ошол окуянын аягы кандай болду?

– Мени каралагандарды табууга Инстаграмдын пайдасы зор болду. Ооба, ал меселе ич ара сүйлөшүп чечилип, күнөөлүү адамдар кечирим сурашты. Ал нерсени элге ачык чыгарган жокпуз. Мени каралагысы келгендер эл билген эле адамдар болуп чыкты.

– Суроолордун баарына мурун, азыр деп эки учурга бөлүп жооп берип жатасың. Кайсы окуядан кийин жашооң эки этапка бөлүндү?

– Эки жыл мурун жашоого болгон көз карашым башкача болчу. Убакыт өткөн сайын көз карашың өзгөрө берет экен да.

– Сахнада, чыгармачылыкта аткарыла элек кыялдарың барбы?

– Чыгармачылык кечемди өткөрсөм деп кыялданчумун. Ал аткарылды. Чет өлкөнү кыдырсам дечүмүн, жылына жок дегенде эки өлкөгө барып турам. Кыялдарым, көз тийбесин, баары эле орундалды.

– Чет өлкөгө барып дарыланып жүргөнүңдөн кабардарбыз. Ден соолугуң кантип калды?

– Ооба, жарым жыл мурун Малайзияга барып анализдерди тапшырып келгем. 6 айга дарылоо курсун жазып, "биздин көзөмөлдө болосуң" дешти. Эгер жыйынтык болбосо операция жасайбыз деп жатышат. Мындан ары ден соолугума байланыштуу стресс болбошум керек. Ошондуктан өзүмдү болушунча негативдүү нерселерден алып качып жүрөм. Эс алып, позитивдүү жашашым керек болуп жатат.

– Сенин көңүлүңдү тапкан адам чыккан жокпу?

– Жеке жашоом тууралуу кеп салуудан коркуп калдым. Азыр өзүмдү жалгыз жакшы сезип жатам, ошол мага жетиштүү.

– Маегиңе рахмат. Эртерээк сакайып кет!


Гүлжамал Абылкасымова
Адилет Бектуров
star@super.kg


Гүлнур Асанова: "Кино тармагынан иренжип калдым"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(28)
17.07.2018. 09:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кудай сактасын, Гульнур чын эле ооруйт окшойт
Tyty1990 түзөттү 2018-07-17 09:50:50
17.07.2018. 09:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Tyty1990, такталбаган маалыматты калтырууга тыюу салынган. Билдирүүңүз түзөтүлдү!
18.07.2018. 23:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Tyty1990,ойду келди суйлойбербечи тооба де,комент жазгандан башкада жумушун барбы сенин, кайсы теманы ачпа сен болосун дайым.
17.07.2018. 09:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
денсоолугун чын болсун.чыгармачылык ийгилик..ит уро берет кербен журо берет тен келбе сени коро албагандарга...жаратканымдын алдында туз болсон болду.озунду кара денсоолугунду чындап..мыкты адамсын...
17.07.2018. 09:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Бул кыз кандай оору мн ооруйт?Кудайым шыпаа берсин,балалуу болуп бактылуу жаша.
17.07.2018. 09:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-16
Баштан аяк эле мактаныптыр го болушунча.
17.07.2018. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+23
Ажырашкандан кийин эле,кыбыр эткенди озуно жакын кабыл ала берет окшойт бул кыз.Болбосо эч ким эч нерсе деген жок бул айымды.Ушак деле уккан жокпуз го)))
17.07.2018. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
-Sumitra-,туура.Озун ото эле жылдыз сезет..
17.07.2018. 21:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
-Sumitra-, ушак уксанар айтып койгулачы....Что-то пиар кыла албай жатат инстаграмга эжеси экоо жок нерсени эле жазышып...же бироо бир нерсе деп ушак чыгара койбоду...
17.07.2018. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ырчы эле болгону он,а так илгерки тартылган жанагы кылмыш деген кинолорунда жалан гана ХХХ болуп ойногон, вообще жакпайт
17.07.2018. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жакпаса эмнеге окуп, комент калтырып жатасынар, өтүп кете бербейсинерби
17.07.2018. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Озунчелего, Эми досторунун арасында 2соз ашыкча болсо эле интервьюга суйроп алып келишип арызданганды кесип кылыштыго. Ырчылар эмес ушакчылар болуп калды биздин ааламда жок сулуулар.
17.07.2018. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Койгула ,Адам болгула,окуса конулу чокпосун, ооруган адамга жакшы соз дары.
SUPER.KG видео
17.07.2018. 21:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иренжип деген сөздү айтпай эле койсо болмок экен .
Башкасын айтсада.......
17.07.2018. 22:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
200000 минге да койнок барбы дааа тузук учту гооо
17.07.2018. 23:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Шектүү шектенет болуп эмне эле элдин баарын күнөөлөй берген,ачык айт,ачык айтпасаң вообще унчукпа,тиги тигинтиптир бул минтиптир деп эле ар кимдин огородуна таш ыргыта бериптир,же ич күйдүлүк кыла тургандай деле дүркүрөгөн популярная эмес...ммм самопиар тоже пиар
20.07.2018. 08:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ksb,ошо пиар кыла албай жатат озун...
18.07.2018. 04:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматсыз. Гулнур эже сиздей жонокой таланттуу ырчы кыздарыбызк кооп болушсун!
18.07.2018. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жага бербейт мага да ушул кыз. Слишком наивная, что ли.
SUPER.KG видео
18.07.2018. 20:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Гулнур эже сиз жакшы адамсыз сизди аябай сыйлайм сизге Аллахым эки дуйно бактылуулукту насип кылсын
19.07.2018. 00:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кой берекем ооруба. Ушактар болуп келген нерсе, болот да берет. Маани бербей откоруп жиберсен басышат баары жаагын. Анан мурунку жолдошуна кандайдыр Бир келишимдин негизинде эле тийгендей элестете берем.
SUPER.KG видео
19.07.2018. 01:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыйратып роль ойногонун көрбөдүм ушул аялдын ... кинодон иренжип калдым дегени кызык экен тообо.
SUPER.KG видео
19.07.2018. 01:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошо ырас кыласың киного тартылбай, а то жанагы тунгую сунгуюк деген кинолорун ужас эле да. Жакшы бирок ырдаганын.
19.07.2018. 03:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Курманжан Датканы ушу ойношу керек бекен эле гилтейген калдары менен, же козу когоруп Рахат Божокоева ойношу керек беле? Ичин куйуп суйлойберет экенсинда сендагы. Элина норм эле аткарып буткон уже.
Сен лучше ашыкча ушак создон алыс болоюн десен, серая мышка болуп эле жашайбер, элдерге корунбой эле, же бир кыйратып хит болгон ырын жок, же норм аткарган кинон жок, тынч эле уй-булоо куруп тынып тынчып кет
mentol түзөттү 2018-07-19 03:58:49
20.07.2018. 08:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mentol,Элинаны да жамандап журду эле го...
20.07.2018. 13:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Саламатсынарбы форумчулар,Гулнурга келсек абдан таланттуу,кыргыз элинин салттуу музыкасын оркундоткон кыргыздын намысын коргогон бир периште кызы.Азаматсын онорун оркундой берсин негатив сын пикирлерге сынба тескерисинче чыйрал демекчимин.Жашоодо ак карта кошо журот,бирде кулсон,бирде ыйлайсын.
Анан айрым форумчулар айтарым Гулнурдун калына асылыпсынар да,адамды Кудайым жаратат, кыргыздын "Сулуунун корку кал менен" деген созу бар эмеспи, ошону сынарындай эле нукура сулуу кызыбызг
20.07.2018. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мурун элге тааныла электе эле, бу кызды расчётливая деп калышчу эле. Акчасы бар колунда бар адамдар менен эле мамиле курат деп
22.07.2018. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сын пикир айтып сындаган,
Сынына карап сындалар.
Арманын айтып ырдаган,
Ар кимге дагы ырдалар.
Жакпаса ыры, озу силерге,
Мындай талант киминде бар!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо