Ишен Назаров, ырчы: "АПАМДЫ ЭСТЕП УНААМДА ӨПКӨМ-ӨПКӨМӨ БАТПАЙ ЫЙЛАДЫМ"

№821 27-июль -2-август, 2018-ж.

КААРМАН ТУУРАЛУУ

Туулган жери – Жалал-Абад облусу, Аксы району, Кара-Суу айылы

Туулган күнү – 1989-жыл, 17-май

Билими – Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин студенти

Үй-бүлөлүк абалы – Үй-бүлөлүү, бир кыздын атасы

Ааламды нурга бөлөйсүң

Ак көйнөк кийсең көйкөлүп.

Ааламда бир да аялзат

Ажарлуу эмес сенчелик.

Каарманымды элге тааныштырып отурбай эле, ушул төрт сап ырды жазууну туура көрдүм. Акыркы жылдын хит ыры болгон “Апакем” ырын аткарып көптөрдү ыйлаткан ырчы Ишен Назаров маек төрүбүздө.

– Ишен, сөз башында бактыңды ачкан “Апакем” ырына кантип туш болуп калдың, ошону сурайын.

– Бул ырдын сөзү төкмө акын Баян Акматовдуку, обону Кубаныч Алиевдики. Ырдын чыкканына 5-6 жылдай болгон. Тар чөйрөдө обончу өзү кээде ырдап калчу. Мен угуп жүрдүм, аябай жакчу. Бир жолу Энелер күнүнө карата бир кечеге бара турган болуп сөзүн кагазга эле жаздырып алып аккордеон менен өзүм ырдап чыктым. Бул ырга мурун башка ырчылар да “жуучу” түшүп сурап жүрүшкөн экен, насип болуп мен аткарып калдым. Даяр болгуча деле бир топ убакыт болуп кетти. Аранжировкасын жаздырып, үн түшүргөнү оор болду. Ырдын мүнөзүн таппай 3-4 жолу ырдап көрдүм, көңүлүмө жакпай калат. Ошентип бир жыл өтүп кетти. Буга чейин деле ырдап, ыр жаздырып жүрчүмүн, бирок алар көп көңүлгө илинген эмес. Ырды жаздырып жатканда эле “ушул ыр сенин атыңды чыгарат” деп айтып жатышкан, өзүмдө да ишеним бар болчу.

– Тез алынып кетиши, балким, бул ырдын коштоосунда WhatsApp`ка тарап кеткен эне менен уулдун видеосу да салым кошту көрүнөт...

– Ал дагы себепкер болду. Ырды жазып, клип тарттырып бүткөндөн кийин бир аз убакыт өткөн. Радиолордон кетип жаткан. Анан тойго чакырып калышты. “Жалгыз баланын үйлөнүү тою, апасына ыраазычылык билдирейин деген эле” деп баланын эжелери чалып калышты. Чын жүрөктөн суранып жатканынан бекер эле ырдап берем деп макул болдум. Ошол учурда башка тойго чакырык алгам. Эмнегедир ал тойду токтотуп коюп бул чакырыкты кабыл алдым. Бул ырды тойго биринчи жолу ырдап чыгышым эле. Сүрдөп, “башканы эле ырдатсаңыздар болбойбу?” дегенге чейин бардым. Болбой коюшуп, кезегим келип ырдап баштадым. Баштаганда эле эл ыйлап баштаганын көрдүм. Келип эле агаларыма айттым “эл жакшы кабыл алды, ыйлашты” деп. Ошол видеону алып өзүм да жашып кеттим. Анан жайылып кетти. Ал уул менен эненин ортосунда чоң нерсе барбы билбейм, айтор, сурай алган жокмун. Жигитке деле баа бердим, эркектен ичип алганда эле мындай жаш чыкпаса, адатта жаш чыкпайт го.

– Апаңа бул ырды ырдап бердиң беле?

– Апама бул ырды ыр жаздырардан мурун деле аябай көп жолу ырдап бергем. Бирок негедир тике карап ырдап берген эмесмин. Апам анда “ий, жакшы экен” деп койгон. Апам бирок видеосун көргөндө ыйлады. Үндү түшүрүп жатканда “апаңды сагынганыңды элестетип ырда” дешет. Менин оюм болсо апамды ойлоп келе жатып эле “ыр кандай чыгат?” деп ойлонуп кетип берилип ырдай албай койгом. 2 ай мурун дагы бир тойго чакыруу алып, даярданып алайын деп унаамда ырды коюп алып ырдап бара жаткам. Анан апамды аябай сагынып кеттим окшойт. Унаа айдап баратып эле көзүмө жаш айланып кетти. Ырдап баратам, апамды элестетип өпкөм-өпкөмө батпай ыйлап баратам. Такыр токтоно албайм десеңиз. "Аттиң, студияда ыр түшүрүп жатканда ошондой мүмкүнчүлүк түзүлсө мындан да сонун болмок экен" деп өкүндүм. Тамагым катып калды, бирок укмуш жеңилдедим. Машинаны токтотуп, апама чалдым. Билдирбей эле коёюн дегем. Апалар баарын билип коёт эмеспи, “үнүң кантет, тынччылыкпы? Ыйладыңбы?” десе эле кайра ыйлап кирсем болобу?

– Ишендин бул ырга чейинки ырчылык жолу кандай болгон?

– Ишендин ырчылык жолу буга чейин анчалык эмес эле (күлүп). Атам, апам чыгармачылыкка жакын, музыканы түшүнгөн адамдар. 8 бир туугандын жетинчисимин. Эркек балдар баарыбыз эле ырдайбыз. Атам Аксыдагы Жеңижок акындын музейинин мүдүрү. Мурун каралбай калган жерди өз күчү менен гүлдөтүп, бак-шак тигип, азыр жакшы кылып койгон. Балалык күндөрдө ошол музейге көп кызмат кылдык.

Апам болсо үйдө. Бүбүсара Бейшеналиева атындагы университетке жакындарымдын кеңеши менен келип тапшырып калгам. Ага чейин көп нерсе менен алек болдум. Борборго келип куруучу болдум, айылда жүрдүм, тар чөйрөдө ырдап жүрдүм. Ырчылардын көбү “кичинемден ырчы болорумду билчүмүн” деп айтышат го. Мен тескерисинче ырчы болорум түшүмө да кирген эмес. Кийин ырчылар менен аралашып калдым. Анан үмүт пайда болду, “менден да ырдай албагандар ырдап жатышат го” деп ойлоп, белсенип калдым.

– Адатта ырчылардын чыгармачылыкта колдогон эжекелери, байкелери болот эмеспи, сенде барбы?

– Шоу-бизнесте каражатың болуш керек экен. Же сенин товарыңдын баасын чыгарып саткан продюсериң болгону жакшы экен. Жардам берип жүргөн байке бар. Ал өзүн жарнамалаганды жаман көрөт, андыктан аты-жөнүн айтпай эле коёюн. Буюрса, эми ошол адамдын колундамын. Азыр жакшы чыгарма тандоонун ичиндебиз. Планканы түшүрбөй алып кетүү керек деп катуу даярданып изденип, талдап карап жатабыз.

– “Жеңил ыр ырдагым келбейт” деген экенсиң бир көрсөтүүдө. Сенин оюңча, жеңил деген ырлар кандай?

– Жеңил ыр диапазону кыска ырлар. Мага жаккан ырлар төмөнкү тон менен башталып кеңейип отуруп, анан бакырып ырдай турган ырлар. Ошол жарылып кете тургандай ырдай турган ырларды ырдаганымда кадимкидей жүрөгүм бошоп кумар алып калам. Жеңил ырлардын угармандары көбүрөөк, өзүм деле ошондой музыка угам. Бирок ырдаганга келгенде башкача тандайм.

– Канча музыкалык аспапта ойнойсуң?

– Кыйратам деп айта албайм. Комуз, аккордеон, фортепиано, гитарада ойнойм.

– Ырчылык жолунда эмне кыйын экен?

– Каражат, атыңды чыгаруу башка маселе, бирок атыңды ошол боюнча сактап калуу, менимче, эң кыйын нерсе окшойт.

– Жеке мамлекет кантип түзүлдү?

– Келинчегим экөөбүз университетте окуп жүрүп таанышканбыз. 5 жыл сүйлөштүк. Аты Наргиза, Нарындын кызы. Ортобузда Адеми аттуу кызыбыз бар.

– Жакында Алина Жетигенова менен дуэтиң чыкты, бул кимдин идеясы эле?

– Эже мени концертине чакырып калгандыктан таанышып, жакшы мамиледе болуп калганбыз.

– Асанкалый Керимбаевдин атактуу “Ак булуттарын” аккордеон менен ырдап жатканыңды көрдүм. Ошол ырды сага жакшы жарашмак деп ойлоп койдум...

– Сиз 5-6 жыл мурунку видеону көрсөңүз керек. Чындап келгенде, мен ал ырды ырдаганга духум жетпейт деп ойлойм. Ага аябай даярдык керек. Ал ырды авторуна жеткире ырдаш же андан ашыра ырдаш мен үчүн кыял... Билбейм, азырынча ойлонгон эмесмин.

– Кыялдарыңа жет!


Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(20)
31.07.2018. 09:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Бирок ыры аябай эле хит болдуго!Журоктон чыккан ыр журокко жетет дегени ушул да
31.07.2018. 09:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Соонун ыр укканда ыйлап алам
31.07.2018. 09:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ырды укан сайын ыйлайсынго жакшы ыр
31.07.2018. 10:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ырды укканда коз алдына апан элестетет.Азамат ырды жакшы ырдаган.Уккан сайын уккун келет.
31.07.2018. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Азамат ишине ийгилик
31.07.2018. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Укмуш сонун ыр, журоктун кылдарын чертип, коодонунду сергитет, энени кадырлоого ундогон сонун ыр, Ишен да жеткире аткарган, башка ырдаса окшобосо керек, анткени бир эки тойдо аккодеон менен ырдагандарын угуп,жон эле койушпаптыр да деп калдым. ХХХ ХХХ Ишен планканды тушурбой дайыма маанилуу-маныздуу ырларды ырдап жур. Чыгармачылык ийгилик.
Модератор admin_media түзөттү 2018-07-31 13:29:22
31.07.2018. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Asyl10,кимдир-бирөөнү мазактоого жол берилбейт. Билдирүү тузөтүлдү!
31.07.2018. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Абдан соонун ыр, ийгилик каалайм.
31.07.2018. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Уккум эле келе берет да ушу ырды
31.07.2018. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул эски ыр обонун жанылаптыр деп уктум эле Баян Акматовдуку экен да, анда эски ыр дегендер жанылыштыбы?)
31.07.2018. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Апамды Эстер ыйладым деген жерине жеткенде мен да кадимкидей ыйлап жибердим да бул эмнеси? Апамды коргонумо эки гана кун болду эле катуу сагынгамын го сыягы. Берген интервьюсу аябай жакты улуу муундун адамдарындай таасирдуу суйлойт экен. Азаматсын аракет кыла бер Алга.
31.07.2018. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ак булуттарды ырдап чыгууну ойлонушун керек экен, батыраак, сенин ырдай алаарына ишенсе болот
31.07.2018. 21:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
"Жонокойлук адамдын жылдызы" деген чында.Анча мынча жылдыздардын ырын деле билбейбиз.Бирок оздорун мега сезишет.Ишендин интервьюсу эн мыкты!
01.08.2018. 01:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Экообуз бир кундо туулган экенбиз 1989-
жыл 17-май
01.08.2018. 04:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Чыгармачылык ийгилик. Уйбулолук бакыт каалайм
01.08.2018. 05:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ырдоого аябай кылдаттык менен мамиле кылганы жакты.Кээ бирлер бар колго тушкон ырды ырдай берет,ыр болсо болду ырдай алабы,уну жетеби-жетпейби баарыбир.
01.08.2018. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Создун автору Баян Акматов экен да, билген эмес элем,Ал эмнеге Концертин ушул ырдын аты менен койуп алган десе.. Мыкты аткаргансын мен да видеосун коруп ыйлап алам го коргон сайын...
03.08.2018. 18:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азамат жигит экен. Жонокойлугунон жазба
04.08.2018. 23:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Каза болгон иниме арнап канчалаган ырлар жараткам,аттин жакшы ырдап чагатурган Адам болсо бермекмин.
05.08.2018. 22:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушул ырды кайдан тапсам болот билгендер айтып койгулачы.клиби менен болсо да соонун болмок
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо