Жеңишбек Хидиров, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жаран: «КОЛЯСКАМДЫ БАГАЖГА ЖҮКТӨП АЛЫП ИШТЕЙ БЕРЕМ»

№823 10 - 16-август, 2018-ж.

Нусратилла мырза менен 38 жаштагы Жеңишбек Хидировдун тагдыры окшош. Башкача айтканда, Хидиров да ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам. Ал да таксист, коляскасын унаасынын багажына жүктөп алып такси кызматын көрсөтөт.

«КЕРЕМЕТКЕ ИШЕНЕМ»

- Буга чейин кадимкидей эле басып жүрүп, басыгым оорлошо бергенинен 5 жыл мурда дарыгерлерге көрүнгөм. Алар менин организмимде кальций жетишпегенинен улам сөөктөрүм бошоп калганын айтышып, остеопороз деген диагноз коюшкан. Алгач таяк таянып бассам, кийинчерээк белимдеги грыжа кыйнап, денемди түз кармай албай бараттым. Ошентип тулку боюмду кармоо мүмкүнчүлүгүм чектелип майыптардын коляскасына отуруп калдым.

Дарыгерлер жамбашымда, омурткаларымда жарака бар экенин, кальцийдин өлчөмүн нормага салып, эки жамбаш сөөктү алмаштырыш керек экенин айтышты. Мындай операцияны бизде жасабайт, чет өлкөлөрдө баасы 5 миң АКШ доллары болот экен. Дартты берген Кудай шыпааны да берет. Бир күнү керемет болоруна ишенем. Азырынча кальций ичип жүрөм.

«ЫРЫСКЫМА ШҮГҮР КЫЛАМ»

- Бир үй-бүлөнүн кожоюну болгондон кийин ооруп жатам деп жатып алгандан пайда жок. Белим денемди кармабаса да, буттарым иштеп жаткандан кийин рулга отуруп көрөйүн дедим. Байкасам, ал деле ишке ашчудай экен. Анан 2-3 күн машыгып, өздөштүрүп, такси кызматын сунуштаган фирмага кирип алдым. Жумушка алгандар да, кардарлар да мени майып дебей, түшүнүү менен кабыл алышканына ыраазымын. Унаага түшүп-чыкканыма келинчегим жардам берет. Ал эми майыптарга арналган колясканы багажга жүктөп алам. Ишим жүрүп, кара казан кайнап жатат. Ырыскыма шүгүр кылам.

Эл ташыгандан тышкары мүмкүнчүлүгү чектелгендердин коомуна барып компьютер үйрөндүм. Маалы менен мечитке барам. Элге окшоп жерге жыгылып намаз окуй албасам да, коляска менен отуруп өз парзымды аткарам. Динде кыйынчылык жок, биз мүмкүнчүлүгү чектелгендерге колдон келгендей намаз окууга уруксат бар.

Ар бир адамдын алдыга койгон максаты болот эмеспи, ошол оюнан кайтпай, үмүт жана аракет менен жашаш керек экен.

Алтынай Тынышова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(5)
14.08.2018. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Адам баласы качан башыбызга кыйынчылык келгенде Аллахты эстеп мечитке барабыз, Аллах таалага мүшкүл келе электе ибадат кылса оору сыркоолору айланып өтүп кетет экен
14.08.2018. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Tyty1990,Каяктан билесин мунун мечитке эми барып атат деп ойлойсунбу?Бул сен тороло электе эле мечитке барат
14.08.2018. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
asdef,мен ушу адам эми барды деген жокмун акылдуум
14.08.2018. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Tyty1990,Мечитке барып намаз окуйм десе ошого айткандай болуп калыпсын,акылдуу болуп
15.08.2018. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
тезирээк сакайып кетиниз,
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо