№822 3 - 9-август, 2018-ж.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругу менен Акылбек Осмоналиев өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү болуп дайындалды. Ысык-Көлдү буга чейин жетектеп келген Узарбек Жылкыбаев жакында Ош облусунун башчысы болуп дайындалган. Акылбек Осмоналиев 1964-жылы Ош облусунун Ноокат районунда туулган. Жогорку билимдүү, адистиги боюнча зоотехник, юрист. Көп жыл мамлекеттик кызматтарда иштеген. 2012-жылдан 2016-жылга чейин Улуттук статистика комитетинин төрагасы, 2016-2017-жылдары жээнбековдук өкмөттө аппарат жетекчиси болуп эмгектенген. Ал эми 2017-жылдын 31-декабрынан бери президенттин жана өкмөттүн иш башкаруучусунун биринчи орун басары болуп иштеп келген. Президент Сооронбай Жээнбеков буга чейин "кадрларды ротациялоого мезгил келди" деп билдирген. Ысык-Көлдүн кулуну Узарбек Жылкыбаевдин Ош облусун жетектөөгө, ал эми Акылбек Осмоналиевдин Ысык-Көлдү башкарууга дайындалышы ошол иштин башталышы болду.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
Талкуу жабык.
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2026 © SUPER.KG |