ЖАНТӨРӨ САТЫБАЛДИЕВДИН ҮЙ-МҮЛКҮ КАМАККА АЛЫНЫП, ИСАКОВ МЕНЕН АРТЫКБАЕВДИ КАМАКТА КАРМОО МӨӨНӨТҮ УЗАРТЫЛДЫ

№822 3 - 9-август, 2018-ж.

Экс-премьер, Бишкек ЖЭБин жаңылоо иши боюнча кылмышка шектелип кармалган Жантөрө Сатыбалдиевдин үй-мүлкү камакка алынды. УКМКнын маалыматы боюнча, Сатыбалдиевдин жакындарынын мүлкүнө да арест коюлду. Жарыяланган тизмеге таянсак, Жантөрө Сатыбалдиевдин өзүнүн наамына Бишкек шаарынын Бектенов көчөсүндөгү 1 үй, Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү 2 автоунаа, 1 Тойота Камри унаасы катталган. Ал эми уулу Жоомарт Сатыбалдиевге таандык Ош шаарындагы 1 дүкөн жана Тойота Камри үлгүсүндөгү 1 автоунаа бар. Экс-чиновниктин башка уулу Исламбек Сатыбалдиевдин атында Сокулук районунун Фрунзе айылындагы 9 жер тилкеси, Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районунда 1 үй, МАЗ үлгүсүндөгү 2 автоунаа бар. Ал эми дагы бир уулу Жантөрө уулу Кубат Лексус, Мерседес, Хонда үлгүсүндөгү 3 автоунаага ээлик кылат. Жантөрө Сатыбалдиевдин жубайы Канышай Смадиярованын наамында Бишкек шаарынын Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан өндүрүш мекемеси, ушул эле даректе жайгашкан 1 батир жана гараж бар. Мындан тышкары Лексус, БМВ жана Тойота үлгүсүндөгү 3 автоунаанын ээси. Бул өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеген чиновниктин өзүнүн жана жакындарынын мүлктөрү.

Бишкек ЖЭБин жаңылоо иши боюнча Сатыбалдиев менен бирге айыпталып жаткан мурдагы премьер Сапар Исаков жана мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевди камакта кармоо мөөнөтү дагы 2 айга узартылды. Биринчи Май райондук сотунун чечимине ылайык, Исаков 5-октябрга чейин, Артыкбаев 13-октябрга чейин УКМКнын тергөө абагында болушат.

 

Автандил Добулбеков
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо