№823 10 - 16-август, 2018-ж.
Аламүдүн районундагы Кашка-Суу айылына ырчы Алтынай Нарбаеванын кошуна жайгашкан 2 дачасына конокко бардык. Ырчы дачаларды сатып алганда каралбаган, отоо чөп абалда болгонун айтат. «Мен сени сүйөм, өмүр» деген ырчы каралбаган дачаны өз колу менен гүлдөткөнүн көрүп чын эле жашоону, өмүрдү сүйөрүн билдик.

– Ар бир ташта, ар бир бакта, ар бир гүлдө колумдун издери бар. Жумуштун баарын мен кылдым дебейм, балдарым, жолдошум, туугандарым жардам беришет. Бирок аял киши болгондон кийин жумуштун көбү менин моюнумда. Бир жумушту кылып бүтсөм, экинчи жумуш мени качан кылат деп күтүп калат. Ар бир жумуш мен үчүн спорт. Балдарым «апабыз заңгырап ырдап жүрүп өтүп кетиптир» дешпесин деп ар бирине дача, үй, машина алып берүүгө аракет кылып жатам. Дачаны жерди жакшы көргөн адам алыш керек. Кудай Таалам берген ар бир чарчы метрди аздектегим келет.
Кашка-Сууда жүрөк ооруларын дарылоочу санаторий бар. Менде да жүрөк кемтиги бар экен, аны кийин билдим. Бул жердин абасы жүрөк ооруларына жакшы дешет, акыркы күндөрү оорумду деле сезбей калдым.
Сүйүн Кулматова
Адилет Бектуров
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
6
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2026 © SUPER.KG |