№398 18-24-июнь, 2010-ж.
Супер-форум
“Досуң миң болсо да, аздык кылат, душманың бирөө болсо да, көптүк кылат” дейт элибизде. Бул саам “Супер-Инфо” гезити www.super.kg сайтындагы досторунун санын көбөйттү десек болчудай. Биз Орусиянын борбору – Москвада жашаган окурмандарыбыз жана форумчуларыбыз менен жакындан таанышып, жолугушуп келдик.
КОШ МАЙРАМ
“Мезгилден артта калба!” деген ураан менен алга умтулган “Супер-Инфо” мобилдүүлүгү, жаңылануусу менен өзгөчөлөнүп келет. “Супер-Инфонун” кыргыз тилдүү www.super.kg сайты да колдонуучуларынын саны боюнча алдыңкы орундарда. Гезиттин расмий сайты анын негиздөөчүсү Кылычбек Султановдун “бир гана кыргызстандыктар эмес, дүйнөнүн ар тарабында жүргөн кыргыздын уул-кыздары өзүнүн мекени менен байланышты үзбөй, кыргыз тилинде маалымат алышсын” деген максатынын негизинде 2006-жылы иштей баштаган. Ал кезде кыргызча сайт жокко эсе болчу. Учурда баарыңыздарга белгилүү болгондой, www.super.kg сайтынын мүмкүнчүлүгү кең. Колдонуучулар жаңылык алуу менен бирге кыргыз обондорун угуп, макалалар боюнча өз пикирин калтырып, форумда түрдүү темалар боюнча талкуу жүргүзүп, жаңы курбу-курдаш таап жана башка кызыктарга ээ болушат. Эми кеп кезегин жолугушуу кандайча уюшулуп, кандайча өткөнүнө берели.
Москва шаарында cупер-форумчулардын жолугушуусу болот деп уюштуруу иштерин жүргүзүп баштаганда Akjol жана Жамал аттуу форумчуларыбыз өздөрүнүн жардамдарын сунушташкан. Алардын сунушун кубануу менен кабыл алдык. Бишкектин аэропортунан учак көк асманга көтөрүлгөндө “жолугушуу ойдогудай болсо экен” деп тиледим. Стюардессанын “урматтуу жүргүнчүлөр, 20 мүнөттөн кийин жерге конобуз, камынгыла” деген сөзүн укканда толкундануу пайда болду. Учак конгондо мени Akjol аттуу форумчубуз: “Супер-Инфонун” кызматкери, Орусиянын жүрөгүнө куш келипсиң!”- деп тамашалай, гүл менен тосуп алды.
Кызыгы, алдын ала пландабасак да, жолугушуу 12-июнга – Орусиянын күнүнө туш болду. Андыктан биздин москвалык форумчуларыбыз жана окурмандарыбыз үчүн бул күн кош майрам болду. Күндүз шаар кыдырып, жакындан таанышып, Кыргызстанда, дүйнөдө болуп жаткан акыркы кабарларды талкууладык. Ал эми кечинде кыргыздар үчүн атайын ачылган түнкү клубга барып, боордоштор менен эс алдык. Жалпы жолугушуунун кандай өткөнүн фоторепортаждан билсеңиздер болот.
www.super.kg сайты тааныштырган, табыштырган бул жаштар бизге кат-катынан рахматын айтышып, бири-бирине “мындан кийин да достошуп, жолугуп, сүйлөшүп турабыз” деп сөз беришти. Жаштардын айтымына караганда, орус тилдүүлөр менен иштешип жүрүп, эне тилин ушунчалык сагынышат экен. “Супер-Инфо” мына ошол сагынычты бул жолугушууда аз да болсо таркатууга себепкер болгонуна кубанычта. Жолугушууну аман-эсен өткөргөн соң түйүнчөктү түйүп алып, сүйүктүү мекенибизге жол тарттым.
P.S. Форумчулар жана башка боордошторубуз Москвада канча убактан бери жашап, эмне иш менен алектене тургандыгы жөнүндө гезитибиздин келерки сандарында кененирээк баяндап бермекчибиз.
Бактыгүл Сокушова
forum@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
P.S.Ото эле чектен чыгып кеткен суроттор илинип калганбы? Мен уялып жатам,Туугандар коруп калса мне болот ыя?...)))
бу кантип суйлоп калгансын ыя...?..))
Биринчиден; Олкодогу окуя болгон куну биздин жолугушуу болду,тагыраак айтканда олкодогу окуя тууралуу маалымат бизге 13-куну жетти...
Экинчиден;Биз жолугушууну отменить этип,аза кутуп тополонду токтото албайбыз..
учунчудон; буткон ишке сынчы коп,бышкан ашты жечу коп дейт..демек,бизге ар кыл андай сын пикирлерлер менен бушайман болууга орун жок...Андан коро айткылачы сиздер патриот болуп Ош коогаланына мне салым коштунар? А биз ошол куну Ата-Журттагы окуядан каб
П.С. Ушул адамдын айынан Суперстандан бир топ активист адамдарыбызды кетиргениме өкүнөм.