Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

БИР ЖАРЫМ ЖЫЛ ИЧИНДЕ КЫРГЫЗСТАНДЫН АЙЫЛДАРЫНА 300дөн АШУУН АЙЫЛ ЧАРБА ТЕХНИКАЛАРЫ ЖЕТКИРИЛДИ

№822 3 - 9-август, 2018-ж.

2017-жылдын 1-январынан 2018-жылдын 30-июнуна чейин Кыргызстандын региондоруна жалпысынан 706 миллион сомдук 308 даана атайын жана айыл чарба техникалары: трактор, комбайн, үрөн сепкич машина, пресс-подборщик, автогрейдерлер жана зыянсыздандыруучу жабдуулар жеткирилип берилди.

Ысык-Көл жана Нарын облустарына 280 миллион сомго 129 техника сатылып алынса, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарына 222 миллион сомго 101 грант тапшырылган. Ал эми Талас жана Чүй облустарына 202 миллион сомго 72 даана техника жеткирилген.

Берилген жардам Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин алдындагы Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү (ОРСП) жана аткаруучу мекеме АРИС менен биргеликте ишке ашырып жаткан “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү – 1 жана 2”, “Жайыттарды жана мал чарбасын башкарууну жакшыртуу” долбоорлорунун алкагында жүргүзүлдү. Долбоорлорду иш жүзүнө ашырууну “Айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фонду” (ИФАД) жана Дүйнөлүк банк каржылоодо.

Гранттарды жайыт пайдалануучулар бирикмелери алышты. Долбоорлордун шарты боюнча, өздүк салым катары техниканын баасынын 25 пайызын жергиликтүү коомчулук камсыз кылышты. Бардык техника жайыт комитеттеринин ишмердүүлүгүн көзөмөлдөп турган айыл аймактарынын балансында болуп турмакчы. Ар бир жайыт пайдалануучу бирикме керек болгон техникаларды өздөрү аныкташкан. Эми айылдыктар техниканы кайсы себеп менен алса, ошого жараша пайдалана алышат.

Абдрайим Ашымбеков, Тоң районундагы Улахол жайыт пайдалануучу бирикмесинин өкүлү:

– Биз алган жүктөгүч унаа Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Улахол айыл аймагынын элин сүйүнтүп жатат. Салмагы 17 тонна, 15 жылга чейин кепилдиги бар,
4 миллион сомдон ашык акчага алынган унаа айылдын муктаж иштерин аткарып жатат. Келечекте жайытка кетчү жолдорду оңдоп, керектүү жумуштарды жасап, ал тургай дагы 5 айылга кызмат көрсөтөт. Мындай техника биздин айыл өкмөткө биринчилерден болуп алынып келинди.

Бактыбек Данкеев, Панфилов районунун Кенжебай жайыт комитетинин төрагасы:

– Суусамыр өрөөнүндөгү Арам-Суу жайлоосуна кетчү жолго Суусамыр жайыт комитети менен биргеликте жаңы көпүрө салып жатабыз. Көпүрөнүн узундугу 20 метр. Учурда 300 миң сом каражат сарпталды. Кеткен каражаттын 150 миң сому Фрунзе айыл өкмөтүнөн бөлүнүп берилсе, калганын Суусамыр өрөөнүндөгү малчылар өздөрү чогултушкан.

Бүгүнкү күндө жумуш кызуу жүрүп жатат, жакында көпүрөнү колдонууга беребиз. Жыл сайын малдын башы көбөйүп, жайыт жетишпей жатат. Көпүрө салынса Суусамыр жана Фрунзе жайыт комитетинин жайыт пайдалануучуларына, малчыларына абдан жакшы болот.

Бахтияр Юсупов, Кадамжай районунун Үч-Коргон жайыт комитетинин төрагасы:

– “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-2” долбоору аркылуу 9,5 миллион сом грант алып, анын 7,7 миллион сомуна автогрейдер сатып алдык. Калган акчаны жайыттардын инфраструктурасын жакшыртууга жумшайбыз.

Тахтек Мончо Кеш жайытында малдар суу ичүүчү жайлар катуу жаан менен селдин кесепетинен жараксыз абалга келген. Аны оңдоп-түзөө иштерин Үч-Коргон жайыт комитети колго алып, 126 миң сомго түзүлгөн сметанын негизинде бир топ жумуштар аткарылды.

Сүйүндүк Аширов, Талас районундагы Бекмолдо жайыт комитетинин төрагасы:

– Биз фронталдык жүктөгүч унаа алганбыз. Техника менен Тегерек-Саз жайлоосуна, Кызыл-Таш кыштоосуна кетчү көпүрөлөр, жолдор оңдолгон. Техниканы 3,7 миллион сомго алганбыз, анын 1 миллион сому айыл өкмөтүнүн салымы.

Эми кой кыркуучу агрегат жана жасалма жол аркылуу уруктандыруу үчүн бардык керектүү жабдыктар менен камсыз болобуз.

Магомед Хандышанов, Ысык-Ата районунун Ивановка жайыт комитетитин төрагасы:

– Абдан кубанып жатабыз. Анткени биринчи жолу экскаватор-бульдозерге ээ болдук. Бул техниканы көптөн бери күтүп жүргөнбүз. Мурда жумуштарыбызды техника жалдап жасатчу элек. Эми экскаватор-бульдозерду саздак жайыттарды калыбына келтирүүгө, чөп өсүп кеткен айрым жайыттарды тазалоого, көпүрөлөрдү салууга иштетебиз.

Техниканы алууга 2 миллион сомдон ашык каражат сарпталып, анын 1,8 миллион сому “Жайыттарды жана мал чарбасын башкарууну жакшыртуу” долбоорунун алкагында жардам катары берилди.

“Эки тизгин, бир чылбырды” кармаган айым Гүлжан Асанова Түп районунун Талды-Суу жайыт комитетинин төрайымы жумушуна, үй-бүлөсүнө дагы убакыт бөлөт. Ушундай бийик сапатты өзүнө сиңирип, айыл жергесинде күнүмдүк турмуштан сырткары элет жергесинде болуп жаткан маселелерди чечүүдө жөн гана салымын кошпостон, мырзаларга тийиштүү кызматты аркалап келе жатат. “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү” долбоору аркылуу техника алынып, көчмө кашарларды жасатышкан. Чабандар үчүн боз үй сатып алышып, айылдагы ветеринардык дарыканага капиталдык оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүштү. Ошондой эле 1 миллион сомдон ашык акчага жараксыз болуп калган купканы калыбына келтиришкен.

Ибрагим Жусуев


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(5)
07.08.2018. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Бакыт Торобаев алып келгенго. Мен депутат болсом бут олкону МТЗ тракторлор менен камсыздайым деген.
07.08.2018. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы жанылык, олконун ар бир чарбасында техника жетиштуу болсо эн соонун болмок, ал кун дагы келет деген ишеним бар
07.08.2018. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Төрөбаевиң алып келген эмес Автомаш деген ишкана алып келет
08.08.2018. 04:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Алып келдик деп эле мактанасынар биз бир да техниканы коргон жокпуз Сумбула айыл окмотундо бир айдан бери буудай арпаны ордура албай журобуз комбай жок мал тушуп уже жеп салды кудайым берген буудайды да
10.08.2018. 22:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кызматтык акысы асман болсо керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо