АЙСУЛУУ ТЫНЫБЕКОВА «YASAR DOGU» МЕЛДЕШИНДЕ КҮМҮШ МЕДАЛЬ ТАГЫНДЫ

№822 3 - 9-август, 2018-ж.

27-29-июль күндөрү Түркиянын Стамбул шаарында "Yasar Dogu" эл аралык мелдеши болуп өттү. Кыргыз балбаны Айсулуу Тыныбекова да бул мелдеште ийгилик жаратып, Кыргыз өлкөсүнүн байрагын желбиретүүгө жетишти.

Балбан кыз 62 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашты. Бул Айсулуу үчүн жаңы салмак категориясы. Алгач Тунистен келген спортчу Фатма Иноублини кыйынчылыксыз 11:0 эсебинде утуп алса, чейрек финалдык беттеште Тыныбекова германиялык балбан Луизу Неймехти 7:0 эсебинде жеңип алды. Жарым финалда азербайжандык Элмира Гамбалованы 4:2 эсебинде утуп, финалга жолдомо алды. Финалдык беттеште Тыныбекова болгариялык Тайбе Яссейн менен күч сынашмак. Бирок машыктыруучу Нурбек Изабековдун чечими менен Айсулуу килемге чыкпай, натыйжада күмүш медаль тагынды. Эске салсак, буга чейин Айсулуу Тыныбекова ушул жылы Кытайда өткөн мелдеште коло медаль жана Испанияда болгон эл аралык турнирде алтын байге тагынган.

Кубан Жумамидинов

sport@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(5)
07.08.2018. 09:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Айсулуушка азамат. Эми медалдан там саласынбы? Сен кызсын, жердешим турмушка чык, аялдык бакытты сез, балалуу бол ошол сага медал болот. Кыйынсын, бар бол. Ийгилик, сыйлайм.
08.08.2018. 00:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тренери эмнеге андай чечим чыгарды. Балким алтын медал алмак.
09.08.2018. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик
11.08.2018. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик.Эмне учун чыгарбай койду экен тренери?Же чын же женилип калат деп чочуп орун алып калсын деген ойдо чыгарбай койду бекен?Кантсе да азамат кыз.Рингде эле шерик таба бербей омурго да шерик изде эми
14.08.2018. 09:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Болгария атын чыгарыш учун чон акча сунуштаса керек да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо