ЖИЙДЕШ ИДИРИСОВА, ырчы: “КЫРГЫЗ-КОРЕЙ САЛТЫ МЕНЕН КЫЗЫБЫЗДЫН ТУШООСУН КЕСТИК”

№823 10 - 16-август, 2018-ж.

– Жийдеш, жакында Алматыда өткөн “Азия жылдыздары” фестивалына барып келдиңиз. Ошол сапарыңыз менен маекти баштасак.

– “Азия жылдыздары” фестивалына Өзбекстандан Севара Назархан, дүйнө жылдыздары Анастейша, Араш, орусиялык “Серебро” тобу келишти. Ошондой эле учурда өспүрүмдөр арасында популярдуу “Astro” деген k-pop тобу конок болду. Мен Кыргыз өлкөсүнүн атынан барып жаткандан кийин татыктуу чыгалы деп “Наринай” деген жаңы чыгармамды шоу-балеттин коштоосунда аткарып келдим.

– “Наринай” демекчи, эмне үчүн ырыңыз “Наринай” деп аталды? Атайын фестиваль үчүн жазылды беле?

– Мага ушул суроону көп беришет. Ырдын сөздөрүн кунт коюп укса ар кимдин оюна ар нерсе келет. Айрымдар Жийдеш Нарындан чыккан, ошого нарындык кыздарга арнап, уйкаштырып атаган дешет. Айрымдар Наринай кыздын ысымы деп ойлошот экен. Чынында ырдын аталышы жөн жерден эле коюлган.

– Кыргыз эстрадасынын азыркы абалына кандай баа бересиз?

– Өзүңүздөр деле көрүп жүрөсүздөр, укмуш таланттуу болбосо да, тынбай аракет кылган жигит-кыздар учурда популярдуу. Ал эми вокал жактан күчтүү ырчылар талантына катуу ишениппи, айтор, өздөрүн таштап коюп жатышат.

Эл ырчыларды “фонограмма менен ырдайсыңар” деп көп сындайт. Ал деле туура. Кээ бирлер чынында фонограммасыз ырдай алышпайт. Албетте, жандуу жакшы ырдагандар да бар. Бирок ырчыларга шарт түзүп, жакшы техникаларды алып келип беришсе эстрадабыздын деңгээли мындан ары да өсмөк.

Эч кимге сыр эмес, азыр ырчылар той аркылуу күнүмдүк жашоого акча таап калышты. Мурун күйөрмандары кумирин көрүш үчүн концертти күтүшсө, азыр тойго чакырып чогуу сүрөткө түшүп, оңой эле кол тамга алып калышпадыбы. Ушундан улам концерттер да азайды. Негизи жакшылап аракет кылсак эстраданын абалын мындан да жакшыртса болот.

– “Эдем алмасы” тасмасынын саундтреги аркылуу таанылган Жийдештин жашоосу, көз карашы азыр кандай болуп өзгөрдү?

– Ал кезден бери билинбей 13 жыл өтүп кетиптир. “Эдем алмасы” тасмасына саундтрек жаздырганыбызда улуу кызым Севара боюмда бар эле. Азыр ал 12 жашка чыгып, сиңдисине каралашат, менин колумду узартып жардамдашып келет. Өзүмдө көп деле өзгөрүү болгон жок, ошол эле Жийдешмин. Чыгармачылыгымда жакшы окуялар орун алды. Балалык кыялым орундалып, чоң сахнага чыктым. Эмгегибиздин үзүрү кайтып, “Turkvizyon” сынагынын жеңүүчүсү болдум. Үй-бүлөбүзгө дагы бир кызыбыз Адэль кошулду дегендей.

– Кызыңыз бирге чыгып, тушоо тоюн бериптирсиздер. Ырым-жырымдарга да ишенесизби?

– Адэлдин атасы корей улутунан болгон соң алардын салтын да кармандык. Корейлерде түшкү саат 12ге чейин баланын алдына төө буурчак, күрүчтүн унунан жасалган нан, жип, китеп, кайчы, акча сыяктуу көп буюмдарды коюшат. Арасынан бирин тандаса бала ошол багытты тандайт деген ишеним бар. Негедир биздин кызыбыз эч нерсени тандабай койду. Кайненемдин Түштүк Кореядагы эжеси алып келген алтын шакекти колуна салып койдук эле, ошого алаксып калды окшойт, буюмдарга көңүл бурган жок.

Ал эми кечинде ресторанда кыргызча тушоо той өткөрүп, кызыбыздын тушоосун ырымдап Адэль деген аяш атасына кестирдик.

– Айрым энелер келбетим бузулат деп эрте эле баласын эмизбей коюшат. Сиз анткен жоксузбу?

– Адэлдин туулган күнү 26-май. Жайында эмчектен чыгарганга болбойт дешет экен. Ошол да бир себеп болду. Биринчи кызым Севараны 1 жашка чыкканда эмчектен чыгарып коюп Казакстанга иштегени кеткен элем. Ал жакта абдан кыйналгам. Ошондогу жагымсыз сезимдер дагы деле жүрөгүмдө калган экен, Адэлди өзү чыкмайынча эмизе берем деп жатам.

– Кызыңызды атасынын көчүрмөсү деп көп айтышса керек?

– Ооба, баары атасынын эле өзү дешет. Бирок чоңойгон сайын Адэль менин бала кезимдеги сүрөттөрүмө аябай окшошуп баратат.

– Ушул кезге чейин күрөшүп, арыла албай жүргөн адатыңыз барбы?

– Абдан эмоционалдуумун. Мага жакпаган нерсе болсо дароо айтып салып, кийин өкүнүп калган учурлар болот. Канчалык аракет кылып өзүмдү башкарайын десем да ошонумду жеңе албай келем. Кудай да түгөйлөрдү билип кошот экен. Жолдошум Андрей абдан токтоо. Мен эмоциям ашып-ташып баратканда мага теңелбей, токтоолугу менен маселени чечип коёт.

– Маегиңизге рахмат! Ар дайым үлгүлүү үй-бүлө болуп жүрө бергиле!


"Мен абдан эмоционалдуумун. Жолдошум мага салыштырмалуу токтоо".
"Улуу кызым Севара сиңдисине тамак-ашын жасап берип, мага чоң жардам берет".

Гүлжамал Абылкасымова
Адилет Бектуров
star@super.kg


Ырчы Жийдеш Идирисова: "Кыргыз-корей салты менен кызыбыздын тушоосун кестик"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -2 
Комментарийлер(22)
14.08.2018. 09:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Алтын Камчиев кантет.Обу жок эле болуп баратабыз кыргызымдын жигиттери.
20.08.2018. 21:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sveta23,
Ысыкта шамал кирип турсун десе керекда.
14.08.2018. 09:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Суперчилер, улуу синдим дегенди кандай тушунсо болот?
14.08.2018. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Rolly,улуу кызым Севара дептир улуу Деген чон Деген мааниде да
14.08.2018. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Севара озбекче ат экенго
14.08.2018. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Корейлерге эле окшош экен айрыкча кичуусу
14.08.2018. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
"Адэль деген аяш атасына кестирдик"дейби?Адэль деген атты эркектерге да коюшабы?Биринчи угушум.
SUPER.KG видео
14.08.2018. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыскасы кыйын кыз экен куйосун ээрчип башка олкого кетпей озубуздун жерде тиргилик кылып атасыз. Ийгилик. Вроде уул торогунуз деле келбейт окшойт да
14.08.2018. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Улбу, кызбы кудай берет. Уул торогунус келбейт дейт тооба?
14.08.2018. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жигиттер балдарынын штанын кийип алгансыбай, жакшынакай эле шым кийип алса болот да.
14.08.2018. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Наринай эмне ошондо?
14.08.2018. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
surgeon777,ошода акыркы кезде тантыраган создор кобоюп баратат.
14.08.2018. 21:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
surgeon777,Каныкейдин носонте деген сыяктуу созу
15.08.2018. 00:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жийдештин куйоосу клиптеги бала болушу керек деп журчумун,улуу кызы 12ге чыкса да озу жаш корунот!
16.08.2018. 03:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Шортикчен тирик ким ха ха
16.08.2018. 03:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
шортиииик
16.08.2018. 09:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жаны соз го наринай же кайын журттан келдиби бул соз?
16.08.2018. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кытай, Карис, ж.б Жээндер кобойуп жатат кудай сактасын.
17.08.2018. 08:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Мен бул кыздын турмушу бар экенин билбейткенмин.Жолдошу корей болсо дини кандай болду экен???Каапыр адамга турмушка чыкса никесиз харам болотго.Куйоо баланы мусулман динге угутто ырынды кичине токтотуп.
SUPER.KG видео
17.08.2018. 23:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Демек, "наринайды" озу дагы тушунбойт.
18.08.2018. 06:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Кыргыз жигиттери турганда кореец, азери, турк, кытайларга тийип, ошолордун тукумун кобойткон кыргыз кыздарын жек коромун, бул биринчиси...

Экинчиси, ырчы десе эле эчкичесинен так секирип бийлеп, бакырып ырдаганын кантип айрымдар жактырып кумир тутат, эч тушунбоймун... Же дангыр-дун6ур эткендин баарын ыр деп тушунушобу алар?!!
20.08.2018. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул кыз озу кореянкага же дунган кыздарга окшош экен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо