Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Баңгизатын өстүрүп сатканга шектелип 30 жаштагы жаран кармалды. АЛ “КАРДАРЛАРЫМ МУЗЫКАНТТАР МЕНЕН ШОУМЕНДЕР БОЛЧУ” ДЕЙТ

№821 27-июль -2-август, 2018-ж.

Бишкек шаарынын тургуну өз үйүндө кара куурай өстүрүп, андан баңгизаттарын жасап сатып жүргөн деп шектелип кармалды. Ал жаран товарын белгилүү адамдарга сатып жүргөм дейт.

“УКТООЧУ БӨЛМӨСҮН БАҢГИЗАТ ЖАСООЧУ ЛАБОРАТОРИЯ КЫЛЫП АЛГАН”
Амалкөй “ишкер” тууралуу ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын басма сөз кызматкери Жанна Сатарбаева төмөнкүлөрдү айтып берди:

– 25-30 жаштардагы Вадим Ш. аттуу Бишкек шаарынын тургуну өз үйүндө кара куурай өстүрүп, андан баңгизаттарын жасап, сатып жүргөн. Кара куурай Вадимдин уктоочу бөлмөсүндө тиешелүү аба температурасында, атайын лампалардын жарыгында өскөн. Ал кара куурайлардын өсүүсүнө жакшы шарт түзүп, кылдат мамиле жасаган жана алардын өсүүсүн дептерге жазып белгилеп турган. Табылган каражаттар Вадимдин баңгизатын өстүрүп гана тим болбостон, жасап саткандыгынан да кабар берет. Узак убакыттан бери бул “ишкердикти” өздөштүрүп алган Вадим тууралуу өткөн жумада ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгына анонимдүү билдирүү түшкөн. Ушул жылдын 19-июль күнү ал жарандын үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, уктоочу бөлмөсүндө аталган баңгизатын жасоочу лаборатория табылды. Ошондой эле 31 килограмм 757 грамм салмактагы жашыл түстөгү өзгөчө жыты бар өсүмдүк, 25 түп кара куурай, лабораториясынан дубалга орнотулган вентилятор, түтүкчөлөр, энергияны турукташтырган электрощётка, түрдүү лампалар, баңги каражатын колдонууга арналган буюмдар, электрондук колдонмолор жана ноутбук, таразалар табылган. Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 247-беренеси (сатып өткөрүү максатында баңгилик каражаттарды же психиканы бузуучу заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү же сатуу) жана 250-беренеси (баңгизаттарды камтыган өсүмдүктөрдү себүү жана өстүрүү) беренелери менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары 1988-жылы туулган Вадим Ш. аттуу Бишкек шаарынын тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

“ИНТЕРНЕТ АРКЫЛУУ САТЫП ЖҮРГӨН”

– Тергөөдө кылмышка шектүү өсүмдүктөрдүн уруктарын интернет аркылуу Голландиядан сатып ала тургандыгын жана өзү даярдаган баңгизаттарын интернет аркылуу сатып келгенин айтып көрсөтмө берди. Сатып алуучулардын арасында белгилүү шоумендер жана музыканттар да болгонун айтып жатат. Анын айткандарынын канчалык чындыгы бар экендиги тергөөдө билинмекчи.

Ал 2017-жылдын сентябрында интернет-дүкөн ачып, өзүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн ошол сайтынан уланткан. Төлөмдү электрондук капчыктар аркылуу ишке ашырып келген. Кардар сатып ала турган баңгизаты үчүн интернет капчык аркылуу төлөгөндөн кийин Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун ар кайсы бөлүктөрүндө бекитилген баңгизаттардын дарегин берип келишкен. ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгы Telegram жана VIPole мессенджерлери аркылуу баңгизаттарды саткан жолдорго бөгөт коюшту. Тергөө жүрүп жатат.


Перизат Музуратбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(8)
31.07.2018. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кызыыыкк,,,шоу дуйносундо кимдер алып журчу экен эээ???
31.07.2018. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
тооба бул кишини коргондор молдоке деп ойлошот
01.08.2018. 20:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
asal,
Молдоке эмес ЕВРЕЙ экенбиз корунде турбайбы.
31.07.2018. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Душманды алыстан издебе дегендей бул байкушту да бироо саткан экен дааааа....
31.07.2018. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
barakcha,чындыгында эле ото "байкуш" экен е? Эстеген сайын козго жаш келет го! Сарказм
(Сатып кеткен эмес, жамандык кылууга богот койгон болуп айтылат)
31.07.2018. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Азыр эч кимге ишенбеш керек. "Укпайт деп ушак айтпа, керек болсо дубалдын дагы кулагы бар, сырынды досуна айтпа, досундун дагы досу бар" деп бекер айтылбайт да. Албетте душман алыстан эмес, озунун тегерегинде эле журушот да.
01.08.2018. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Сатып койгондой бироо,биздин ырчылар га неправильный наркотик сатканго результат жок.Статистикада дуйнолук хит ырлар,эн кыйын аранжировкалар ,музыкалар поднаркотой жаралат экен.Майкл Жексон,Снуп Дог,Боб Марли,Уитни Хьюстон,Уайнхаус,Пресли, Мадонна булар шоу бизнестин наркомандары.Ошол эле учурда дуйнонун алдынкы мега ырчылары. Копчулугу передозировкадан коз жумган.
02.08.2018. 23:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошондой шарт калыптыр момо жемиш остурбойт белен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо