НУСРАТИЛЛА ИСМАТ УУЛУ, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жаран: «БУТУ ЖОК ДЕП УНААМА ТҮШПӨЙ КОЙГОНДОР БАР»

№823 10 - 16-август, 2018-ж.

Жалал-абаддык Нусратилла Исмат уулу 43 жашта. Айтымында, 20 жыл мурун дарыгердин кетирген катасы аны бутсуз калтырган. Турмуштун оор сыноосуна сынбаган Нусратилла мырза унаасын кол менен айдоого ыңгайлаштырып жасатып, учурда эл ташып иштеп, ак эмгеги менен нан таап, үй-бүлөсүн багып келет.

«ӨЗҮМӨ ЫЛАЙЫКТАП ШАРТ ТҮЗҮП АЛГАМ»

- Мен Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Ырыс айылынан болом. 1998-жылы бутумда ооруксунуу пайда болуп, Жалал-Абад шаардык ооруканасына кайрылгам. Дарыгерге көрүнгөндөн бир жумадан кийин, эки бутум тең иштебей калды. Анан борборго барууга туура келди. Бишкектен мени текшерген дарыгерлер бутумдун артерияларында кан коюуланып уюп калганын, бутумду кеспесе, жүрөккө чаап кетерин айтышты. Ошентип кайра Сузакка келип, райондук ооруканадан 2 бутумду кесишти. Көрсө, биринчи дарылагандар мага канды суюлтуучу эмес эле, коюуландыруучу дарыны сайып коюшкан экен. Алар кайсы диагноз коюшканын билбейм, бирок Бишкектен бул ооруну эндартериит деп аташты. Ошентип дарыгердин шалаакылыгынан ушинтип бутсуз калдым.

Ошол окуяга чейин бутум ооруган эмес. Бир жолу футбол ойноп жатып бутка сокку жегенимди билем, бирок ал анчалык олуттуу жараат эмес болчу. Бутумду кескенден кийин 15 жыл үйдө отурдум. Анан агаларым алдымдагы ушул унааны алып беришкенден кийин көчөгө чыгып, элге аралашып иштей баштадым. Бул Деу Тико үлгүсүндөгү унаамдын коробкасы автомат, газ менен тормоздун педалдарын усталар кол менен башкара турган кылып жасап беришти. Башында баарын кол менен башкаруу кыйын болчу, бирок бара-бара көнүп кеттим. Учурда Сузак – Жалал-Абад каттамында эл ташып иштеп жатам. Жумуштан барганымда балдарым же келинчегим дарбазаны ачат, мен унааны ичкериге айдап кирип, жанымда турган колясканы колум менен өзүмө тартып, отуруп алам. Ошондой эле үйдө жуунуучу жайды, даараткананы өзүмө ыңгайлаштырып куруп, ылайыктуу шарт түзүп алгам. Ал эми мечитке коляскам менен түз эле кирип барып, килемдин үстүнө түшүп калам. Ошондуктан мени дайыма бир адам жандап жүрүүнүн зарылчылыгы деле жок, өз алдымча кыймылдап жүрө берем.

«ЖОЛ КИРЕНИ ТӨЛӨБӨЙ КАЧЫП КЕТКЕНДЕР БОЛОТ»

- Эл деген ар кандай да. Такси жалдаган кардарлардын да түрдүү жоруктарына күбө болуп жүрөм. Айрымдар тиешелүү жерге жеткиргенден кийин менин артынан кууп бара албасымды билип туруп, акчасын «азыр алып чыгам» деген боюнча кетип калышат. Бир жолу кезектеги кардар аял келип, отуруу үчүн эшикти ачканда эле бутумдун жок экенин көрүп «бул унаада кетпейбиз» деп эшикти жаап, башка унаага түшүп кетти (күлүп). Мен мындай окуяларга терикпейм деле. Жакшылыкты да, жамандыкты да Жараткан көрүп турат да. Жакшы адамдар да бар. Мисалы, май куюучу жайларга барсам, ал жактын кызматкерлери май куйганга жардам кылышат, көчөдөн башка айдоочулар жол бошотуп беришсе, МАИ кызматкерлери болсо жөн эле коё берип коюшат.

«КААЛООСУН ТАПСА КАР ДА КҮЙӨТ»

- 1-топтогу майыпмын. Милдет кылып бирөөнүн моюнуна отуруп алгандан Кудай сактасын. Кайрымдуулук кылган уюмдарга же элге кайрылып жардам бергиле дегим келбейт. Кудайга шүгүр, үстүмдө үйүм, кашымда үй-бүлөм бар. Ден соолугум жакшы. 5 маал намаз окуп, таза жүрөм. Жубайым үй кожойкеси, 3 балам мектеп окуучулары. Кудай «сенден аракет – менден берекет» деп айтат экен. Ошондуктан 5 миң сомдук жөлөк пулдун көзүн карап отурбай, элден кем калбай бала-чака багайын деп тиричилик кылып жүрөм. 6 айда бир дарыланып тургандыктан, дары-дармек үчүн да башкаларды кыйнабай, каражатты өзүм иштеп табам. Курсагыбыз тоюп жатканына шүгүр. Каалоосун тапса кар да күйөт, ошондуктан алдыга умтулгандан тажабаш керек экен.

Алтынай Тынышова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  17 
Комментарийлер(11)
14.08.2018. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Аллах ыраазы болсун
14.08.2018. 10:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Ушу шалаакы врачтардын азабы оттуго!?
14.08.2018. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+27
Молодец экенсиз бутум жок деп ичип,чолокмун деп ар кимге арызданбай жургонунуз жакты. 12 мучосу бутун адамдар дагы намаз окуп мынтип тырышып тирилигин кылбагандар коп,Аллах омурунузду узун кылсын.
14.08.2018. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Аллахым сизге бекем ден соолук,узун өмүр берсин!
14.08.2018. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ошто да бир аке бар ал дагы такси кылат машинаны колу мн башкарат экоо окшош экен Аллахым узун омур берсин
15.08.2018. 01:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Кол менен кантип башкарганын суротко тартып койбопсунар
15.08.2018. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
nurda00, этика нормаларын сактоону сунуштайбыз. Билдирүү өчүрулдү!
15.08.2018. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Чынында азамат экен, канчалаган мумкунчулугу чектелген адамдарга дем -куч берчу мотиватор, ал эми алты саны аман туруп иштебеген бекерчилер уялса экен бул байкени коруп
15.08.2018. 22:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Аллах колдосун.
16.08.2018. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жараткан дем-күч берсин сизге! Балдарыңыздын сый-урматын көрүңүз!
16.08.2018. 23:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азаматсыз!! Көп жашаныз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо