Бек Исраилов, ырчы: «ҮЙЛӨНГӨНДӨН БЕРИ ҮЙ АЛАЛЫ ДЕП АКЧА ЧОГУЛТУП, 3 ЖЫЛДА ЖЕТТИК»

№819 13-июль -13-июль, 2018-ж.

Ырчы Бек Исраилов мындан 3 жыл мурун үйлөнүп, кичи мамлекеттердин санын бирге көбөйткөн. Ошондон бери келинчеги Айжаркын экөө бактылуу күндөрдү кечирип келет. «Үйлөнгөндөн кийин ата-энебиз менен да, акча төлөп өзүнчө батирде да жашап көрдүк, ошондо өз үйүбүз болсо деп кыялдана берчүбүз» деген ырчы жакында ага-тууганын чогултуп, ак өргөөсүнө той берди.

– Бек, үйүң кут болсун. Бул үйгө канча жылда жеттиңер?

– 2015-жылы үйлөнгөм. Ошондон бери «үйлүү болсок экен» деп Кудайдан тилеп келдик. Мен үй-бүлөдө 3 эркек баланын ортончусумун. Байкем да үйлөнгөн, башында баарыбыз бир үйдө жашачубуз. Үйүбүз шаардын четинде болгондуктан күнүгө борборго келип-кетүүдөн кыйналчумун, каякка барбайын кечикчүмүн. Анын айынан акча төлөп батирде да жашадык. Бирок ал дагы жакпай калды. Андан көрө өзүбүз иштеп, чогултуп үй алалы деп катуу аракеттендик. Анан ушул үй буюруптур. Азырынча балабыз жок. Бир бөлмө экөөбүзгө кенен жетет. Балалуу болсок дагы чоңоёбуз.

– Үй той да берип алдыңар, ойдогудай болдубу?

– Бул той Айжаркын экөөбүз үйлөнгөндөн кийинки 1-той болду. Аябай сарсанаа болдук, эмгегибиз кайтып жакшы өттү. 170 конок келди, концерт сыяктуу болду, сахналаштарым келип колдошту, аларга ыраазыбыз.

– Азыр Орусияга кеткени шашып жатыптырсың, ошондон кеп салбайсыңбы.

– Тойдун алдында Орусиянын 1-каналындагы «Голос» долбооруна катышуу үчүн кат жолдогом. Той менен алпурушуп жүрүп аны деле унутуп калгам. Той эртең деген күнү Москвадан телефон чалып 1-турдан өткөнүмдү айтып куттукташты. «11-июлда келиңиз» дешкен. «Бара албай каламбы?» деп жаттым эле. Шарты келип, азыр Айжаркын экөөбүз учуп кеткени жатабыз.

– Кандай тапшырмаларды аткарат экенсиң?

– 2-турдун тапшырмасы – аспапта ойноп ырдашың керек экен. Мен бала кезимден гитара ойнойм. Гитара менен 2 ыр ырдайын деп турам.

– Рахмат маегиңе. Ийгилик, Орусиядан жакшы жаңылык менен кел.


КИРЕ БЕРИШ

-Кире бериштеги ачкыч илгичти Айжаркынга тааныш кызы белекке берген. Колго жасалган буюм. Кирген киши эле ушуга кызыгат.


АШКАНА

– Үйлөнгөндөн бери ашканада ашпозчулук кыла элекмин. Айжаркын мыкты кожойке, тамактарды даамдуу жасайт. Мага баарынан лагманы, анан пирогдору жагат.

ЖУУНУУЧУ БӨЛМӨ

– Оңдоп-түзөө иштеринде бир гана жуунуучу бөлмөгө тийишкен жокпуз. Анткени анын жасалгасы бизге жакты.

КОНОК БӨЛМӨ

– Бул бөлмөдө азыр конок үзүлбөй жаткан учур. Жумшак эмерек, тиричилик техникалары Айжаркындын себине келди.

Үйдү алганда өзүбүзгө жаккандай кылып оңдоп-түзөп алдык. Ал иштин башында Айжаркын турду. Айжаркын «стенканын ордуна дубалды эле ушундай кылып жасайлы» деген. Бул жерде чыгармачылыгымдын жемиши болгон дипломдорум, сыйлыктарым турат.


Сүйүн Кулматова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(20)
17.07.2018. 10:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бек!А бу гезиттен тушпой!?
17.07.2018. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Ак оргоонор кут болсун! Тапичкелер да кобойсун!
17.07.2018. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Уйунор жакшылыктардын тору болсун!!! Озунорда кобойушуп,уйунор мындан да кен болсун!!!
17.07.2018. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Биз 2015 тен бери эки балалуу болуп калдык
17.07.2018. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Batma08,жакшы иштепсинда
19.07.2018. 09:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2


Оада
17.07.2018. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Балалуу болуп,бактылуу болунуздар эми..Кудайым берет бир куну...менин да курбу кызым 2015 кеткен....быйыл тороду.......
17.07.2018. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Айжаркын Айжаркын дейтго
20.07.2018. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
saya,Кожейка башынан катуу кармаптырда.Айткандарына караганда болуп турат маиый глпвнп бактылуу жашашса эле болду!
17.07.2018. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Аввздын интервью су жокго?
18.07.2018. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сонун тыкан уй экен,коп балалуу болушту насип кылсын.
17.07.2018. 17:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Молодец, Голос долбоорунан ийгилике жеттинби.
18.07.2018. 03:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Админ ырчы Даниель жонундо да чыгаргылачы......алыстап кетти го чыгармачылыктан
18.07.2018. 09:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nestana95, саламатсызбы! Сунушуңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди, рахмат!
18.07.2018. 03:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Уйунор берекелуу уй болсун. Айжаркын эн жакын кенешчиси экени байкалып турат.
18.07.2018. 22:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызы бар эле го
19.07.2018. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
XuLiGaNkA,
Мен да инстадан көрүп , кызы бар деп ойлочу элем..
19.07.2018. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Жатакана болмосу кана спальный деген
20.07.2018. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Guji,Айтып жатпайбы бир эле бөлмө деп!Дивандарды жаткыра койушат же матрасын сала койуп жатып алышат кундузу жыйнап койушат!
Azatbek.Svoboda. түзөттү 2018-07-20 14:41:14
23.07.2018. 08:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодцы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо