ЖОЛ КЫРСЫКТАРЫНА КИМ КҮНӨӨЛҮҮ? Жоопкерчиликсиз айдоочубу же кайдыгер коомчулукпу?..

№819 13-июль -13-июль, 2018-ж.

«Айдоочу уктап кетип, жол кырсыгынан баланча адам каза тапты». Мындай жаңылыктар күн сайын көз алдыбызга урунат. Кызыгы, муну коомчулук да, бийлик өкүлдөрү да кадимки көрүнүш катары карап калганбыз, ага каршы күрөшкөнсүйбүз, бирок майнап чыкканы байкалбайт.

АЙДООЧУЛАРДЫН КАЙДЫГЕРЛИГИНЕН КЫЙЫЛГАН ӨМҮРЛӨР

2018-жылдын 1-июлунда Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда Жол көзөмөлдөө кызматкерлери отурган унаа менен Тойота Авенсис унаасы сүзүшкөн. Анын кесепетинен 1 жашар кыз менен анын апасы жан берди. Дагы 4 киши ооруканага жеткирилди. Чүй ОИИББинин маалыматына ылайык, Тойота Авенсис унаасын башкарып келаткан айдоочу рулда уктап кеткен.

Үстүбүздөгү жылдын 16-июнунда Орусиянын Москва шаарында таксист болуп иштеп жүргөн мекендешибиз Чыңгыз Анарбек уулу унаада баратып уктап кетип, тротуарга чыгып, жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп алган. Кырсыктын кесепетинен 8 адам жаракат алган. Сурак учурунда айдоочу уктап кетип, газ менен тормозду алмаштырып басып алганын айткан. Ал 20 саат уктабай иштегенин, ага чейин да 2-3 саат эле уктап алып жумушка чыкканын айтып көрсөтмө берген.

Ушул жылдын 1-июль күнү Чүй облусундагы айланма жолдун Токмокко жетпеген жеринде жол кырсыгынан 2 киши каза болгон. Ысык-Көл тарапты көздөй бараткан Мазда 6 унаасынын айдоочусу уктап кетип, каршы тилкеге чыгып кеткен. Натыйжада маңдайда келе жаткан Хундай Портер унаасы менен кагышып, жеңил унаанын айдоочусу да, жүргүнчүсү да көз жумду.

2017-жылдын октябрь айында Орусиянын Челябинск облусунда Хонда үлгүсүндөгү минивен менен жүк ташуучу унаа кагышып, 8 адам жабыркаган. Белгилүү болгондой, Орусиядан Кыргызстанга келе жаткан ичинде 8 кыргыз жараны бар Хонданын айдоочусу уктап кетип, каршы тилкеге чыгып, жүк ташуучу унааны сүзүп алган. Жабыркагандарга медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Жол кырсыктарынын кесепетинен күндө бир нече адам ата-энесин, баласын же өмүрлүк жарын жоготуп сыздайт. Албетте, алгачкы кезекте жолдогу коопсуздук үчүн ар бир айдоочу өзү жооптуу. Аймактардан Бишкекке каттаган таксисттерден да «кечээ түндө айылга келгем, кардар чыгып калып, кайра Бишкекке жөнөп кеттим» дегенди угуп калабыз. Бирок мындай жоопкерчиликсиз мамиле жолдо канчалаган кырсыктарга себеп болушу мүмкүн экенин түшүнсөк. Ошондуктан ар бир айдоочу жолго чыкканда унаадагы ар бир өмүр үчүн жооптуу экенибизди сезсек, унаанын абалын текшерип, уктап кетип адамдардын өлүмүнө себепчи болбош үчүн даярданып рулга отурсак.


БИЗДЕ ДА АШЫКЧА ИШТӨӨГӨ УРУКСАТ ЖОК, БИРОК...

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 375-беренеси (транспорттук каражаттардын кыймылы менен түздөн-түз байланышкан кызматкерлердин жумуш убактысы жана эс алуу убактысы) боюнча айдоочулар үчүн белгиленген жумуш убактысынан ашыкча иштөөгө уруксат берилбейт. Бирок бул убакытты так көрсөткөн мыйзам нормалары жок.

ЕВРОПА ӨЛКӨЛӨРҮНДӨ КҮНҮНӨ 9 СААТТАН АШЫК УНАА АЙДООГО БОЛБОЙТ

Ал эми башка өлкөлөрдө айдоочулардын жоопкерчилигин кантип башкарат деп көз чаптырдык. Евробиримдикке кирген өлкөлөрдө Европа Парламенти жана Кеңеши тарабынан кабыл алынган эмгек жана эс алуу эрежелери боюнча токтому бар. Ага ылайык, ар бир унаанын айдоочусу бир күндө автотранспортту 9 саат башкара алат жана жумасына 2 жолу аны 10 саатка чейин ашыра алат. Эс алуусуз 4 жарым саат айдагандан кийин 45 мүнөт сөзсүз эс алышы керек.

ТАКСИДЕ 12 СААТТАН АШЫК ИШТӨӨГӨ ТЫЮУ САЛЫНГАН

Дүйнөнүн 80ге жакын өлкөсүндө такси кызматын көрсөткөн «Убер» компаниясы болсо жакында айдоочуларын 12 сааттан ашык иштегенге тыюу салды. Ага ылайык, 12 сааттык иш убактысынан кийин тиркеме жөн гана айдоочуну буйрутма алуу мүмкүнчүлүгүн жаап коёт. 6 сааттан кийин гана айдоочу кайра платформага кошула алат.

Бизге да ушул сыяктуу айдоочунун иш тартибин аныктоочу мамлекеттик деңгээлдеги программалар же мыйзам кабыл алуу учурдун талабы. Антпесе дагы канчалаган бейкүнөө адамдар жол кырсыктарынын курмандыгы болушу керек?..


Перизат Музуратбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(8)
17.07.2018. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Депуттарга мындай жанылыкты окуу мындай эле болуп жатат да,аа бугун мынча киши олуптур деп конул кош болушуп,озунун жакынын же уул кызын ордуна коюп корсун,жакын адамынан айрылуу оной эмес,,,бири бирин чукуп отурганча ушундай маселени которбойбу ЖК да,
monster_high_98 түзөттү 2018-07-17 11:07:57
17.07.2018. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
monster_high_98,ушундай жанылыкты биринчи окушат болду бекен.....
17.07.2018. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Анан тергөөчүлор, соттор бут баары доляга отуруп алышат экен, чонтогуно карап мамиле кылышат. Чындык жок. корупсия куч бизде
17.07.2018. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аябай орчундуу маселе болуп калды, сууга чоккондор боюнча да иликтеп кенен жазсанар, элге кенен жеткирсенер бир аз да болсо азаймак.
17.07.2018. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жол кырсыктары азыркы кундо эн актуалдуу тема. Бирок тилекке каршы, бул маселеге жогорку жактагылар, журналисттер коп деле маани беришпейт. Куноолуулор кандай жаза алып жатышат? Эч ким билбейт, алар акча менен кутулуп, эртеси эле кочодо машина айдап журушот. Эх эмнесин айтайын...
17.07.2018. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жаман кабар эле жазыла берип адамдарда жакшы жака бурулууга мотивация жокко чыккандай болуп баратат. Ссср убакта ушундай нерселер айтылчы эмес бирок кырсыктар болуп эле келген. Ансыз да ойдо ылдый заманда жаман кабарларды азыраак жазышса, ал эми тийиштуу органдар жумуштарын так билсе эле азаймак мындай корунуштор. ЫС.Колдо азыр укмуш эле акча алып атат гаилер токтотуп
18.07.2018. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биздин права озбек тажиктерге сатылып жатат дале ошол окундурот мен россиядамын такси айдайм тажик озбектер да биздин праваны колдонушуп жатат
19.07.2018. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бүт эле таксиде ошондой
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо