Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Кызсайкал Бөрүбаева, ырчы: «ЖОЛДОШУМ ЭКӨӨБҮЗ ТААРЫНЫШЫП ЖҮРӨБҮЗ»

№820 20-июль -26-июль, 2018-ж.

Чыгармачыл үй-бүлөнүн катарында Бөрүбаевдер да бар. Өзүңөр билгендей, Кабыл Бөрүбаев элге куудул катары таанылса, балдары – Эрнест куудул, ырчы, тамада. Мажит болсо ырчы. Агаларынан кем калышпай Кызсайкал сахнага алты жашынан аттанып, "Апакем", "Балалык", "Достор" деген ырлары менен угармандардын эсинде калды. Бир кездеги кичинекей ырчы кыз бойго жетип, мектепти бүтүп эле 2017-жылы жайында турмушка чыккан. Бирок учурда «кыздуу болгондон кийин жолдошу менен ажырашып кетиптир» деген, сөздөр айтылып жатат. Ал сөздөрдүн чындыгы канчалык, өзү айтып берди.

– Кандайсың, Кызсайкал? Кызың менен сүрөттөрүңдү интернетке жүктөп каласың, чоңоюп калыптыр. Кечээ эле төрөлгөндөй болду эле, канча айга толдуңар?

– Жакшы, рахмат. Кызым Альфия азыр 4 айга толду, мурун кичинекей болгондуктан интернетке сүрөттөрүн жүктөчү эмесмин. Азыр көзгө көрүнүп, кылык-жоругу чыга баштаганда ар бир мүнөтүн сүрөткө тартып, досторум менен бөлүшкүм келди. Үйдө Мажит байкемдин да кызы бар. Экөө азыртан эле жакын, бири-бири менен үн салышып калышат. Экөө баарыбыздын эрмегибиз. Менин туугандарым «кызың сага окшош» деп калышат. Бирок мен өзүмө эч окшоштура албайм. Атасынын кичине кезиндеги сүрөтүн көргөм да, ошого аябай окшош. Кээде туруп, «бир аз өзүмө окшоштуруп алсам эмне?» деп калам.

– Өзүңдүн баракчаңдагы постторуңдан улам сурагым келди. «Кызым экөөбүз бир келген жашообузду эч кимге тебелетпейбиз» деп жаздың, эмне болду?

– Ооба, ошентип жазгам. Аны менин билдирүүлөрүмдүн алдына негатив жазгандарга карата жазгам. Кызым менен түшкөн сүрөттөрүмдү жүктөсөм менин жеке жашоомо чейин аралашып, акыл үйрөтүп, адамды капа кылчу сөздөрдү жазып жиберишет. Учурда жолдошум менен таарынышып жүрөм. Ага карата да бир топ маанай түшүргөн пикирлерди жазышты. Эне болгондон кийин сездим, ар бир эне баласы үчүн баарына даяр болот экен.

– Балким, бул убактылуу таарынышуудур, элдешсеңер керек, атасы кызын келип көрүп жатабы?

– Ооба, туура айтасыз. Мен деле бул убактылуу таарынышуу деп жатам. Ар бир үйдө казан-аяк кагышат да. Эртең эмне болот, аны убакыт көрсөтөт. Азыр ата-энемдин үйүндөмүн. Атасы үйгө келип кызын көрүп турат, кызын аябай жакшы көрөт.

– Мектепти бүтүп эле турмушка чыгып кеттиң, өкүнүп калган жоксуңбу?

– Жок, өкүнгөн жокмун. Ал менин каалоом менен болду. Менин биринчи максатым – окуу же ырчылык карьерамды улантуу эмес, турмушка чыгуу болчу. Жакшы жигитке турмушка чыктым, кыздуу болдум, эч нерсеге өкүнбөйм.

– «Келин кетпесин, кыз келбесин» деп коюшат го, таарынып келгениңде ата-энең эмне дешти?

– Таарынышып кеткенибизге 2-3 ай болду. Атам негизи тартипке бекем киши. «Турмушка чыктыңбы, чыда, келбе» деп көп айтчу. Ошондуктан үйгө баргандан коркчумун. Бул сапар барууга туура келди. Барганымда «эмне болду?» деди, баарын түшүндүрүп берсем эч нерсе дей алган жок. Биздин үй-бүлө шаңдуу үй-бүлө. Кичине эле маанайым чөгө баштаса Мажит байкем күлдүрүп баштайт.

– Жолдошуң чыгармачылыкты улантышыңа каршы эмес беле?

– Жолдошум чыгармачылыгыма өтө каршы болчу. Үйлөнүп жатканда да «чыгармачылыгыңды таштайсыңбы?» деп туруп алган. Мен үчүн чынында биринчи орунда ырдоо эмес, үй-бүлө. Жолдошумдун айтканынан чыкпай, анын сунуштарын эки кылган жокмун. Хиджаб кийдим, өзүңөр көргөндөй. Албетте, ал жолдошумдун сунушу, бирок өзүмдүн да каалоом бар болчу. Турмушка чыга электе ата-энем каршы болушчу, турмушка чыккандан кийин кийсем алар эч нерсе дешкен жок.

– Ырдоону, сахнаны сагынасыңбы?

– Сахнада ырдагандарымды көрүп алып кадимкидей сагынам. Микрофонум бар. Аны кайын сиңдим белек кылган. Үйдө эч ким жокто караокеде ырдайм. Чынында мурда үйдө жалгыз калганда анда-санда ырдасам, акыркы күндөрү көп ырдачу болдум эмнегедир.

– Келин болгону ата-эне менен чогуу турдуңарбы же бөлүндүңөр беле?

– Келиндик доор кызыктуу экен. Ата-энебиз менен чогуу турчубуз. Кайын журтум Алайдан. Чоң кайненемдин көп сөздөрүн түшүнбөй калчумун. Бирок билгизбей «ии» деп койчумун. Менин анымды билип алган жолдошум ого бетер шылдыңдап ар түрдүү сөздөрдү айта берчү.

– Турмуш көрдүң, эне болдуң дегендей, мурунку Сайкал менен азыркы Сайкалдын эмне айырмасы бар?

– Мурунку Сайкал менен азыркынын айырмасы асман менен жердей. Мурун балмуздак, шоколад жесем, анан Мажит байкем менен урушсам, кыскасы, ушундай эле тема менен жашачумун. Башкача айтканда, бала экем. Азыр иштешим керек, кызымды багышым керек деп ойлоном.

– Келечек пландарың менен бөлүшө кетпейсиңби?

– Алдыма аябай чоң пландарды койдум. Атайын курстарды окуп, анан сулуулук салон ачкам. Азыр ошол салондун филиалдарын аймактарга ачууну пландадым. Негизи аябай кыялкечмин. Кыялдана берип, алдыма өтө көп план коюп алам, аягында «эмне пландарым бар эле?» деп унутуп да калам.

– Сүйүүгө аныктамаң кандай?

– Сүйүү айттырбай, кабар бербей туруп келчү жагымдуу сезим. Айрымдар «сүйүүдөн көңүлүм калды» дешет, бул туура эмес. Анткени бир күнү ал сезим келсе, «көңүлүм калды» деп жаткан адам кантип көзү тумандап калганын билбей калат. Жолдошум экөөбүз дагы деле бири-бирибизди жакшы көрөбүз. Балалуу болгондон кийин сүйүү балага да бөлүнөт деп коюшат го. Чынында ошондой экен, жолдошума болгон сүйүүм учурда кызыма да бөлүндү.

– Азыр бала менен үйдө элесиңби?

– Азыр үйдө деле отурбай элемин. Эртең менен салонго кетем, кечинде келем. Кызымды жаныма алып алам. Иште кызым экөөбүздүн бир бөлмөбүз бар. Апам да жанымда болот.

– Рахмат маегиңе, бактылуу бол!


Сүйүн Кулматова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  14 
Комментарийлер(27)
24.07.2018. 09:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+26
Жараш казан аяк кагыша берет уй болоодо чыдасан баары жакшы болот.
24.07.2018. 09:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+30
Элдешкиле балага ата эне бирдей керек баланы оксутпогуло
24.07.2018. 09:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Дакшы баладай корунот жолдошу. Элдешкенге аракет кылгыла. Кызынды ойлосон.
24.07.2018. 09:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
Бул берген интер.деле жаш кыздардын созу болуптур. Ырдап бакыт таппайсын. Эрнис жакшы бала экени корунуп эле турат. Жаштыка салып атат окшойсун.
24.07.2018. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
jai, созунуз го кошулам ,жаштык кылып атышатго,элдешип бактылуу болгула дагы кооп балалуу болгула
24.07.2018. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
jai,ырдагыдай ташты жарып чыккан талантын болбогондон кийин десениз
24.07.2018. 19:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
guli-1980,көп ырчыларга салыштырмалуу,Кызсайкал абдан талантуу! Анын ырларын [moderated]дан көрсөңөр, юморист дагы, мен ырдабайм дегенде жаман болгом , ушундай таланттуу кыз ырдабай кылды деп..
24.07.2018. 09:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Турмуш оюнчук эмес алып кетуу абдаан эле оор экен. Кооп нерсеге аял киши чыдап коп нерсеге коз жумуп кооп жерден тилди тартып коп учурда ундобой жашаш керек экен. Менимче сен да куйоондун анча мынчаикаприздерин которо албай жатат окшойсун эч бир уя бузулбасын кызына эч ким оз атасындай мээрим бере албайт элдешкрле анан сен куйоондон бир тепкич томон болуп кое бер жашоонор ынтымакта болот не
24.07.2018. 10:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Сен жарашабыз деп жургондо куйоон эчак эле суротторду алып,инстасын тазалап коюптур, казан аяк баарысыныкында эле кагышат да,элге жарыялап бири биринердин короонорго таш атпай турганда,жарашуунар оной болмок.Тил табышып бактылуу болгула эми
24.07.2018. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куйоосун бир клиптен коргондой болуп жатам....же адашып жатамбы?
Ото жаш деле турмуш курган туура эмес окуп,эки жакты коруп анан деле уйлонсо жетишет да
24.07.2018. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
engel,ооба ошол бала окшойт Айгул Чалованын клибинде,анан Мажиттин Карындашым деген клибинде
24.07.2018. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Жаштар оздору билет дей бербей кээде ата эне кой ай деп койсо турмуш бекем болот ата эненин тилин кантип угушпасын
24.07.2018. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ырдагандан кору уй булонду тандачы карындашым ширин кызын бар экен атасыз кылбай
24.07.2018. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Жаш болсо да аябай токтоо маек бериптир,ажыраштым деп эле жолдошун шыбап жамандап салса керек деп кирдим эле)))
24.07.2018. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Инстадагы баракчасы кандай аталат? Издесем эле фан.баракчалар чыгат го...
27.07.2018. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Jazdyn_tany,kabylova_studio
24.07.2018. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Таарынышып журобуз деп, элдин баарына жар салбай эле койбойсунбу, интервьдан алыс эле болчу. Биринчи орунда уйбуло болсо, ошол уйбулондун камын кор да,жаны ырынды жаздырам деп таарынышкан окшойсунар,. Эми элдешсенер элдештим деп дагы чыгасын
24.07.2018. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суллуго
24.07.2018. 23:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уй-було болгондон кийин,таарынышат,жазылышат тим более силер ото жашсынар,озунордун ортонордогу мамилени суутуп,кайын жур ундун жинин келтирип жар салбай эле койсон болмок эле.Жашоо алдында,мындай майда барат таарынычтар коп болот,кетип калдыс,келип алдым деп жар салбац эле койгулачы жаштар.
25.07.2018. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул жерде Эргистин ата энесинин куноосу бар окшойт дааа..... Экон жакшы эле экенсин кызыны коргону барганда жакшына суйлршуп жарашып алгыла. Не кереги бар Эрнис башынан аял алып аныг талгагына чыдап кайра балалуу болуп? Мына эле Сайкал мн жараш да баарын кечиришип тиргиликти уланта бер
25.07.2018. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Оронгон аялдардын кашына татуаж,жасалма кирпик жасатканы туура эмес деп ойлойм. Эмнеси болсо да кызынды ойлоп жарашкыла
25.07.2018. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
nurhan2702,не только оронгон,оронбогондорго да болбойт
25.07.2018. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Эркек чечкиндуу болуш керек. Кызынды оксутпойун десен жараш Эрнист. Сайкал жакшы кыз. Аялдардагы до родовая после родовая депрессияны тушунушпойт да ушу эркектер аттин. Жарашкыла батыраак
26.07.2018. 00:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кеп жашта эмес, адамдын өзүндө. Мисалы 97 чи жылкы таанышым 18 жашында үйлөнгөн. 4 жыл болду, экинчисин төрөйүн деп калды. Адам чыдамкай болуш керек. Турмуш оңой эмес. Мен буларды жамандаган жокмун. Мисал келтирдим
26.07.2018. 20:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жолдошу жакшы эле баладай көрүнөт экен. Жарашып алгыла балаңар бар экен! Жашсын баары бир турмуш курушуң керек,ал эми экинчи турмуш аябай кыйын...кызың эртең эле эч жерге батпай калат. Ар бир бала өз ата энеси менен болгону жакшы. Турмуштун ысык суугуна чыдаш керек!
27.07.2018. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Куйоосу керсейген,мен сулуумун дегендей корунот.Мажит да куйоо баласын бир да жолу мактаган жок...
29.07.2018. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
чыгармачылыгыгды тышта деди дейт го эмне болгон чыгармачылыгы бар эле?))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо