ОЛИМПИАДАНЫН 2 ЖОЛКУ ЧЕМПИОНУ ЯПОНИЯЛЫК ДЗЮДОЧУ КЫРГЫЗ СПОРТЧУЛАРЫН МАШЫКТЫРАТ

№822 3 - 9-август, 2018-ж.

Масато Утисиба 2004-жылы Афиныда жана 2008-жылы Пекинде өткөн Олимпиада оюндарында чемпион аталган. Ал 2011-жылы «студент кызды зордуктады» деп шектелип камакка алынган. 2013-жылы сот Утисибанын күнөөсү далилденди деп, спортчуну 5 жылга эркинен ажыраткан. Бул окуядан кийин Япониянын дзюдо федерациясы анын мурунку эмгектерине карабастан өзүнүн курамынан четтетип салган.

Дал ошол Масато Утисиба Кыргыз өлкөсүндөгү дзюдо клубдарынын бирине машыктыруучу болуп дайындалды. Япониялык дзюдочу өз тажрыйбасы менен бөлүшүп, кыргыз дзюдочуларына 2020- жана 2024-жылы өтө турган Олимпиада оюндарында ийгиликтүү жыйынтык көрсөтүүгө жардам берет. Азыркы тапта Масато Утисиба Кыргыз өлкөсүнө келип, келишим боюнча август айында жумушун баштамакчы.


Кубан Жумамидинов
s
port@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(1)
07.08.2018. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмии бир жагынан ойлойсун,кыргызга келип келип ушул ХХХ туш келдиби деп,арга жок,балким япондордун да тактикасын уйронсок дзюдодон рейтинг жогорулаар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо