ТАЙБОКСЧУ БЕКЖАН МАТЫСАЕВ КҮМҮШ БАЙГЕГЕ ТАТЫДЫ

№822 3 - 9-август, 2018-ж.

23-29-июль күндөрү Таиланддын Паттайя шаарында студенттер арасында тайбокс боюнча Дүйнөлүк чемпиондук болуп өттү. Матысаев мелдеште 67 килограммга чейинки чен бирдикте күч сынашты. Бекжан алгачкы беттешинде венгриялык Курд Истванды 30:27 эсебинде жеңип алды. Жарым финалда Словениянын намысын коргогон Сасо Воркапичти 2-раундда нокаут абалына келтирип, финалга кадам таштады.

Чечүүчү беттеште таиланддык Суксангуан Ситтисакка каршы чыкты. Биринчи раундду Матысаев 10:9 эсебинде жеңип алды. Экинчи раундда беш калыстын төртөө кыргыз мушкерге жеңишти ыйгарганы менен, башкы калыс чечимди өзгөртүп, жеңишти таиланддык спортчуга берип койду. Акыркы раундда 2-раунддагы кырдаал кайрадан кайталанып, негизги калыстын адилетсиздигинен улам Матысаев чемпиондуктан куру калды.

Дагы бир кыргыз спортчусу Арген Керимбеков бул мелдеште үчүнчү орунду ээлеп, коло байгеге ээ болду.

 

Кубан Жумамидинов

sport@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо