№823 10 - 16-август, 2018-ж.
Амантур Мусаевдин үйүндө наристе үнү жаңырып, “ата” статусуна ээ болду. Алгачкы ирет наристе жытын жыттаган актёр мырза кубанычы менен тең бөлүштү: “Ата болуу өзүнчө бир чоң бакыт турбайбы. Сезимдеримди сөз менен айтып жеткирүү мүмкүн эмес. Кызыбыз 3 килограмм 115 грамм салмакта төрөлдү. Жубайым Миргүл экөөбүз кандай ысым койсок деп ата-энем, туугандарыбыз менен кеңешип жатабыз. Азырынча бир атка токтоло элекпиз”.
Актёрдун тун кызынын бешик боосу бек болуп, ден соолугу чың, өмүрлүү болушуна тилектешпиз!
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |