ГҮЛЖИГИТ САТЫБЕКОВ, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: “ЭЛДЕН БАТА АЛЫП, ҮЙЛӨНҮҮ ТОЮМДУ ӨТКӨРӨМ ДЕП ЖҮРӨМ”

№823 10 - 16-август, 2018-ж.

Гүлжигит Сатыбеков “элге менин жеке жашоом эмес, чыгармачылыгым кызык болуш керек” деп эсептейт. А бирок гезитибиздин өткөн сандарында ырчы мырзанын мурунку менеджери Астра Исмаилова үй-бүлөсү бар деп айткандан бери социалдык тармактарда талкуу бүтпөй келет.

– Гүлжигит мырза, кандайсыз? Жыл сайын хит жаратчу элеңиз. Акыркы кезде талкуу жараткан ырларыңыз жаралбай калды да?

– Жакшы, рахмат. Азыр деле чыгармачылык менен алекпиз. Бирок той-мааракелер көп, жакшылыктарда кызматтабыз. Жаңы чыгармалар, адатка айлангандай, күзгү концертибизге даярдалып жатат.

– Жайында куудулдар менен концерт койдуңуздар. Келген эл нааразы болуп кетти деп уктук. Чын эле концертке даярдык начар беле?

– Жайкы концерт боюнча жеке оюмду айтайын. Уюштуруучулар бир аз шашып коюшту. Бул концерттин максаты да, өзөгү да башка болчу. Биз куудулдар ордосун түзөлү дегенбиз. Тилекке каршы, максатыбыз ишке ашпай калды. Даярдык жакшы эле, бирок сахнада баары тескери болду.

– Атактуу адамдар менен дос болууну каалагандар көп болот. Сиз менен да дос болууга ашыккандар көппү?

– Доско баймын. Досторуң да кас болор бир күнү, душманың да дос болор бир күнү. Кээ бирлери өмүр бою дос болуп калар. Аны убакыт көрсөтөт.

– “Эми мага баары бир” аттуу ырыңызды Алмаз Шаадаев ырдап жүрөт. Ырларыңызды сатасызбы же уруксат менен ырдашабы?

– Негизи ал чыгарманы казак ырчысы Ернар Айдар сурап аткарып чыкты эле. Ошондон таасир алды окшойт, Алмаз да сурады. Азыр билишимче, клип интернетте эң көп каралган кыргыз клиптеринин сап башында турат экен. Муну мен жетишкендик деп билем. Такыр ыр сатып көргөн эмесмин.

– Бир жолку маегиңизде бардык ырларыңызды радиолордон алдырып салам деп жаттыңыз эле...

– Кандай десем, негизи ырлардын ар жерден жаңырып турганы жакшы. Менин чыгармаларымды көбүнчө "биздин форматка жарабайт" деп алышпайт. Ошондон улам радиолорго кайрылбай калдым. Албетте, ал үчүн күйөрмандарымдан кечирим сурайм. Кээ бир радиолор ырларымды интернеттен алып жаңыртышат.

– Ырларыңыздын арасында өзүңүзгө эң жакыны кайсы?

– Мен чыгармаларымдын баарын өз балдарымдай жакшы көрөм. Кез-кезде “обондоруңуз окшош” дегендерди угуп калам. Ооба, бир атадан тараган бир туугандар окшош болушат. Бирок кыялдары ар башка. Ар бир чыгарма өз күйөрмандарын табат деп ойлойм. Ырларымдын баарын бирдей көрөм. Өзүм сүйбөсөм башка сүймөк беле (күлүп)?

– Жылдыздардын Инстаграмда хейтерлери көп болот. Негативдүү пикирлерди жазгандар эмнеден пайда болот деп ойлойсуз?

– Эл катары биз дагы жаңылыктарыбыз менен бөлүшүп туралы деп Инстаграмга катталганбыз. Мага да ар кандай пикирлер жазылат. Жакшысы бар, жагымсызы да бар дегендей. Кээ бир билдирүүдөн таасирленесиң, кээ биринен тарбия аласың. Капа кылгандары да жок эмес. Эми пендебиз да, Кудайдын ырыскысын бири-бирибизден кызгана беребиз. Ар бир адамдын өз ырыскысы бар деп айтар элем. Негатив эмнеден пайда болот? Менин оюмча, адамдын жан дүйнөсү кирдегенде, жүрөктөн ыйман качканда пайда болот. Жүрөгү, жан дүйнөсү таза инсан бирөөнү ушак кылып жамандабай, ар бир адамдын ийгилигине кубанат.

– Эң оор күндөрүм деп кайсы учурду айтасыз?

– Жашоомдогу эң оор күндөр деп жакын адамдарымды жоготкон учурларды билем. Бүгүн бар, эртең жок дегендей. Жашоонун мыйзамына баш ийгенге аргасызбыз. Мурун өткөн күндөргө жүрөгүм сыгылып стресс болгон учурлар болгон. Убакыт баарын дарылап ордуна коёт экен. Азыр баарына позитивдүү карагым келет.

– Атактуу бирөө “атым чыгып калгандан кийин статусумду кармайын деп айласыздан таксиге түштүм, кымбат баалуу кийиндим” деген эле. Сиз “эл эмне дейт?” деген түшүнүккө кандай карайсыз?

– Ооба, атактуулук ошол нерселерди талап кылат. Ыңгайсыз абалда калган учурлар болот. Көпчүлүктөн түрдүү нерсе күтсө болот экен. Учакты эсепке албаганда, коомдук транспортко түшпөгөнүмө көп болду. Мага эл менен аралашып сүйлөшкөн жагат. Эл эмне дейт? Бизде ушундай илдет бар. Кыргыздын канына сиңген. Бул нерсе максаттарга жолтоо болчу түшүнүк деп билем. Ар бир адамда өзгөчө касиет, керемет идеялар бар. Аларды “эл эмне дейт?” дебей ишке ашырууну көздөгөн адамда ийгилик көп болот деп ойлойм.

– Калп айткан учурларыңыз болобу? Чындыкты жашырып койгонуңузда ичиңизден бушайман болосузбу? Же өзүңүздү актаган шылтоолорду табасызбы?

– Калп айтпаганга аракет кылам. Чындык ачуу болот да убагында. Бирок жыйынтыгы ширин деп айтат элем. Калп айтсаң деле бир күнү чындыкты айтууга туура келет.

– Жеке жашооңузду сыр тутканыңыз менен, социалдык тармактарда Ысык-Көлгө күйөө бала болгонуңузду жазып жатышат. Жакында үйлөнүү той берем деп да жүрүптүрсүз...

– Үй-бүлөлүк жашоомду айткым келбейт. Элди жеке жашоомо караганда чыгармаларым кызыктырса дейм. Ошол себептен күйөрмандарым менен чыгармачылык жаңылыктарымды көбүрөөк бөлүшкүм келет.

Той боюнча, эл катары жакшы ойлорум бар. Насип болгон күнү элимден бата алып, өткөрөм деп ниет кылып жүрөм.

– Рахмат маегиңизге!

"Ырчы мырзанын атасы Салык кызматында эмгектенсе, апасы агартуу жаатында көп жылдан бери иштеп келет".

Гүлжамал Абылкасымова
star@super.kg


Гүлжигит Сатыбеков: "Ырларымды радиолорго бербей калгам"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(26)
14.08.2018. 09:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Жашырсанызда эмне дейт элек бактылуу гана болунуздар
14.08.2018. 09:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
2 кызы бар деп чыкты эле го мурунку санында.Жыммм го жигиттин гүлү.
14.08.2018. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Созду орду менен суйлогон, соз байлыгы кенен, мактанбаган адам экени билинип турат. Алга, Гулжигит ака. Радиолорго кандай форматта ыр керек экен. Мунун ырлары жакшы го, уккулуктуу. Копчулуктун табитине туура келет го дейм...
14.08.2018. 10:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-24
Бул деле куйгузду. ХХХ ырчы го бирок итин чоп жеп калса окуйсунбу,жокпу интелегентсинби,башкасынбы?эчкимге повод бербей каласын. Уже бул куйормандарды топтоп койду кантсе да ийгилик. Скромный бп эле журо бериниз уй булолуу болгонго эмне жетсин.бизге жакшы чыгармадарды тартуулап журо бериниз. Бирок муруункуга караганда кыйла бой которуп керсейип кеттиниз. Айбийкени ырдап гүлчого келгенинизде тагам мн укмуш дос элениз аябай жоп жонокой капкара жигит элениз. Кийген чокоюбузду эстей журолу
Модератор admin_media түзөттү 2018-08-14 12:09:22
14.08.2018. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Benazir08,Мынча күйүккөнсүң,же сени албай
койду беле?
Билимдүүлөр эмнени кыйратып жатыптыр.
Гүлжигиттей болуп алгылачы биринчи!!!
Тема боюнча:
Биз сиз менен сыймыктанабыз!!! Алга Гүлжигит.
madina.87 түзөттү 2018-08-14 11:39:13
14.08.2018. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Benazir08, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген билдирүү калтырууга тыюу салынган.
17.08.2018. 09:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Benazir08, Бироону сындаардан мурда бир кузгуго карап алчы. Озун бугунку кунг чейин бул жашоодо эмнени кыйраттын?
14.08.2018. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Жакшы кыласыз жашырып,ар минутасын жарнамалап бактылуу болумуш болгондорду коруп эле атпайбызбы.
14.08.2018. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Гулжигит байкенин чыгармачылыгын сыйлайм.Уй булолук бакыт каалайм.

Чынында эле ар бир ырчы жеке жашоосун ишине аралаштырбаса баары эле бактылуу жашамак деп ойлойм.Кеп создон алысыраак болушатда.
14.08.2018. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Дайым бир калыпта журот. Созду да орду менен суйлойт. А талантына чек жок. Бактылуу бол!
14.08.2018. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Сонун интервью болуптур го.Жеке жашоосу боюнча берген суроолорого сонун жооп бериптир. Чын эле чыгармачылыгынызды сындашса, жеке жашоонузду сындабай ...А сиз менин жакшы коргон ырчымсыз!
SUPER.KG видео
14.08.2018. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Радиолордогу жаш ырчылардын ырларына караганда жүз эсе уккулуктуу!!! Бар болуңуз Гүлжигит Сатыбеков!!!
14.08.2018. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баштапкы берген интервьюлары шумдук эле талкууланчы ызы-чуу менен. Сабак алып,салмактуу суйлоп, абайлап калыптыр. Кыз алмакчымын, жубанга уйлонбойм дебей...
Коч бара бара тузолот деген ушу.))
14.08.2018. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы маек болуптур
14.08.2018. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
биздин ХХХ уй було темасы жалаяктай жайылып жатат
у бул жигит бир соз мн жообун жааптыр
Модератор admin_media түзөттү 2018-08-14 15:51:40
14.08.2018. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ырларынызды радиодогулар кабыл албаса ,эл дисктен деле угуп алат .Байкашымча КРдагы автомобилдердин 30-40ында сиздин ырларыныз жанырат .Концертиниз аншлаг мн отуп атканынан эле байкасак болот.Алмаз Шаадаев да сонун аткарган ырынызды.
14.08.2018. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жеке жашоону элгг жарыя кылбай эле койгон жакшы, болбосо балан бироого окшоп калат.
14.08.2018. 17:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бишкек-Ош жолунда Гулжигиттин ырларын угуп кеткен сонун го. Бардык теманы камтыган, улуу - кичууго жагымдуу, тарбиялык мааниси терен ырлар.
SUPER.KG видео
14.08.2018. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бекерден 1000$дейтко,бекер барбай калдынарго! 1000$болушу мумкун бирок бекер эместа.
15.08.2018. 00:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Токтолуптур!
15.08.2018. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жигаримдин тоюнда деген ушул беле?)))
15.08.2018. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Адамдар кызык, уй булоосун айтпаса эмне жашырат дейбиз? Айтса айтпай деле койсо болот не керек личный жашоосун рекламалап дейбиз эх)
27.08.2018. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
raykray,точно эйй)
17.08.2018. 01:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
raykray.менда ушул сөздү айтайын деп жаткам
SUPER.KG видео
18.08.2018. 11:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аке, биздин сыймыгыбызсыз!!! Уй-булосун айткыдай 25теги жигит беле..Европанын шоу- бизнесинен таасир алып жашап, жанысын таап, ажырашып элге " БУМ " болуп озуно жакшылык арттырбагандарды коруп эле журбойбузбу?! Кызарган кызыл корсонор аягына чейин из кубардай тушуп аласынар. Алдынкы кундору татынай женебизди, таптаттуу кыздарын коробуз!!!
SUPER.KG видео
18.08.2018. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыгармачылык ийгилик каалайм, ырдаганын абдан жагат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо