№823 10 - 16-август, 2018-ж.
Ырчы Курал Чокоев эс алуу менен бирге жеке жашоосунда да жаңылык жасаганга жетишти. Тагыраагы, Түркияда эс алуу учурунда сүйүктүүсүнүн колун сураган. Бул боюнча ырчынын өзү менен байланышканыбызда: “Жеке жашоомду көп жарыя кыла бербейм, ошентсе да кыскача маалымат бере кетейин. Сүйүктүү кызымдын аты Жанара, 27 жашта. Көлдүн сулуусу болот. Эс алып жүргөндө таанышканбыз. Мен аны бир көрүп эле сүйдүм. Аябай шайыр, тентек, эрке кыз. Дал ушул сапаттары менен мени арбап алды. Негизи өзүмдү ишенимдүү адам катары билчүмүн. Бирок сүйүктүүмдүн колун сурап жатканда абдан сүрдөп, толкундандым”,- дейт сүйүүгө мас болгон Курал мырза.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
...
Эштендеп кеттикго бир береке эле